Яхудий вужуду өзү газга бай болгон Мисирге газ сатууну көбөйтөт

1468
0

Яхудий вужуду өзү газга бай болгон Мисирге газ сатууну көбөйтөт

(Израил)дин министрлер кеңеши жаратылыш газынын экспортун көбөйтүү максатында (Израил)ден Мисирге узатылган газ түтүгүн кеңейтүү сунушун макулдады. Бул тууралуу (Израил)дин Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Билдирүүдө айтылышынча, болжол менен 65 километр узундуктагы жаңы түтүк яхудий бюджетине ири өлчөмдө киреше алып келет. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, бул сунуш Мисирге карата жылына 6 миллиард кубометр газ жеткирип берүү кубатына ээ болгон жаңы түтүк тууралуу болуп жатат. О.э. бул түтүк (Израил)ден Мисирге жаратылыш газын экспорттоо үчүн инфраструктура милдетин өтөйт.

Энергетика министри Исраэль Кацтын айтымында, бул чечим (Израиль) жана Мисир ортосунда газ тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Мындан тышкары, эки өлкө ортосундагы экономикалык алаканы бекемдөөдө о.э. (Израиль) жарандарынын бакубат жашоосун жана аймакта туруктуулукту күчөтүүдө өтө маанилүү.

Комментарий: Мисир – бул көптөгөн жер алдындагы байлыктарга, анын ичинде үлкөн газ запасына ээ мамлекет. Былтыр жылдын соңунда Мисирдин мунай жана минералдык ресурстар министри Тарик ал-Мулла энергия комитетинин жыйынында жаңы ачылыш болуп эсептелген “Narges-1X” газ запасы боюнча маалымат берген. Мулланын билдиришинче, “Narges-1X” газ запасы 2015-жылы Италиянын “Eni” компаниясы Мисир жээктерине жакын жердеги Зохр аймагында тапкан газ запасынан кийинки эң маанилүү табылга болуп эсептелет. Анда болжол менен 3,5 триллион куб фут газ запасы бар.

Бирок ушундай болушуна карабастан, Мисир өз байлыктарын өзү каалагандай башкаруу укугуна ээ эмес. Ошондуктан, өзүнүн колундагы газдан пайдалануунун ордуна, газды яхудий вужудунан кымбат баада сатып алат.

Мисир мамлекети өз жеринен казып алынган мунай менен газды яхудийлерге өтө арзан баада тапшырууга мажбур. Себеби, 1979-жылы Америка демөөрчүлүгүндө Мисирдин президенти Анвар Садат менен яхудий вужудунун башчысы Менахем Бегин ортосунда кол коюлган Кэмп-Дэвид келишими ушуну талап кылат. Т.а. келишимдин негизги пункттарынын биринде, Мисир мамлекети яхудий вужудун арзан баада мунай жана газ менен камсыздашы керектиги жазылган. Мына ушундай шерменде келишимдер себептүү Мисир өз газын ал тургай өздүк баасынан да төмөн баада яхудий вужудуна тапшырып, андан кайра кымбат баада сатып алууга мажбур.

Мындан тышкары, жер алдындагы байлыктарды издеп табуу жана казып чыгаруу чет элдик компанияларга тапшырылат. Себеби, мунай чалгындоо жана казып чыгаруу менен алектенүүчү бардык компаниялар Батышка тиешелүү. Казып алган жана сырьё катары сатылган мунайдан эң көп кирешени мына ошол компаниялар алышат. Мунай чыккан жерлер үчүн болсо калган-катканы гана калат. Бирок, казып алынган мунай көп болгондугу себептүү киреше аябай көп сыяктуу болуп көрүнөт.

Эгер Ислам үммөтү башка үммөттөр арасында өзүнүн чыныгы ордун ээлебесе, жер алдындагы жана жер бетиндеги үлкөн байлыктарга ээ болушуна карабастан, башкалардын дасторконунан калган күкүмдөрдү терип жеп жүрө берет. Ислам үммөтү өзүнүн чыныгы ордун ээлеши болсо, учурдагы режимдерди кулатып, анын ордуна бир халифа өкүмдарлыгы алдындагы бир мамлекетте биригүү аркылуу гана ишке ашат. Бүгүнкү күндөгү караңгылык, жакырчылык, жумушсуздук, артта калгандык жана башкаларга көз карандылык абалдарынан чыгуунун бирден-бир жолу мына ушул. Мындан башка жол жок.

Мына ошондо Расулуллах с.а.в.дын:

الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ

“Имам калкан сыяктуу, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат”, – деген сөздөрү тастыкталат.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here