Марокко өкүмдарлары яхудийлерди кылмыштары үчүн сыйлап алар менен мамилелерди нормалдаштырууда

859
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Марокко өкүмдарлары яхудийлерди кылмыштары үчүн сыйлап алар менен мамилелерди нормалдаштырууда

Марокко маслахат кеңеши яхудий вужуду менен түзүлө турган эки келишимди макулдады. Кеңештин 167 мүчө муну колдогон болсо, 15 мүчөсү каршы чыгышты. Биринчи келишим Марокко менен яхудий вужудунун өз ара соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүнү жана ал үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү камтып, эки тарап ортосундагы нормалдуу экономикалык мамилелерге тоскоолдук кылып жаткан мыйзамдарды, эрежелерди жана процедураларды жоюну назарга алат. Марокко менен яхудий вужуду ортосундагы аба каттамдары жөнүндөгү экинчи келишим болсо, эки тараптын ортосундагы аба каттамдарын тартипке салууну камтыйт.

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү өз сайтында бул туурасында мындай түшүндүрмө берди: «Шексиз, Марокко өкүмдарлары жана ал жердеги ыплас саясий элита англистердин малайлары болуп эсептелет. Алар Умматтын душмандарын дос тутуп, бул нерсе харам экенине да, Уммат буга каршы экенине да көңүл бурбай жатышат.

Марокко, Түркия, Катар, Эмираттар, Иордания, Судан, Бахрейн, Мисир жана башка исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлар яхудий вужудуна мына ушундай кызматтарды сунуш кылууда, алар менен мамилелерди нормалдаштырууну улантышууда, Уммат буга нааразы экенин этибарга албай жатышат. О.э. алар яхудийлердин күндө фалестиндик аялдар, балдар жана карыларга о.э. Акса жана ыйык жайларга каршы жасап жаткан кылмыштарына көз жумушууда».

Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Чындыгында, бул өкүмдарлар – яхудийлердин тирөөчтөрү жана жийиркеничтүү бул вужуддун коргоочулары… Ушул себептен улам, оболу бул өкүмдарлар тактыдан кулатылмайынча Фалестин үчүн азаттык жок».

 

Роя гезити, №423, 2022-жыл, 28-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here