Германия жана улуттук коопсуздук стратегиясы

2450
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Германия жана Улуттук коопсуздук стратегиясы

Суроо:

Германия өкмөтү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алгачкы жолу Улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялады. Бул стратегия Германиянын түрдүү мекемелеринде бир жылдан ашык убакыттан бери талкууланып, акыры 2023-жылдын 14-июнунда жарыяланды. Аталган стратегия Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин Германияга киргизилген чектөөнүн аякташын түшүндүрөбү? Бул стратегиянын кабыл алынышынын артынан Европада жана эл аралык саясатта Германиядан эмнелер күтүлөт?

Жооб:

Германия Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин төрткө бөлүнүп, ар бир бөлүгү жеңип чыккан ири мамлекеттерге (АКШ, СССР, Англия, Франция) бөлүштүрүлдү. Андан кийин үч Батыш өлкөсү биригип Батыш Германияны, Орусия Чыгыш Германияны түптөдү. Ошентип, Германиянын батыш бөлүгү Америкага, чыгыш бөлүгү СССРге көз каранды мамлекет катары иш алып барды. Чыгыш Германиянын батыш тарабында СССРдин, Батыш Германиянын чыгыш тарабында Американын аскерий базасы жайгаштырылып, ишке салынды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки абал ушундай эле… Бирок, бул абал аста-секин өзгөрдү:

