Кыргызстанда «матчество»го уруксат берилди

3034
0

Кыргызстанда «матчество»го уруксат берилди

         Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укук берген чечим чыгарды. Бул тууралуу ушул маселе боюнча соттошуп келе жаткан Алтын Капалова билдирди.

         Анын айтымында, мындан ары 16 жашка толгон бардык балдар апасынын атына катталса болот. Конституциялык соттун чечиминде, Министрлер кабинетине жашы жеткен балдарга «отчество» же «матчество»ну тандоо укугун берүү талабы коюлганы, учурдагы тартипте гендердик теңдик принциптери бузулуп жатканы белгиленди. О.э чечим чыккандан тарта бардык мамлекеттик кызматтарда ишке ашырылышы керек экендиги бул чечимге каршы даттанууга тыюу салынганы айтылды. Мындан улам, мусулмандар социалдык тармакта балага энесинин атын берүүгө жана «гендердик теңдик» шылтоосу менен кабыл алынып жаткан мыйзамдарга каршы пикирлерин жазышууда.

         Түпкүлүгүндө, Батыштын «гендердик теңдик» аялдын урматын сактайт деген сөздөрү алдоодон башка нерсе эмес. А түгүл, бул түшүнүктү жайып жаткан Батыш коомунун өзүндө аялдар кордолууда. Маселен, Европа Биримдигинин негизги укуктар боюнча агенттигинин (FRA) изилдөөсүндө, Биримдикке кирген өлкөлөрдө аялдардын үчтөн бири он беш жашынан тартып денеге таандык жана жыныстык зомбулукка кабылат. Т.а. зомбулукка учураган аялдардын саны болжол менен 62 миллионго барабар. Ар бир жыйырма аялдын бири зордукталат. Ал эми, АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан. Мындан тышкары, жылына миллион кыз аборт кылдырат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетунда келишинче, дүйнөдө ар үчүнчү же аялдардын 35 пайызы физикалык же сексуалдык зомбулукка туш болгон. Бул болсо тең укуктуулук жөнүндөгү Батыш мыйзамдары ийгиликсиздикке учураганын ачык көрсөтүүдө. Тескерисинче, аялдардын зомбулук чегишине учурда колдонулуп жаткан капиталисттик мыйзамдар негизги себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Буга карабай, Батыш Исламдын ижтимаий мыйзамдарын аял укуктарын чектейт деп айыптап келет. Негизи Ислам аялга гендердик теңдик көз карашынан эмес, тескерисинче, аял киши корголушу важиб болгон ар-намыс жана үй бекеси деген көз караш менен мамиле кылат. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Ушул максатта аял менен эркекти мүмкүн болушунча аралаштырбоого аракет кылат. Маселен, таалим программасы кыздар менен балдарды өзүнчө бөлүп билим берүүгө негизделген. Муну менен болушу мүмкүн болгон кылмыштуу иштердин алды алынат. Мына ушул жол менен аялдын урматы, акы-укугу камсыздалат.

         Ал эми, эненин атын ыйгарып коюу алдоодон, алардын урматын тебелөөдөн башка нерсе эмес. Мунун каршысында, шариат эркекке ажырашкандан кийин да балдары балакатка жеткенге чейин нафакасын (негизги муктаждыктарын) камсыздоону парз кылган. Муну орундатуусун мамлекет толук көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, Ислам баланын тегин аныктоодо жана атоодо өз атасынын ысымы менен аталуусун талап кылган. А түгүл, пайгамбарыбыз (с.а.в) асырап алган Зайд ибн Хариске да Алланын Элчисинин ысымы ыйгарылбаган. Алла Таала айтат:

ادْعُوهُمْ لِآبَائِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِندَ اللَّهِ

“Аларды өз аталарынын ысымы менен чакыргыла! Ошол Алланын алдында туурараак”.

Мумтаз Маверанахрий      

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here