Мусулмандардын конституциясын ааламдар Роббиси Аллах Субханаху белгилеп берген! Бизге кафирлердин малайларынын уруксаты керек эмес!

395
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулмандардын конституциясын ааламдар Роббиси Аллах Субханаху белгилеп берген!

Бизге кафирлердин малайларынын уруксаты керек эмес!

 Устаз Абдулхалик Абдун Али

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Белгилүү болгондой, Судан саясий боштукта жашап жатат. Ошондуктан, расмийлер кризистен чыгуунун жолу делген «демилге жана конституциялык сунуштар» туурасында сөздөрдү айтып жатышканы таң калычтуу эмес. «Арабия» телеканалынын кабарында айтылат: «Судан калкынын Улуттук жарашуу демилге тобунун маалымат катчысы Хашам Шуваний жакында ушул топтун маалымат конференциясында өткөөл доордун конституциясы боюнча сунуш киршизмекчи экенин билдирди о.э. бардык судандыктарды үлкөн келишим түзүү үчүн ушул сунушту колдоп-кубаттоого, талкуулоого жана өзгөртүү киргизүүдө кызматташууга чакырды».

Бир ай мурун Адвокаттар уюму конституция сунуштаган. Андан мурун шейх Таййиб Жадд демилгеси болду. Шейхтен мурун Судан Азаттыгы элдик кыймылынын төрагасы, өткөөл кеңештин мүчөсү Малик Аккар аскерий башкаруу менен жарандык башкарууну шайкеш кылуу, жарандык өкмөттү түзүүгө келишүү жана мамлекеттин органдары ортосунда укуктар жана милдеттерди белгилөө туурасында сунуш киргизген. Бул демилгени Суданда аккредитация кылынган дипломатиялык корпустун мүчөлөрүнө сунуштап, Судан эгемендүү болгондон бери башынан өткөрүп жаткан саясий проблеманы чечүүгө салым кошот деген үмүттө бул демилгени жүзөгө чыгаруу үчүн колдоону талап кылды.

2022-жылы 18-январда «Анадолу» веб-сайтында мындай кабар жарыяланды: «Суданда саясий кризис үч айдан бери токтобой, регионалдык жана эл аралык иш-аракеттер алып барылууда. БУУнун демилгесинин алкагында алты демилге о.э. «IGAD» мамлекеттик агенттигинин демилгеси, Африка Союзунун демилгеси жана Түштүк Судан демилгеси ортого салынган».

Жергиликтүү деңгээлде жакында эки демилге пайда болду. Алар Улуттук Уммат партиясынын жол картасы жана Судан университетинин жетекчилеринин демилгеси. 2022-жылы 18-январда «Анадолу» веб-сайты «Судан кризиси… демилгелер даяр, чечимдер жок» деген темада макала жарыялады. Макала аталышы бул демилге, конституция жана чечимдердин ийгиликсиздигине жетиштүү далил. Себеби, оңдон да, солдон да, ар тараптан адашууга кирип жаткан саясатчылар жана илманийлер себептүү Судан кудум тажрыйба өткөрүлүүчү чычканга окшоп калды… Адамдарды бактысыздыктан дагы да төмөн жана кор жашоого түртүп жаткан бул тажрыйбалар колонизатор кафирлердин программаларына ээрчүүнүн табигый акыбети болуп эсептелет. Негизи, бул кафирлер илманийликти жайып, аны ушул жаңы илманийлердин мээсиндеги конституциянын өзгөргүс негиздерине айлантышты.

