ИИМ Кытайдын көзөмөл камераларын Бишкектин бардык райондорунда орнотууну сунуштады

545
0

ИИМ Кытайдын көзөмөл камераларын Бишкектин бардык райондорунда орнотууну сунуштады

         Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган 519 ашык камера иштеп баштады. Мындан сырткары, укук бузууларды аныктоо үчүн коомдук жайларда 2 177 видеокамера иштеп жатат. Ички иштер министрлиги Кытайдын күнү-түнү байкоо салып турган мындай камераларын Бишкектин бардык райондоруна орнотууну сунуштады. Мекеме жарандардын чогултулган маалыматы каякта сакталары тууралуу маалымат бере элек.

         Эске салсак, 2019-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC компаниясынын кызматташуусу тууралуу буйрук чыгарган. Белгилүү болгондой, CEIEC компаниясынын бул камералары адамдын бетин эле тааныбастан, ал тууралуу бардык маалыматты билип берүүгө ыңгайлашкан. Тагыраагы, адамдын аты-жөнүн, соттолгон-соттолбогонун, айып пулу барбы-жокпу, канча баласы бар, терс жана оң мүнөздөмөлөрүнө чейин маалыматтарды аныктап берет. О.э ИИМ тараткан видеолордун биринде камерада Tiandy деген жазууну көрүүгө болот. Бул компания да Кытайда видеобайкоо камераларын чыгарган алдыңкы ишканалардын бири.

         Президент Садыр Жапаров да буга чейин “Сырткы видео байкоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койгон.

         Кыргызстандын 4 миллиарддык тышкы карызынын тең жарымына жакыны, тагыраагы 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдан алынганы белгилүү. Мындан улам, Кытай өлкөдө экономикалык кызыкчылыктарынан тышкары, саясий жана коопсуздук максаттарын да ишке ашыра баштады. Буга Орусиянын экономикалык жактан алсырап баруусу да чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Маселен, Коопсуз шаар боюнча өткөн тендердин экинчи айлампасын да Кытайдын компаниясы утуп алган.

         Белгилүү болгондой, кудайсыз кытай өкмөтү намаз окууну, орозо кармоону, эркектердин сакалы менен аялдардын хижабын да терроризм жана экстремизмдин белгиси деп эсептейт. Кыргыз өкмөтү менен боло турган кызматташтыкта да, ошол исламий баалуулуктар жайылышынын алдын алууну о.э. Кытайга каршы маанай жаратууда негизги орунду ээлеген исламий жамааттар менен активдүү мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылары анык. Булар экстремизм жана сепаратизм шылтоолору астында алып барылат.

         Кыргыз өкмөтүнүн Россия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайлык компанияларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат. Анын Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору же атайын келишим аркылуу орнотуп жаткан камералары эч кандай жол коопсуздугу же жарандар коопсуздугу үчүн киргизилген эмес. Эгер чындап коопсуздугубуз көздөлсө, аны мамлекет өзү да ишке ашыра алмак. Ал тургай, буга чейин бир нече шаарларда, а түгүл кичи райондордо мындай коопсуздук долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылган.

         Демек, бийлик ээлери бул долбоорлор аркылуу кытайлыктардын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетишине жол ачып берүүдө. Бул болсо, учурунда Кытайдын баскынчылык саясатына кызмат кылат. Кытай бул долбоорлор аркылуу бүгүнкү Цинзяндагы репрессиялык саясатын эртең Кыргызстанда да улантууну көздөйт. Кытайдын ушундай “коопсуздук” көзөмөлдөрү айынан, бүгүн Синьзяндагы лагерде үч миллиондун тегерегинде уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар зулумдук чегүүдө. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here