Исламдагы аскерий саясат жөнүндө жаркын пикир

493
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламдагы аскерий саясат жөнүндө жаркын пикир

﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لاَ تَعْلَمُونَهُمْ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾

«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөр барынча күч жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары силер билбеген — Аллах билген башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар»

 

Доктор Абдуллах Насир – Иордания

Аллах Азза ва Жалла Мухаммад ﷺды бүткүл дүйнө үчүн рахмат кылып жиберди:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلاَّ رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ

«(Эй Мухаммад), чынында Биз сени бардык ааламдарга рахмат кылып жибердик» [21:107]

О.э. аны күбө, кушкабар жеткирүүчү жана эскертүүчү кылып жиберди:

﴿يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ شَاهِداً وَمُبَشِّراً وَنَذِيراً * وَدَاعِياً إِلَى اللَّهِ بِإِذْنِهِ وَسِرَاجاً مُنِيراً

«Эй, (Аллахтын) Набийи, чындыгында, Биз сени күбөлүк берүүчү, сүйүнчү кабар жеткирүүчү жана эскертүүчү о.э. Аллахтын ызны-каалоосу менен Ага даъват кылуучу жана (Акыйкат Жолду көрсөтүүчү) нурлуу чырак кылып жибергенбиз»                                           [33:45-46]

Ошондуктан, Набий ﷺ башынан эле адамдарды Исламга кирүүгө жана азарларга сабыр кылууга даъват кылды… Кийин Аллах Мадинаи Мунавварада алгачкы Ислам мамлекетин тикелөөгө ызны берди. Расулуллах ал жерге барары менен эле Ислам мамлекети үчүн түзүмдүн кыштарын койду. Т.а. мусулмандар менен кайрымусулмандар ортосундагы мамилелердин баян кылган Мадина документин түздү. Кийин ал өзү катышкан жана катышпаган казаттар о.э келишим жана союздар аркылуу Араб жарым аралындагы регионалдык таасирге ээ болду. Ошентип, бүткүл Араб жарым аралы Ислам башкаруусуна кирди. Анын артынан ушул башкаруу ошол убактагы Фарс жана Румдан турган эл аралык позицияга таасир кылды.

Исламды дүйнөгө жаюу максатында Расулуллах ﷺ жана андан кийинки рошид халифалар жүргөн жолду дыкат үйрөнсөк, Ислам акыйдасынан келип чыккан аскерий саясатты жаркын түшүнөбүз. Демек, Исламда аскерий саясат негизинен эки өзөктөн турат: ички коопсуздукту камсыздоо жана Исламды дүйнөгө жаюу. Расулуллах ﷺ жана андан кийинки жихад амири-халифаларыбыз ушул жолдон басышкан.

Расулуллах ﷺ ар бир казатта мусулмандар амал кылышы важиб болгон нерселерди, раъй жана машварат-кеңешүү зарыл болгон нерселерди баян кылып берген. Мисалы, ал Худайбия сулхунда сахабаларды тарап, кайтып кетүүнү буйруду. Айрымдар кайтууну каалабаганына карабастан, бул ээрчүү фарз болгон шаръий өкүм экенин баян кылды. Буга тескерисинче, ал зат Бадрга барганда Хаббаб бин Мунзир розияллаху анху менен кеңешип, өз позициясын өзгөрттү, муну менен раъй жана кеңешти баян кылып берди. Расулуллах ﷺ жалган жана тыңчылык сыяктуу согуштан сыртта харам болгон нерселерге согушта уруксат берген о.э. кошуунга жумшак мамиле кылуу сыяктуу согуштан сыртта мубах болгон нерселерди согушта харам кылган. О.э. ал кошуунду согушка даярдоо иштеринде өзү турган, өзү командачылык кылбаган согуштарда болсо, ага ылайык командачыларды тандаган. Кошуунду Аллахтан коркууга, Анын буйругунан чыкпоону буюрган. Кошуун душман менен кагылышканда оболу аларды Исламга даъват кылууну жана Ислам өлкөсүнө көчүүгө чакырууну же алардан жизя алууну, бирок, аларга ыраазы болушпаса, Аллахтан жардам сурап, Анын калимасын бийик кылуу үчүн аларга каршы согушууну талап кылган. Согушпай жаткан балдарды, аялдарды жана карыларды өлтүрбөөнү, бак-дарактарды кеспөөнү, өлкөлөрдү ойрон кылбоону осуят кылды. Бирок, душмандар мусулмандарга кандай мамиле кылса, мусулмандарды да аларга ошондой мамиле кылууну дайындаган. Курайш кафирлери Ухуддагы шахиддерди эмне кылышкан болсо, Расулуллах ﷺ да аларды ошондой кылууга ант ичкен. Бану Назир уруусу кыянаттык кылганда, алардын курма багын өрттөп жиберген. Мусулмандар жүз жашка толгон Дурайд ибн Самманы өлтүрүшкөн. Себеби, ал согушкерлерге кеңешин берип турганы үчүн согушкер болуп эсептелген. Ооба, кээде исламий армия душманды алыстан бомбалоо шарыл болгон же согушту мусулмандардын пайдасына чечүү шарт болгон абалдарда үй-жайларды ойрон кылууга же балдарды, аялдарды жана мал-жандыкты өлтүрүүгө да мажбур болот. Ал зат Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн зарыл деп тапканда сулх жана келишим түзгөн. О.э. мусулман кошуунунда мусулман болбогон ар кандай вужуддун болуусуна ыраазы болбогон:

«لَا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»

«Мушриктердин отунан пайдаланбагыла».