Мисалы, колонизаторлук Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алтымышынчы жылдары Советтер Союзунун жетекчилигиндеги эл аралык чабуулга учурагандан кийин жаңы көрүнүшкө өзгөрдү. Т.а. исламий өлкөлөргө жасалма эгемендүүлүк берген сахна оюну башталып, колонизатор аскерий кошуундарын алып чыгып кетти, бирок, ага берилген малайлары аркылуу саясий таасирин калтырды. Бул малайлар арамза колонизаторлуктан кутулдук деп адамдарды алдашты. Эгемендүүлүк ураандары астында бул «эгемендүү» мамлекеттер эгемендүүлүк байрактарын жана мамлекеттин гимндерин, мамлекеттин конституциясын иштеп чыгышты. Кийин колонизаторлордон улуттук конституция түзүп берүүнү үмүт кылып кээде Чыгышка, кээде Батышка жүгүрүштү. Өздөрүндө эч бир умматта табылбаган амалий фикхий мыйзам чыгаруу мурас турганына көңүл бурушпады. Чамасы, Наполеон Мисирди басып алганда колго алып, аны Францияга жөнөткөн «Имам Маликтин Фикх деваны» Батыш үчүн эң чоң олжо болуп эсептелсе керек.

Биз, мусулмандарга, Ислам конституциясы же кайрыисламий конституциянын бирин тандоо берилбеген. Биздин конституциябыз Ислам конституциясы гана болушу шарт. Себеби, Умматтын акыйдасы – Ислам. Демек, анын маданиятын да, хазаратын да, фикхий жана мыйзам чыгаруу мурасын да Ислам туюнткан. Уммат Ислам конституциясынын өкүмдөрүнө ыраазы болот. Ыраазы болуп гана калбастан, ал тургай, ага толук моюн сунуп, аны колдонбош үчүн айла-амал кылбайт. Мисалы, эгер бир мусулманды алып карасак, ал мал-мүлкүнүн зекетин ыраазы болуп, кубанып, моюн сунуп берип жатканын, ал эми, залим мыйзамдар тарабынан мойнуна жүктөлгөн салыктарды төлөөдө түрдүү айла-амалдарды кылып жатканына күбө болобуз.

Бул өкүмдарларга жана Батыштын маданиятына, мыйзамына, конституцияларына уулангандарга айтар сөзүм: кафир Батышка жалынуу менен өзүңөрдү кыйнабагыла, тескерисинче, бай мыйзам чыгаруу мурасыңарды издесеңер, эч кандай кайрыисламий нерсе жок болгон, ал тургай, кайрыисламий нерседен таасирленүү да болбогон толук бир мыйзамдар системасын табасыңар. Хизб-ут-Тахрир Халифалык мамлекети үчүн жетик конституция долбоорун иштеп чыкты жана Ислам Умматына кайрылып, бул конституцияны колдонуу үчүн аракет кылууга чакырды о.э. Умматты Батыш маданиятына уулангандарга минтип айтууга үндөдү: биз жакында эле пайда болгон, өз түзүмүнө ээ болбогон, бирөөлөрдөн жардам сураган умматпызбы?! Таптакыр андай эмес! Биз он кылымдан ашуун адамзатка изгилик жеткирген узун тарыхка ээ Умматпыз. Бүгүн колубузда бүткүл дүйнөнү адашуудан, кыйроодон жана зулумдан чыгаруу үчүн биз сунуштап долбоор бар. Ислам – бүткүл дүйнөгө рахмат болуп келген улуу дин. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلاَّ رَحْمَة لِلْعَالَمِينَ

«Биз сени бардык ааламдарга рахмат кылып жибердик»                                        [21:107]

Биз, мусулмандардын, бир түзүмүбүз бар, аны менен өкүм жүргүзүүгө жана ага баш ийүүгө буйрулганбыз. Ал Халифалык түзүмү болуп, аны тикелөө үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшообуз, бул түзүм менен Роббибизди ыраазы кылышыбыз жана бытырандылыгыбызды бириктирип, намысыбызды, мал-мүлкүбүздү коргошубуз керек. Аны менен Аллахтын досторуна тынчтыкты, душмандарга согушту кепилдешибиз зарыл. Мына ошондо Ислам конституциясын колдонгон болобуз. Ошол күндө бардык момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат.

 Роя гезити, №420, 2022-жыл, 7-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here