Ислам Кызматташтык Уюму шашылыш жыйын өткөрдү!

2370
0

Ислам Кызматташтык Уюму шашылыш жыйын өткөрдү!

Швециянын борбору Стокгольмдо Куръани Карим өрттөлгөнүнө байланыштуу Ислам Кызматташтык Уюму шашылыш түрдө жыйын өткөрдү. Уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Саудиянын талабы менен өткөн жыйындын соңунда жыйынтыктоочу билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө Стокгольмдо Куръандын акааратталышы кескин караланып, Швеция расмийлери буга уруксат бергени кайгыруу менен тилге алынып,  мындай провокациялык аракеттер кайра кайталанбашы үчүн “зарыл болгон чараларлы көрүүгө” чакырылды. О.э. билдирүүдө Исламий символдорго каршы аракеттер жүрүп жаткан мамлекеттердеги бейөкмөт уюмдардан да мындай абалдарга каршы мыйзамдуу чараларды көрүү талап кылынды.

Комментарий: Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Куръандын кордолушуна каршы «шашылыш түрдө» жыйын өткөргөнүн билдирип жатышканы менен, бирок алар – адаттагыдай эле – мойнуна жүктөлгөн милдетти аткарышты. Мындай учурда алардын милдети – катуу сындап, каралоо, нааразылык билдирүү, андан соң топтолуп сүрөткө түшүп тарап кетүү.

Эгер Куръан кордолушуна каршы чара көрүлүшү керек болсо, алгач ишти мына ушул Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилеринен башташ керек. Себеби, турмуштук иштер үчүн негизги программа болгон Куръандын өкүмдөрүн бир четке сүрүп коюп, анын ордуна Батыштан алынган мыйзамдарды аткаруу аркылуу Куръанды кордоп жаткандар мына ушулар. Негизи, Куръан жана Расулуллах дын сүннөтү саясий, экономикалык, социалдык жана таалим-тарбия сыяктуу турмуштун бардык тармактарындагы мыйзамдардын жападан-жалгыз булагы болуп эсептелет. Ушундай болгон соң, бул акимдердин Куръан өкүмдөрү турмушта колдонулушуна каршы турушу, аны өрттөгөндөн да оорураак кылмыш болуп эсептелет.

Ооба, Куръандын өкүмдөрүн турмуштан алыстатып, аны кыраат кылууга гана чектеп коюу о.э. аны конституция жана мыйзам катары турмушка кайтаруу үчүн аракет кылып жаткандарды террорчулукта айыптап, куугунтуктоонун өзү Куръанды акаарат кылууга барабар. Эгер бирер адам аларды бул маселеде тергеп-тескей турган, анын өмүрү камакта өтүп кетет, же өлтүрүлөт. Учурда Ислам кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан Саудия мамлекетинде канчалаган кайраттуу аалымдар кудум ушул маселе боюнча өмүрүн камакта өткөрүп жатат. Алардын айыбы болгону, Саудия өкмөтү жүргүзүп жаткан саясат Куръани Каримге  жана Расулуллах дын сүннөтүнө бүтүндөй тескери экендигин айтып, мамлекет башчыларын Куръанга баш ийүүгө чакыргандыгы.

Тыянактап айтканда, Ислам өлкөлөрүндөгү кыргындарга жана Исламдын акааратталышына каршы таасирсиз каралоолор менен белгилүү болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун Исламий баалуулуктарды коргошуна жол болсун! Бул жана ушул сыяктуу Ислам тонун жамынган башка уюмдардын Ислам жана мусулмандарга каршы уюштурулуп жаткан провокацияларга кыпындай да таасири жок. Мындай уюмдар мусулмандарга карата ишке ашырылып жаткан зулумдарга каршы тим эле бир нерсе кылып жаткандай болуп көрүнүү менен Ислам Үммөтүн “уктатууга” аракет кылышат.

Буга чейин да айтып келгенибиздей, Ислам жана мусулмандардын азиздигин кайрадан тикелей турган жападан-жалгыз күч – бул Халифалык мамлекети. Анткени, Халифалык мамлекети аркылуу гана Аллах Таала кафирлердин момундар үстүнөн өкүмдарлык кылышына жол бербейт. Демек, бүгүнкү күндө мусулмандар – ар кандай иштен мурда – биринчи кезекте мына ошол Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылышы керек.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here