  1. Айрым расмий маселелерди эске албаганда, эки Германия тең өз лагериндеги лидеринен көз карандысыз саясат жүргүзгөн эмес. Советтер Союзу алсырап, 1990-жылы эки Германиянын биригүүсүн кабыл алганга чейин, тагыраагы, Москва Батыштын пайдасына Чыгыш Германиядан баш тартканга чейин абал ушундай болгон. 1992-жылы Европа Биримдиги Америкага каршы “Маастрихт” келишимин түзүштү жана 1991-жылы СССР таркап, Орусия ички көйгөйлөрү менен алек болуп калды. Ушундан кийин Германиянын Европадагы эң күчтүү экономикага айланышына мүмкүнчүлүк ачылды. Немистер эл аралык абалдын өзгөргөнүн көрдү жана экономикалык багытты Германиянын көз карандысыздыгынын негизги тиреги катары аныктап алды. Мындан улам, коргонуу саясатын минималдуу көрсөткүчтө алып барды. Муну менен Германия Англия жана Франция сыяктуу Европа күчтөрүн жана Орусия, АКШ сыяктуу эл аралык күчтөрдү провакация кылбоону көздөдү. Экономикалык жактан Европа күчтөрү менен атаандаша турган күчкө айланды.
  2. Өнөр жай жана экономикалык ийгилиги, Орусия менен соода алакасын кеңейтүүсү Германияны Европада экономикалык лидерге айлантты. 2010-жылы Грекия кризисинде болгондой, Германиянын бул лидерлиги Европага таңууланган учурлар да болду. Жалпысынан Европанын тышкы саясатында Германиясыз маанилүү экономикалык маселеге кол коюу мүмкүн болбой калды. Бул өзгөчө Франция үчүн жагымсыз болду. Ошентсе да Франция немис армиясынын алсыздыгы себептүү эки өлкө атаандаштык алкагында бара жатат деген түшүнүктө калды. Бул учурда Германия коопсуздук маселеси жөнүндөгү көз карашы тууралуу “Ак Китептерди” жарыялаган. Анын алгачкысы 1969-жылы, акыркысы 2016-жылы чыккан. Анда коопсуздук тууралуу, терроризмге каршы күрөшкө Бириккен Улуттар Уюму аркылуу катышуу каалоосу айтылды. Орусия 2014-жылы Крымды Украинадан тартып алганда Германия бул баскынчылыкка катуу каршы туруп, Батыштын Орусияга салган санкцияларына кошулду. Бирок, Германиянын Орусия менен болгон соода кызыкчылыктары Орусияга каршы кандайдыр бир иштерди жасоосуна тоскоолдук кылды. Орусиянын Крымды басып алышы Европанын коопсуздук балансын бузса да, Германиянын Минск келишимине катышуусу немистерге Орусия коркунучун басаңдатууга үмүт берди. Немистер Орусиянын Украин өкмөтүнө каршы тутанткан согушу, орус жикчилдерин колдоосу Донбасс менен Крым чек араларында токтойт деп үмүттөнүштү.
  3. Бирок, Орусиянын 2022-жылы Украинага бастырып кирүүсү АКШ түзгөн эл аралык коопсуздуктун негизине жарака түшүрдү. АКШ Европа жана эл аралык күчтөрдү Орусияга карата айтып келген бул айыптоолорго ынандырды. Бул, өз кезегинде ансыз да күчтүү экономикасы бар Германия үчүн аскерий негизди түзүүсүнө алтын мүмкүнчүлүк берди. Себеби, Америка Кытайдын таасирин токтотууга даяр болуу үчүн Европанын Орусияга каршы туруусун каалады. Натыйжада, Германия анын аскерий державага айлануусуна эл аралык майдан ачылганын көрдү. Германия Орусия менен соода алакасын үзүп, коопсуздукту коргоо жана армияны колдоп, өнүктүрүү үчүн 100 млрд евролук үлкөн каржы фондун түзгөнүн билдирди. Украинадагы согушту бурулуш чекити деп жарыялады. А түгүл, анын аскер күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки чектөөлөрдөн кутулганына белги катары бир катар согуштук учактарын Тынч океанына жиберди. Муну менен немис калкында улуулук туйгусун ойготту. Германия Украина жана Чыгыш Европадагы өзгөчө жоопкерчилиги тууралуу билдирди. Германияда Орусиянын Украина чек арасында токтоп калбай турган империалисттик амбициясына каршы турууга даяр болуу тууралуу талкуулар күчөдү.
  4. Шульцтун өкмөтү 14-июнда Улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялоо учурунда немис калкы бул стратегия үстүндө консенсуска келгенине басым жасады. Ошондуктан, Улуттук коопсуздук стратегиясын ачыктоо учурунда коалициядагы “Жашылдар” партиясы менен “Эркин демократ” партиясынын жетекчилери канцлер Шульц (Социал-демократ) партиясы менен бирге турушту. Ал эми, оппозициялык партиялар бул стратегияда күмөндүү жагдайлар бар деген негизде өкмөткө бир катар сындарды айтты. Ошентсе да, бул көрүнүш Германиядагы өзгөрүүнүн олуттуулугун жана Германиянын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ондогон жылдар бою чектөө астында турган аскерий жана коопсуздук тармагы жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн көрсөтөт.
