КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ МУСУЛМАНГА КЕЛГЕНДЕ СОКУР ЖАНА ДҮЛӨЙ БОЛУП КАЛАТ

344
0

Техникалык инженер Бекир Куртулуш Хизбут-Тахрир саясий Исламий партиясы тарабынан Ливанда уюштурулган конференцияга котормочу катары катышкандык доосу менен Түркия соту тарабынан 7,5 жылдык камак жазасына өкүм кылынган эле. Анын түрк камагында азап тартышы дагы деле уланууда.

Белгилүү болгондой, коопсуздук башкы башкармалыгы жана соттор тарабынан Хизбут-Тахрир саясий Исламий партиясына карата маддий иш-аракет кылбастыгы жөнүндө расмий сүрөттөмөлөр берилген. Бирок ошого карабастан, камакка алынган жана учурда Бурса камагында жаткан Бекир Куртулуштун конституциялык сотко жазган кайрылуусу 15 айдан бери жоопсуз калууда.

Бекир Куртулуш Бурса камагынан туруп Түркия конституциялык сотунун акыйкатсыздыктары жөнүндөгү кат жазып жиберди.

Куртулуш  өзүнүн катында конституциялык сотту сындап: “Түркиянын конституциялык соту 2003-жылдын март айында Түркия өкмөтүн кулатуу үчүн аскерий план түзгөндүктө айыпталган “Баляз” туткундарынын кайрылуусуна 45 күндө жооп кайтарды. Түркия конституциясына ылайык, террорчу уюм деп жарыя кылынган куралдуу уюм “Эргенекон” туткундарынын кайрылуусуна болсо 7 айда жооп кайтарды. Бирок, менин кайрылганыма 15 ай болушуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин жооп кайтарбады. Конституциялык сот менин жана мага окшогон Исламий адамдардын кайрылуусуна келгенде сокур жана дүлөй болуп калат”, – деп жазды.

Куртулуш өзүнүн “куралдуу террордук уюмга мүчө болуу” беренеси боюнча соттолуп 7,5 жылдык камак жазасына өкүм кылынгандыгын жазып, кудум ушул беренелер боюнча айыпталган “Эргенекончулардын”, “28-февралчылардын” жана “Баляз” туткундарынын кайрадан соттолуу талаптары кабыл алынып, азаттыкка чыгарылгандыгына  көүӊлдү бурат. Ал эми тагылган айып бирдей болушуна карабастан, апелляциялык жогорку соттун суьясы да Куртулуштун кайрылуусун четке каккан. Конституциялык соттон болсо бүгүнкү күнгө чейин  жооп жок.

“Эргенекон, 28-февраль жана Баляз даабаларында бир нече жерлерде куралдуу төӊкөрүштү ишке ашыруу пландары жана революция кылуу жөнүндө сөз болот. Хизбут-Тахрир даабаларында болсо эч кандай мамлекеттик төӊкөрүш пландары жана күч колдонууга тиешелүү далилдер жок. Тапкан далилдери китептерден, дубалга илинүүчү карталардан, майрамга карата куттуктоолор жана конференцияларга катышуудан турат. Башка далилдери жок”, – дейт Бекир Куртулуш.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here