АКШ Борбор Азия мамлекеттерине дезинформацияга каршы күрөшүүдө жардам берүүнү пландаштырууда
Кабар: АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Борбор Азия коомдорунун “дезинформация”га каршылыгын арттырууга багытталган беш жылдык программага 12 миллион доллар бөлүүгө даяр.
Документте айтылгандай, бул нерсе аймактагы мамлекеттердин “суверендүүлүгү жана демократиялык маданиятын чыңдоо” үчүн зарыл. Мындай тезистер “USAID” өкүлдөрү тарабынан даярдалган грантта бар. Бул тууралуу “RT” кабарлады.
Документте “Борбор Азиядагы жаңы демилгенин максатына медиа сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу, дезинформацияга жана жалган маалыматтарга каршы күрөштү күчөтүү аркылуу жетүүгө болот” деп белгиленет.
“Бул иш-чаралардын комплекси жергиликтүү, аймактык, саясий жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча сапаттуу репортаждарды даярдоо үчүн аймактагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын техникалык көндүмдөрүн жана билимин жогорулатууга түрткү берет”, – деп айтылат текстте.
Долбоордун алкагындагы иш-чаралар негизинен Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга багыталганы белгиленген. Бирок жалпысынан алганда, механизм Борбор Азиянын бардык беш өлкөсүнө жеткиликтүү болот.
Демилгенин мөөнөтү беш жыл.
Комментарий: 2019-жылдын жай мезгилинде “Социалдык пикир” илимий-изилдөө институту Борбор Азиянын үч мамлекетинин – Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында бул республикалардагы калктын маалымат каражаттарынан пайдалануусу жана медиа сабаттуулугу боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Бул сурамжылоо “Internews”тун тапшырмасы боюнча “USAID”дын колдоосу менен жүргүзүлүп, ага бул өлкөлөрдүн ар биринен 1000ден респондент катышкан.
Сурамжылоонун натыйжасы боюнча, өзбекстандык жана тажикстандыктардын басымдуу бөлүгү үчүн телевидение негизги маалымат булагы болуп эсептелет. Казакстанда калктын жаш курагына жараша болот: 30 жаштан жогоркулар үчүн телевидение негизги маалымат булагы болсо, жаштар негизинен интернет сайттарынан маалымат алышат. Интернет көптөгөн маалымат жана ресурстарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул чоң маалымат океанында керектүү жана пайдалуу маалыматтарды издей билүү өтө маанилүү. Маалыматтарды табууга, иштеп чыгууга жана анализдөөгө мүмкүнчүлүк берген билим жана көндүмдөр массалык маалымат каражаттары жана медиасабаттуулук деп аталат.
Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, өзбекстандыктардын 53 %ы, тажикстандыктарын 36%ы жана казакстандыктардын 44 %ы чоң маалыматтардын агымында оңой багыт алып, андан керектүү жана пайдалуу маалыматтарды таба аларына ишенишет.
Иликтөөдө айтылгандай, аймактагы калк негизги маалыматты телевидениеден алат. Аймактагы калктын пикирин калыптандырууда Россия телеканалдарынын таасири абдан күчтүү жана калктын ири бөлүгү – негизинен чоңдор – россиялык пропаганданын таасирине кириптер болуп калган. Буга аймактагы өлкөлөрдө Россия каналдарынын берүүлөрүн чектөөсүз көрсөтүү эбегейсиз салым кошуп келет. Жаш муун болсо негизги маалыматты интернеттен жана социалдык тармактардан алууда. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө исламий пикир, түшүнүк жана көз караштар социалдык тармактарда кеңири жайылып, бул нерсе жаштардын Ислам динин кеңири түшүнүүсүнө түрткү болууда. Ошол себептен да аймактагы расмий өкмөттөр социалдык тармактардагы исламий пикирлерге каршы күрөшүп, жаштарды социалдык тармактардан алыстатуу үчүн олуттуу аракет кылып жатышат. Алардын сайттар жана баракчалар тизмесин түзүп, кол алдындагы соттор аркылуу аларга тыюу салып жатканы да ушуга ишара кылат. Бул иште айрыкча өзбек режими активдүү. Өкмөттөр тарабынан тыюу салынган сайттарды карасаңыз, алардын көпчүлүгү исламий пикирлерди көтөрүп чыгып жаткан сайттар экендигине күбө болосуз.
Бир жагынан АКШ өкмөтү “дезинформация” жана “жалган маалыматтарга каршы күрөшүү” шылтоосу менен Борбор Азия өлкөлөрүн Россиянын пропагандасынан “куткарып”, өзүнүн бузуку демократиялык баалуулуктарын таңуулоого аракет кылып жаткан болсо, экинчи жагынан өсүп келе жаткан жаш муунду Ислам дининен алыстатууну көздөп жатат.
Демек, жергиликтүү бийликтер жана алардын кожоюну болгон колонизатор мамлекеттер – АКШ, Россия же Кытайбы айырмасыз – мусулмандар интернетти, социалдык тармактарды даъват майданына айландырып алганынан коркуп калышты. Ошол себептен да мусулман блогерлерди жалган жалаа менен камакка алып, жаштардын аң-сезиминде жасалма коркунуч пайда кылып жатышат. Биз мусулмандар колонизатор кафирлердин о.э. алардын жергиликтүү малайларынын айла-амал жана зулумдарына көңүл бурбастан ишибизди уланта беришибиз керек. Натыйжа болсо Аллахтан.
Абдурахман Адилов