  5. Германия канцлери Шульцтун билдирүүсү да немис саясатындагы жаңы өзгөрүүлөрдү ачыктап турат. Ал тездик менен өзгөрүп жаткан шарттарда герман өкмөтү жарыялаган Улуттук коопсуздук стратегиясы жарандардын коопсуздугун коргоого маанилүү салым кошорун белгиледи. Социал-демократ саясатчы бул стратегияны жактап, өкмөт адаттан тыш жана маанилүү чечим кабыл алганын айтты. Шульц Орусиянын Украинага кол салуусу жана Кытай өкмөтүнүн барган сайын агрессивдүү кадамы каршысында Германиянын коопсуздук жана саясаты да олуттуу өзгөргөнүн ачыктады. Шульц мамлекеттин негизги милдети жарандардын коопсуздугун камсыздоо экенин билдирди. Ал бул милдетти коопсуздук стратегиясы аркылуу гана аткаруу мүмкүн экенин белгиледи. “Мурун немис өкмөтүнүн коопсуздук саясаты чектелген болсо, мындан ары бүтүн жана комплекстүү түрдө уланат”, – деди Шульц.(14.06.23, “Deutsche Welle”).
  6. Германиянын Улуттук коопсуздук стратегиясы тууралуу документ өкмөттүн жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жетекчилик кыла турган принциптерден турат. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери алгачкы жолу кабыл алынып жаткан документте орун албаган, бирок, маанилүү маселелердин бири – немис армиясы коопсуздук коркунучуна каршы коргонуу милдетин жүргүзүүсү жана комплекстүүлүгү. Тагыраагы, чабуулду да камтыган ишке өтүүсү. Бул Европадагы чоң жана кооптуу өзгөрүү. Стратегиялык документ немис армиясын комплекстүү жана тез арада өнүктүрүүнү пландоодо. Германия НАТОнун 2014-жылы пландаган ИДПнын кеминде эки пайызын армия жана коопсуздукка жумшоо чечимин кармана турганын белгилеп, коргонуу үчүн башка министрликтердин бюджетин азайтууга даярданууда. Бул, өз кезегинде Германиянын бакубатчылыгы төмөндөшүнө маанилүү таасирин тийгизет. Каржы министри Кристиан Линднер Германия ондогон жылдар бою тынчтык аркылуу бакубат жашоого жетишкенин билдирди. Бул болсо, ал коргонуу маселесине көңүл бурууга анчалык кызыкдар болбогонун түшүндүрөт. Каржы министри Берлинде Улуттук коопсуздук стратегиясы ачыкталып жатканда сүйлөгөн сөзүндө: “Бул бюджеттеги үлүштөр туруктуу түрдө өзгөрүүгө дуушар болорун билдирет”, – деди. (16.06.23, “Deutsche Welle”)
  7. Бул документ Германия өкмөтүнүн тобокелдик анализине байланыштуу көз карашын да билдирет. Өкмөттүн айтышынча, Орус армиясы б.а Орусиянын Украинага кол салышы тышкы коркунучтардын башкы катарында турат. Шульцтун билдирүүсүндө келгендей, “Кытайдын барган сайын агрессивдүү көрүнүшү”, Кытайдын таасиринин артышы жана Батышта анын режимине каршы туруу андан кийинки коркунуч болуп эсептелет. Документ кибер коопсуздук, Германиянын өнөр жайына тийгизген коркунучтар жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу ички тобокелдиктерди да камтыган. Бул маселелер сырттан келген коркунучка түздөн-түз байланыштуу болсо да. Анткени, Орусия Батыш өлкөлөрүнө кибер чабуулдарды жасаган деп айыпталып келет. Ошондой эле, документте климаттын өзгөрүшүндөгү тобокелдиктерди азайтуу боюнча эл аралык координациялык иштерге да орун берилген. Демек, Германиянын бул Улуттук коопсуздук стратегиясы Германиядагы саясий чөйрөдө айрым күмөн жана бүдөмүктөр дагы бар экенине карабастан, Германиянын тышкы саясаты бир тепкичтен экинчи тепкичке өткөнүн билдирет.
