7-октябрь күнү Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев төрагалыгында өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Анда Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулушу боюнча иш-чаралар планы (“жол картасы”) тастыкталды.
Премьер-министр: “Кыргызстандын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча жол картасы мамлекетибиздин Евразия экономикалык биримдигин көздөй дагы бир кадамы болуп эсептелет”, – деди.
“Интеграция процесстери алкагында милдеттерибизди толук аткарабыз. Жылдын соӊуна чейин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндөгү келишимге кол коё алабыз деп үмүттөнөмүн”, – деп кошумчалады Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстан өкмөтү Бажы биримдигине кошулуу боюнча жол картасын дээрлик ишке ашырып болгондугун, ушул маселе президент, парламент жана премьер-министрдин көзөмөлүндө экендигин баса белгиледи.
10-октябрь күнү Минск шаарында Евразия экономикалык биримдиги кеңешинин жыйыны болуп өтөт. Анда Беларусия, Казакстан жана Россияны бириктирген бирдиктүү экономикалык аймакка Кыргызстандын кошулуусу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) талкууланат.