Азык-түлүк коопсуздугу

749
7

 Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

               Бисмиллахир рохманир рохиим

       Айлана-чөйрө саламаттыгы

 Азык-түлүк коопсуздугу

   Албетте, биз керектеп жаткан азык-түлүктөр химиялык жана биологиялык коркунучтарга бута болуп эсептелет. Эгер азык-түлүк бузулса же даярдоо жараянында тазалык сакталбаса, албетте мындан түрдүү оорулар келип чыгышы мүмкүн. Жаныбарлардан алынуучу продукциялар жана жумшак жашылча продукциялары Сальмонелла, Листериа жана патогендик Колиформ бактерияларын о.э. Бассилус, Ентерококкус жана Глостридиум, Ботилинум ысыкка чыдамдуу бактериалык белокторун ташышы мүмкүн. Алар – ал тургай, аларды иштеп чыгарган бактерияларды өлтүргөндөн кийин да – зыяндуу болуп кала берет. Азык-түлүктөр даярдоо, кадактоо же сактоо маалында да булганышы мүмкүн. Ушул жол менен алар дан азыктарына жана башка өсүмдүк продукцияларына токсиндерди чыгарышы мүмкүн. Жаныбарлардан алынуучу продукциялар өз ордунда да булганышы мүмкүн. Жер Ортолук деңизинин айланасындагы мамлекеттерде сүт берүүчү чарба малдарында бактериалык ячейкалуу паразит козгоочу Бруцелёз кеңири жайылган оору болуп, ал адамдарга пастеризацияланбаган сүт, жумшак быштак жана чала бышкан эт аркылуу жугат. Жаныбарларды кайрадан иштетилген айбандардын калдыктары менен азыктандыруу сыяктуу нашаръий иштер мал-жандыктар арасында “Жунунул бакар” оорусунун жайылышына алып келди. Эгер ал адамдарга жукса, Крейтцфельдт-Якоба оорусуна алып келет.

  Халифалык мамлекети азык-түлүк өнөржайынын бардык чекиттеринде, фермердик чарбалардан баштап, тээ керектөөчүгө чейин азык-түлүк гигиенасы стандарттарын орнотуп, бул стандарттар сакталышын көзөмөлдөшү керек.

Зооноз оорулары жайылышын көзөмөлдөө жана алдын алуу

   Көптөгөн айыл чарба жандыктарынын оорулары жаныбарлардын продукцияларын пайдалануу же айыл чарба жандыктары менен түздөн-түз мамиледе болуу аркылуу адамдарга жугат. О.э. кургактыктагы жаныбарлар зооноз оорусунун негизги булагы болуп эсептелишет. Ошондуктан да бул оору зооноз оорусу (жаныбарлардан тараган оору) деп аталат. Куш тумоосу, чочко тумоосу жана коронавирустун акыркы үч жолку оор пневмания толкундары жаныбарлардан келип чыккан. Алардын эң акыркысы Covid-19 оорусуна себепкер болгон Covid-SARS 2 о.э. Zika жана Ebola вирустарынан келип чыккан башка жугуштуу оорулар, Q ысытмасы (Ку-лихорадка), туберкулез жана кутурма сыяктуу башка эпидемиялардын бардыгы зооноз т.а жаныбарлардан тараган оорулар болуп эсептелет. Буга кошумча, нашаръий жыныстык алакалардан келип чыгуучу  (OIV) OITS (Спид) оорулары да бар. Ушул  жугуштуу оорулардын адамдарга жугуу ыкмалары бул ооруларга карай айырмаланат.

  Жаныбарлар арасында оорулар жайылышын көзөмөлдөө жана адамдарга жугушунун алдын алуу Халифалык мамлекетинин алдында турган эң маанилүү милдеттерден болуп эсептелет.  Ошондуктан, бул мамлекеттин негизги милдети ветеринарлардан турган атайын органды түзүүдөн турат. Бул орган өзүнүн негизги милдетинде Айыл чарба идарасына (зироат бөлүмүнө) моюн сунат жана төмөнкү тармактарда Саламаттыкты сактоо идарасы менен биргеликте иш алып барат:

А – Жаныбарлардын саламаттыгын көзөмөлдөө: Ислам мамлекетиндеги ветеринария апараты мамлекетке же жеке тараптарга тиешелүү бардык мал-чарбасын күзөтүп барат.

Б – Оору ташуучу зыянкечтерге каршы күрөшөт.

В – Жапайы жаныбарларды сактоо: Жапайы жаныбарлар байлыгын сактоо жашоо уланышы үчүн жана жаратылыштагы тең салмактуулукту сактап калуу үчүн зарыл иш болуп эсептелет. Жапайы жаныбарлардын саламаттыгы болсо – кутурма, куш тумоосу жана башка оорулардын үй жаныбарларына же адамдарга жугушунун алдын үчүн – маанилүү аамил болуп эсептелет.

