Рохинжа мусулмандары Мьянма-Бангладеш-өлүм кайыктары ортосунда

474
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Рохинжа мусулмандары Мьянма-Бангладеш-өлүм кайыктары ортосунда

 «Monte Carlo Doualiya» веб-сайты хижрий 1444-жылы 2-жумадуссаний, миладий 2022-жылы 26-декабрь күнү ушул кабарды таратты: «Дүйшөмбү күнү БУУга караштуу маалымат агенттиктери Рейтерге маалымдашынча, Бангладеш лагерлериндеги оор шарт себептүү качкындар ал жерден качууга аракет кылышкан. Акыбетте, 180 рохинжа мусулмандары бараткан кайык чөгүп кеткен жана бул окуя 2022-жылды ушул этникалык топ үчүн эң жаман жылдардын бирине айлантты.

Бир миллионго жакын рохинжа мусулмандары Мьянмадан качып, калкынын чоң бөлүгү болгон Бангладештеги тыгын лагерлерге жайгашкан… Алардын он миңдегенин 2017-жылдагы Мьянма армиясы тарабынан жасалган массалык кыргындан кийин өз журтунан качып келген рохинжалар түзүшөт.

Калкынын чоң бөлүгү буддист болгон Мьянма рохинжа мусулмандарын Түштүк Азиядан мыйзамсыз көчүп келген деп алардын көпчүлүгүнө жарандык берүүдөн баш тартып келет».

Роя:

Рохинжа мусулмандары Мьянма бийлиги тарабынан жасалып жаткан кыргын, намыска кол салуу жана этникалык тазалоо операцияларына туш келишүүдө. Алардын белгилүү бир бөлүгү Бангладешке качып келген. Бирок, алар ал жердеги жашоого жараксыз камак лагерлеринде курчоодо калып, ачкалыктан жана куугунтуктоолордон азап тартышты. Хасина өкмөтү чет элден жардамдарды алууда жана ички саясатта алардан куулук менен пайдаланды. Ошондуктан, ал жердеги рохинжа мусулмандары деңиз толкундарына туруштук бере албаган эски кайыктарда деңиз бойлоп белгисиз тарапка баруу үчүн өздөрүнүн болгон байлыктарын сарпташты жана учкундан качып отко кабылышты! Таиланд, Малайзия жана Индонезия сыяктуу кошуна мамлекеттер аларды өлкөгө киргизбей, чөгүп өлүшүнө таштап коюшту!

Гарвард университети тарабынан жүргүзүлгөн «Качкындар лагеринин геосиясий стратегиясы» деп аталган изилдөөдө мындай делет: «Качкындарды кабыл алган өнүгүп келе жаткан мамлекеттер жана дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери качкындарды чегара жанындагы лагерлерде кармашууда же өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыктарына карап аларды кабыл алган мамлекеттерге таратып жиберишүүдө».

Аллахтын уруксаты менен, жакында тикелене турган Халифалык адамдарды, мусулман болобу, мусулман болбойбу, айырмасыз, кризиске кептөө менен эч качан өзүнүн саясий максаттарына умтулбайт. Себеби, Халифалык мамлекети мусулмандардын өмүрүн жана урматын гана коргоп калбастан, бүткүл дүйнөдөгү куугунтукталгандар үчүн башбаанек болуу вазыйпасын өтөйт. Мисалы, миладий 1492-жылы Усманий халифа Баязид II Испаниядан куугунтукталган жана сүргүн кылынган яхудийлерге дарбаза ачып, аларды мусулман коомго кошкон. Баязид: «Кимде-ким мусулмандардын коргоосунда жашоону кааласа, Халифалык мамлекетине кирип тынч жашашы мүмкүн», – деп жарыялаган. Мына, улуу Ислам, мына анын өкүмдөрү жана мамлекети!

 Роя гезити, №425, 2022-жыл, 11-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here