Расулуллах ﷺдын бул иштеринен көрүнүп тургандай, халифа же анын орун басары убактылуу сулх же убактылуу келишим түзүшү жаиз. Ал тургай, бир душман башка душманга жардам бербеши үчүн аны менен келишим түзүүгө да мажбур болот.

Расулуллах ﷺдын сахабалары каршы чыгуу мүмкүн болбогон шаръий өкүм менен раъй жана кеңеш билдирүү мүмкүн болгон нерселерди айырмалай билип, шариятты бекем кармашты жана шарияттан башка иштерде өз пикирлерин билдиришкен. Ислам мамлекети туруктуу чегараларды тааныбаган, Ислам жеринде аскерий базалар орнотулушуна уруксат бербеген. Ал Аллахтын шариятына тескери келишим же сулх түзбөгөн. Болгон күчүн коопсуздукту коргоого жана даъватты дүйнөгө жаюуга жумшаган.

Эртең мусулман халифасы исламий аскерий саясатты Расулуллах ﷺ баян кылып бергендей колдонот жана Аллах Тааланын:

﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لاَ تَعْلَمُونَهُمْ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾

«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөр барынча күч жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Аллахтын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары силер билбеген Аллах билген башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар»               [8:60]

деген буйругуна моюн сунуп даярдык көрүп коёт. Халифа ар бир шаръий өкүмгө баш ийет. Раъй жана кеңеш алкагындагы нерселерде ахли раъй менен кеңешүүгө аракет кылат о.э. мусулмандар үчүн согуштук даярдык эрежелерин белгилеп берет. Армия командачысы катары халифа жеке өзү же анын орун басары Ислам даъваты бардык мамлекеттерге жана калктарга жеткирилишин камсыздоо үчүн шариятка тескери келбеген мыйзам жана өкүмдөр аткарылып жатканын көзөмөлдөп турат.

Бир нерсени унутпашыбыз керек, Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган экинчи Ислам мамлекети өзүнүн алгачкы борбордук чекитине ээ болуп, кийин дүйнөгө жайылып, учурдагы башка мамлекеттерди өзүнө кошкондо же кошулууга чакырганда, бул мамлекеттин вакиълиги алгачкы Ислам мамлекетинин вакиълигинен башкача болот. Себеби, Аллахтын уруксаты менен мамлекет тикеленсе, ал учурдагы мусулман мамлекеттерин өзүнө кошууга жана бул ишке тоскоолдук кылган ар кандай режимге каршы согушууга заматта киришет о.э. башка мамлекеттердин кайсы бири өкүмгө ылайык согуш абалындагы мамлекет, кайсы бири иш жүзүндөгү согуш абалындагы мамлекет экенин айырмалап белгилейт. Өкүмгө ылайык согуш абалындагы мамлекеттер менен келишимдер, бүтүмдөр түзөт жана жакшы кошуначылык мамилелерин орнотот. Бул убактылуу келишим болуп, халифа иш жүзүндөгү согуш абалындагы мамлекеттерге каршы турууга даярдык көрүү үчүн шарт деп билгенге чейинки мөөнөттө түзөт. Ал Ислам мамлекетине кимдердин кириши мүмкүн экендигин жана кимдердин киришине тыюу салынышын токтом кылат о.э. Ислам жеринин бирер бөлүгүн басып алган – яхудий вужуду сыяктуу – ар кандай вужудга каршы иш-жүзүндө согуш абалын жарыя кылат. Бул нерселерде бир да халифа шаръий өкүмгө тескери иш кылбайт. Мисалы, аскерий союз түзбөйт жана мусулман өлкөлөрүндө аскерий базалардын болушуна уруксат бербейт. Келишимдердин бири да бузулбашын же бузулду деп божомолдонбошун күзөтүп-текшерип турат. Исламды бүткүл дүйнөгө жаюу үчүн кошуунду жетиштүү даражада мыкты даярдап болгондон кийин гана аларды аракетке келтирет. О.э. Халифа Аллахтын шарияты жер жүзүндө тикеленишине көңүл буруп, өлкө ичинде Исламды чыйралуу колдонот жана өлкө сыртында Исламды кеңири жаят. Мында эч бир адамга же жамаатка кафир мамлекеттер менен келишим же бүтүм түзүүгө уруксат бербейт. Халифа зомбулук кылбайт, тескерисинче, ага же анын орун басарына командачылык жана аскерий саясат алып баруу укугу берилген соң, Аллахтын шариятын бекем карманат…

Демек, мусулмандар Исламды жана Ислам мамлекетин кайра тикелөөгө аракет кылып жаткандар менен бирге аракет кылышы, бул иште Аллах Өз пайгамбарларына нусрат бергендей, пенделерине да шексиз нусрат-жардам беришине терең ишениши керек. Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ

«Албетте Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр турган Күндө (кыяматта) да жардам беребиз»                                               [40:51]

Тарыхта Ислам бийлиги туңгуч Ислам мамлекетинин алгачкы он жылынан да аз убакыт ичинде бүткүл Араб жарым аралына жайылды. Бүгүн да – Аллахтын уруксаты менен – Ислам күн менен түн жетип барган жерге чейин кеңири жайылат, Расулуллах ﷺ айткандай:

«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ»

«Бул иш түн жана күн жетип барган жерге чейин жетип барат».

Ошондуктан, биз бардык мусулмандарды, өзгөчө, күч-кубат ээлеринен турган перзенттерибизди улуу аалым Ата ибн Халил Абу Раштанын амирлиги астындагы Хизб-ут-Тахрирге нусрат берүүгө чакырабыз. Муну менен, адамзатка адилеттик жана туруктуулук алып келчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык жарыя кылынсын.

 Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here