Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш чаралары
Мамлекеттик сектор жана жеке менчик сектор
Исламий мамлекетте саламаттыкты сактоо мамлекет тарабынан акысыз жана ар тараптуу болуп, мамлекет бейтаптарды зарыл болгон медициналык жабдыктар жана кызматтар менен камсыздашы керек. Буларды камсыздабай коюу бейтаптарга зыян жеткирет. Бирок, Ислам мамлекетиндеги жеке адамдар же компаниялардын саламаттыкты сактоодо өз алдынча кызматтарды көрсөтүшүнө, жеке менчик клиникалар жана ооруканаларды ачышына тыюу салынбайт. Калктын жеке менчик секторлордо дарыланышына тоскоолдук жок. Буга Бухарий Анас разияллоху анхудан кылган риваят далил болот. Анас разияллоху анху айтат;
دَعَا النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ غُلَامًا حَجَّامًا فَحَجَمَهُ وَأَمَرَ لَهُ بِصَاعٍ أَوْ صَاعَيْنِ أَوْ مُدٍّ أَوْ مُدَّيْنِ وَكَلَّمَ فِيهِ فَخُفِّفَ مِنْ ضَرِيبَتِهِ
“Набий с.а.в. бир хижамачы жигитти чакырды. Ал жигит Пайгамбарыбыз с.а.в.ды хижама кылды. Андан соң Расулуллах с.а.в. ага бир же эки соъ, же бир мудд же эки мудд өлчөмүндө акы төлөдү жана ал тууралуу сүйлөшүп, төлөм-салыгын жеңилдетти”. Мына ушундан Расулуллах с.а.в. хижама кылгандын акысын бергени көрүнүп турат.
Жеке менчик сектордо саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтүүчү адамдардан – жеке адам болобу, компания болобу, айырмасыз – мамлекеттин мыйзамдарына моюн сунуу жана мамлекеттин көзөмөлүндө болуу талап кылынат. О.э. саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтө турган адам – ал мамлекеттик сектордо болобу, же жеке менчик сектордо болобу айырмасыз – бул тармак үчүн ылайыктуу жана тажрыйбалуу болушу шарт. Кимде-ким тажрыйбасыз болуп туруп медициналык кызмат көрсөтсө, ал мамлекет тарабынан кысымга алынат. Ал эми, эгер ал иши менен бирер адамга зыян жеткирген болсо, ал өзүнүн адистиги болбогон нерсеге аралашканы үчүн зыяндын ордун толтурат.
Буга хос жана ъамма далилдер бар. Ъамма далил: “Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок” деген коида. Анткени, табабат илиминен кабарсыз адамдын дарылоо же саламаттыкты сактоо иштери менен алектениши кээде бейтапка зыян жеткирет. Мавруди “Султандык өкүмдөрү” китебинде хисба жетекчилери тарабынан кесип-өнөр ээлери арасынан этибарга алынгандар жөнүндө сөз кылып, жалпысынан мындай дейт:
“Өз милдеттерин толук же кемчиликтүү аткарууда кишини санаага салып, кыжаалат кыла турган кесип ээлеринин бири табибдер менен мугалимдер. Анткени, табиб адамдардын жандарына киришет, алардын өмүрү менен ойнойт. Анын бул иште ката кетириши чоң жоготууга же айыкпас ооруга алып барышы мүмкүн. Мугалимдер жаш балдарды тарбиялап, жолго салышат. Балдар чоңойгон соң, аларды бул жолго салуу кыйын болуп калат. Ошондуктан, бул тармактарга (т.а. табиб-врачтар жана мугалимдерге) өз ишин мыкты билген жана жакшы аткара турган адамдар тартылат. Жеңил-желпи карай тургандар бул тармактарга коюлбайт. Анткени, бул нерсе адамдардын өмүрүнө жана адеп-ахлак нормаларына зыян жеткириши мүмкүн”. Карофий “Аз-Захийра” эмгегинде имам Маликтен төмөнкү сөздөрдү келтирет:
“Имам (Малик) табибдердин белгилүү жана таанымал болбогондорун дарылоодон кайтарат эле. Алардын дарыларынан белгилүүлөрү гана ичилет болчу”.
Ал эми хос далилге келсек, Абу Давуд, Нисаи, Ибн Мажжа жана башкалар Набий с.а.в.дан риваят кылышат:
مَنْ تَطَبَّبَ وَلَمْ يُعْلَمْ مِنْهُ الطِّبُّ قَبْلَ ذَلِكَ فَهُوَ ضَامِنٌ
“Ким табибдик кылса, буга чейин анын табибдикке тиешеси бар экендиги билинбесе, ал замин(т.а. жоопкер)”. Хаким бул хадистин иснады сахих деген жана ага Захабий да кошулган. Хитоби айтат: “Дарылоочу эгер чектен чыгып, бейтапка зыян жеткирсе, албетте ал жоопкер болот. Мында эч кандай ихтилаф жок. Өзү билбеген илимди же ишти башкаларга үйрөтмөкчү болгон адам залим болуп эсептелет. Эгер анын бил ишинен зыян жетсе, ал кун төлөөгө мажбур болот. Андан өч алынбайт. Себеби, ал бул ишти бейтаптын уруксатысыз аткарбайт”.
Набий с.а.в. дары-дармек иштеп чыгууну да көзөмөлдөгөн. Хаким “Ал-Мустадрок” китебинде Абдурахман ибн Усман ат-Таймиден чыгарган жана иснады сахих делген риваятта айтылат:
ذكر طبيب الدواء عند رسول الله صلى الله عليه وسلم، وذكر الضفدع تكون في الدواء، فنهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن قتلها
“Бир табиб Расулуллах с.а.в.дын алдында бир дары жөнүндө сөз кылып, баканын дарылык касиетин айтты. Ошондо Расулуллах с.а.в. баканы өлтүрүүдөн кайтарды”. Бул хадисте мамлекет дары-дармек өндүрүшүн көзөмөлдөшү керектигине ишара бар. Себеби, хадис баканы өлтүрүүдөн кайтарууну баяндоо үчүн келтирилген. Бирок, бул хадисте мамлекеттин кээ бир түрдөгү дары-дармекти өндүрүүгө тыюу салышына да ишара бар. Ушул далилдер мамлекет медициналык жеке менчик секторлорду көзөмөлдөшүнө, ал тургай бул иш мамлекетке важиб экендигине далалат кылат.