ДЕПУТАТТАР ЖАШТАРДЫ “ЗЫЯНДУУ” МААЛЫМАТТАН КОРГООГО КИРИШҮҮДӨ

313
0

Өзбекстанда “Балдарды алардын моралдык  жана башка жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүчү маалыматтан коргоо туурасында”гы мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Мындан көздөлгөн максат “жаш муунду алардын аӊ-сезимин бузуучу, рухий жараат жеткирүүчү маалыматтын таасиринен коргоо, массалык маалымат каражаттарында ырайымсыздык жана зомбулук үгүттөрүнө жол бербестиктин таасирдүү укуктук механизмдерин бекемдөө”.

Олий Мажлис Мыйзамчылык палатасынын расмий сайтында келишинче, “бүгүнкү глобалдашуу шартында маалымат-коммуникация каражаттарынын күндөлүк турмушка тереӊдеп кирип келе жатканы, интернет тармагы жана ММКлар аркылуу таркатылып жаткан маалыматтардын ар дайым калыс жана акыйкат эместиги жана алар аркылуу тышкарыдан болуп жаткан жаштардын аӊ-сезимине терс таасирин тийгизүүчү зыяндуу маалыматтык чабуулдар, идеологиялык коркунучтардын күчөп бара жатканы сыяктуу факторлор “Балдарды алардын моралдык жана башка жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүчү маалыматтан коргоо туурасында”гы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгын пайда кылды”.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши “ата-энелерге балдарын тарбиялоого, аларды терс маалыматтардан коргоого, балдардын коомчулукка каршы карасанатай жана башка көрүнүштөгү иш-аракеттеринин алдын алууга жардам бере тургандыгы” айтылууда.

 Туркистон:

Туура, өсүп келе жаткан жаш муунду моралдык жана башка жактан жеткилеӊ кылып өстүрүү маанилүү маселе болуп эсептелет. Бирок, Өзбекстан өкмөтү иштеп чыгып, кабыл алып жаткан башка мыйзамдар сыяктуу эле бул жаңы мыйзам долбоору да карапайым калктын же жаш муундун келечегин ойлоп эмес, тескерисинче, өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан диктаторлук саясаттын келечегин кепилдөөгө кызмат кылат.

 Эгерде өзбек өкмөтү чындыгында эле жаш муундун келечегин ойлогондо, анда адамдарга чыныгы моралдык кубат бере турган Ислам дининен алыстатпаган, “соо-саламат жашоо образын” үгүттөө шылтоосу менен кыздарды көркөм гимнастика, суу спорту менен алектенүүгө үгүттөө аркылуу муслималар жашырышы керек болгон авраттарын ачып, бузукчулукка чакырбаган болот эле.

 Жаӊы кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорунда назарда тутулган “зыяндуу маалыматтык чабуулдар” дегенде  Өзбекстанда жүз берип жаткан окуяларды мүмкүн болушунча кененирээк ачыктоого аракет кылып жаткан чет өлкөлүк ММКлар назарда тутулган болсо, “идеологиялык коркунуч”тар болсо өкмөттүн  назарында Ислам дининен гана келиши мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here