  8. Германия өз армиясын күчтөндүрүп, аны өнүктүрүү үчүн эбегейсиз каражат бөлүү жана чет өлкөлөрдө чабуул жасоочу аскерий операцияларды өткөрүү үчүн эшиктерди ачуу менен Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ага таңууланган аскердик чектөөлөрдөн жана аскердик басымдан кутула алат. Башкача айтканда, ал басымдар тарыхта калган болот. Бул болсо, Франция менен Германиянын ортосундагы негизги айырмачылыктар бар экенин, учурда бул айырма ачык-айкын көрүнүп калганын билдирет. Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кол койгон Германия өзөктүк куралсыз статусун карманса да, 1990-жылы Чыгыш жана Батыш Германия бириккен учурда ири төрт держава менен кол койгон “Германияга карата акыркы жөнгө салуу келишиминде” буга басым жасалса да, бул терең өзгөрүү немис армиясын күчтөндүрүүнү жана аскер санын көбөйтүүнү талап кылат. Чындыгында, бул жогоруда айтылган “Германияга карата акыркы жөнгө салуу келишимине” карама-каршы келет. Ал келишимде немис армиясынын максималдуу чеги 370 000 аскер деп белгиленген. Бирок, Америка Британия менен биргеликте Германияга Орусияга каршы жаңы ролду берди, бул жагдай Германиянын жогорудагы келишимден чыгуусуна шарт жаратат. О.э Орусиянын немис аскердик күчүнө жасаган кысымынан да кутулат. Ал эми, Францияга келсек, анын позициясы Америка жана Англиянын Германияны аскердик жактан күчтөндүрүү аракеттеринин каршысында алсыз сыяктанат. А түгүл, күндөн-күнгө күчөп бара жаткан немис-француз келишпестиги бүткүл Евробиримдиктин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Муну Америка да, Британия да кубануу менен кабыл алат.
  9. Франциянын кооптонууларын, айрыкча, Германиянын аскерий өнүгүүсү тууралуу кооптонууларын азайтуу үчүн Германиянын Улуттук коопсуздук стратегиясында Германия Европа Биримдигинин бир бөлүгү экендиги жөнүндө айтылат: «Стратегияда өкмөт Европа деңгээлинде технологиялык коргонууну күчөтүү, тыңчылыкка, саботажга жана киберчабуулдарга каршы күрөштү күчөтүү, Евробиримдик ичинде курал-жарак экспортун көзөмөлдөөнү координациялоо зарылдыгы сыяктуу бир катар максаттарды атап өткөн». (16.06.23, “Deutsche Welle”). Бирок, бул, башка тараптан, Европа үчүн стратегиялар Берлинден чыгарыла баштаганын көрсөтөт. Муну көргөн Парижде дагы башка кооптонуулар пайда болууда. Мындан тышкары, Германия Европанын абадан коргонуу долбоорун да жетектөөдө. Жаңы стратегияда Германия калкынын саны жана экономикалык кубаты боюнча Европадагы эң чоң өлкө экендиги, Европанын коргонуу системасын жана НАТОну чыңдоо үчүн андан эмне талап кылынары айтылат. Айрыкча, ал Европанын “Асман калканы” деп аталган ракеталык комплексин курууну көздөп жаткандыгына ишара кылууда. Коргоо министри Борис Писториус 18 өлкө бул демилгеге катышууга принципиалдуу макулдугун бергенин билдирди. (“Аль-Шарк”, 17.06.23).
  10. Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Улуттук коопсуздук стратегиясын ачыктап жатып, авторитардык режим катары каралган Кытай менен Россия тууралуу мындай деди: «Стратегиялык коопсуздук саясаты “үч борбордук негизге” таянат: коргонуу, туруктуулук жана дайымийлик. Коргонуу тармагына армияны чыңдоо, жарандык коргонуу жана калкты коргоо кирет. Туруктуулук тармагы, тагыраагы, каршы туруу жөндөмүн, “негизги эркин демократиялык системабызды мыйзамсыз тышкы таасирлерден” коргоону өз ичине алат. Айрыкча, “сырье жана энергия булактары менен камсыз кылууда бир тараптуу кесепеттерди” кыскартуу керек жана камсыздоо булактарын көп тараптуу кылуу зарыл». (“Deutsche Welle”, 16.06.23). Бул, Америка Германияны жана бүткүл Европаны Орусиядан келген энергия чынжырларын үзүүгө мажбурлагандан кийин Германия Американын саясатына ээрчигенин көрсөтүүдө. О.э АКШнын Кытайдын камсыздоо чынжырларын азайтууга багытталган саясатына түшкөнүн билдирет. Германиянын билдирүүлөрүндө бул ачык-айкын көрүнүп турат. Ушул эле булак билдиришинче, канцлер Шульц: «Биздин пикирибизде Европа Биримдиги менен Трансатлантикалык альянстын ортосундагы байланыш борбордук боюнча сакталууда», – деди. (16.06.23, «Deutsche Welle»).
  11. Германиянын бул Улуттук коопсуздук стратегиясын төмөнкүчө жыйынтыктасак болот:
  12. Бул стратегия Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери Германияга таңууланган аскерий басымга чекит койду. Германия өз армиясын чыңдоо жана аны коопсуздуктун гаранты кылуу жолунда ишенимдүү түрдө алга жылууда. Бирок, өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин тарапкери болгон өлкө катары эл аралык шарттарга жараша чектөөлөрдү бузуп барууда.

Б. Батыштын эл аралык шарттарына ылайык, Германия душман катары биринчи кезекте орус армиясын, андан кийин Кытайды белгиледи. Германиянын Улуттук коопсуздук стратегиясында Кытай соода өнөктөш жана барган сайын агрессивдүү көз караштагы өлкө катары айтылган. Бирок, Германия эл аралык маселелерди чечүүдө аны менен кызматташууга тоскоолдук көрбөйт. Бул боюнча анын позициясы чоң жетилик тобу жарыялаган позицияга толугу менен дал келет.

B.Германия Европа Биримдигинин жана НАТОнун мүчөсү катары аны курчап турган коопсуздук жана аскердик көйгөйлөрдү белгилеген. Германиянын Улуттук коопсуздук стратегиясында Европа жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу милдеттери баса белгиленди.

Г. Бул стратегияда Германия Европа жана НАТО өлкөлөрүнүн бир бөлүгү экенин айтса да, анын коопсуздугу Европа жана НАТО коопсуздугунун бир бөлүгү экенин билдирсе да, Америка көзөмөлдөгөн эл аралык системаны коргой тургандыгын ырастаса да, мунун баары Германиянын Улуттук коопсуздук стратегиясынын коркунучун азайтпайт. Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулушу сыяктуу эле Германиянын бул стратегиясы Москва үчүн эл аралык чоң жоготуу экендиги талашсыз.

Д. Германия экономикалык лидерлигин алдыңкы сапка чыгаруу үчүн акыркы отуз жыл бою Евробиримдиктин ичиндеги позициясын пайдаланып келди. Бул улуулукка карай биринчи кадамы эле. Учурда күчтүү армияны жана өнөр жайлашкан аскерий кубатка ээ болуу аркылуу улуулукка карай экинчи кадамды таштады. Мында Германия Украинадагы согуштан жана согуштун натыйжасында жаралган эл аралык шарттардан пайдаланууда. Бул Германияга башка чектөөлөрдөн кутулуп, Европа өлкөлөрүнөн жана Америкадан бөлөк өз стратегиясын өнүктүрүүсүнө шарт түзөт. Бул нерсе кыска убакытта күтүлбөсө да, окуялар Германиянын бул багытта алга жыларын көрсөтүүдө.

  1. Корутундулап айтканда, азыркы дүйнөдөгү чоң державалар адилетсиз жана агрессивдүү түрдө кан төгүү үчүн жер жүзүндө бузгунчулук жаюуда, эгин жана насилди жок кылуу үчүн бири-бири менен жарышууда. Халифалык нуру кайрадан жер жүзүн жарык кылмайынча, адамдардын абалында эч бир өзгөрүү болбойт. Халифалык мусулмандардын гана эмес, көлөкөсү түшкөн жалпы адамзаттын коопсуздугун камсыздайт… Ошондо акыйкат дүйнөнүн бардык тарабында угулат.

﴿وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقاً

«Айткын: «Акыйкат келди, батыл жок болду. Албетте батыл жок болуучу»»              [17:81]

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً

«Алар: «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). «Балким жакында болоор», деп айткын!» [17:51]

                                                                                                            5-зулхижжа, 1444-х.

23-июнь, 2023-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here