  Албетте, адамдын саламаттыгы жаныбарлардын саламаттыгы менен байланыштуу. Бул акыйкат жаныбарларга көңүл бурууга чакырат. Мындан тышкары, жаныбарларга камкордук кылуу шариятта сооп иш болуп эсептелет. Абу Хурайрадан риваят кылынган хадисте Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам мындай деген:

بَيْنمَا رَجُلٌ يَمْشِي بطَريقٍ اشْتَدَّ علَيْهِ الْعَطشُ، فَوجد بِئراً فَنزَلَ فِيهَا فَشَربَ، ثُمَّ خَرَجَ فإِذا كلْبٌ يلهثُ يَأْكُلُ الثَّرَى مِنَ الْعَطَشِ، فَقَالَ الرَّجُلُ: لَقَدْ بلَغَ هَذَا الْكَلْبُ مِنَ العطشِ مِثْلَ الَّذِي كَانَ قَدْ بَلَغَ مِنِّي، فَنَزَلَ الْبِئْرَ فَملأَ خُفَّه مَاءً ثُمَّ أَمْسَكَه بِفيهِ، حتَّى رقِيَ فَسَقَى الْكَلْبَ، فَشَكَرَ اللَّهُ لَه فَغَفَرَ لَه. قَالُوا: يَا رسولَ اللَّه إِنَّ لَنَا في الْبَهَائِم أَجْراً؟ فَقَالَ: “في كُلِّ كَبِدٍ رَطْبةٍ أَجْرٌ

Бир киши өтө катуу ысыкта жолдо бара жаткан эле. Бир кудукту учуратып, анын ичине түшүп, суудан ичип, кайтып чыкты. Караса, бир ит чаңкагандан топуракты жалагыдай болуп, кансырап турат. Ушул ит да мага окшоп катуу чаңкаптыр да деп, кудукка түшүп, маасысын сууга толтуруп, аны оозу менен тиштеп, жогоруга көтөрүлүп, итти сугарыптыр. Алла бул ишке ыраазы болуп, аны кечириптир. «Я Расулулла, айбандар туурасында да бизге сооп болобу?» деп суралган эле: «Ар бир тирүү жан туурасында сооп бар», – деп жооп берди”.

Бактар жана токойлорду сактоо

   Бакчалар жана токойлор жер жүзүндө жашоонун уланышын жакшыртуучу табигый өпкө милдетин аткарат. Демек, алар жашоо уланышы үчүн о.э. жаратылыш мыйзамы Аллах Таала белгилегендей бир калыпта уланышы үчүн зарыл аамил болуп эсептелет. Анткени, адамдар менен жаныбарлар кислородго, азык боло турган заттарга муктаж. Айрым жаныбарлар болсо, бул токойлорго өздөрү жашаган мухиттин сыпатында муктаж. Ошондуктан, бактар жана токойлорду коргоо жашоо уланышын камсыздоо үчүн зарыл болгон иш болуп эсептелет. Ырасында, табигый жашоону бүп-бүтүн, толук бойдон сактап калуу зарыл болгон соң,  Ислам мамлекети токойлорду кыйып жок кылуудан, алардагы тирүү жандыктарга аңчылык кылуудан, же аларды токойлордон кууп чыгуудан коргошу керек болот.

Канализация

   Канализация – таштандыларды экологиялык жактан эң саламат башкаруу болуп, ал өзөн сууларын, жамгырлардын багыттарын буруу милдетин да аткарат. Ал өнөржай жана айыл чарба таштандылары маселесин айлана-чөйрө менен элдин саламаттыгына таасирин тийгизбей турган көрүнүштө чечүүгө да жардам берет. Ошондуктан, калктуу конуштарда агын суу жана таштандыларды агызууга болжолдонгон канализация тармактары мамлекет тарабынан уюштурулушу керек. О.э. мамлекет бул таштандыларды көмүү, өрттөө же булганыч болбогон таштандыларды кайрадан иштетүү борборлорун түзүшү керек. Бул болсо, иштерди башкаруу жана зыяндын алдын алуу бөлүмүнө кирет. Мындан тышкары, таштанды полигондору жана таштандыларды кайрадан иштетүүчү ишканалар турак жайлардан жана суу бассейндеринен алыста жайгаштыруу да мына ушул иштерди башкаруу жана зыяндын алдын алуу бөлүмүнө кирет.

Турак жай шарты үчүн санитария инженериясы

  Ислам мамлекетинде шаар жана турак жайлар архитектурасы калктын саламаттыгына жана алардын дем алуусуна кызмат кылышы керек. Ал үчүн шаарлар булгануудан жана ызы-чуудан чектелет. Үйлөр болсо заводдор менен түрдүү устаканалардан алыска курулат. Магистралдык жолдор, темир жол вокзалы жана аэропорттор да үйлөрдөн жана калктуу конуштардан алыс жайгаштырылат. Мамлекет шаарлар жана турак жайлар архитектурасын – аба айланышына мүмкүнчүлүк бере турган, калктын чектен ашык көп топтолушуна жол бербей турган о.э. санитардык-гигиеналык шарттарга, көчөлөрдү тазалоого жана таштандыларды алып чыгууга ыңгайлуу болгон көрүнүштө долбоорлойт. Мамлекет шал, сокур жана түрдүү ооруларга чалдыккан адамдарды эсепке алып, транспорт каражаттарын жана жолдорду ыңгайлаштырышы, аларды оору жана майыптардын талап жана муктаждыктарына ылайыкташтырышы керек.  Айрыкча, мектептер жана мамлекеттик имараттар сыяктуу коомдук мекемелерде мамлекет тарабынан ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек. Бул мамлекет башчыга важиб болгон иш. О.э. жаш балдар кооптуу жайларда ойноо коркунучуна дуушар болбошу үчүн мамлекет аларга да, калктын калган бөлүгүнө да коопсуз эс алуу жайларын о.э. оюн аянттарын уюштурушу керек.

Стандарттар жана көзөмөл

   Адамдарды бузулган азык-түлүктөрдөн, булганган суу жана булганган абадан коргоо үчүн Ислам мамлекети төмөнкү умумий иштерди аткарышы керек: Кооп-коркунучтарды баалоо, коопсуздук стандарттарын орнотуу, аба, суу жана азык-түлүк продукцияларын текшерүү. Мындан тышкары, мамлекет жаныбарлар саламаттыгын адам саламаттыгынын аамили катары көрүшү керек. Ошондуктан, ветеринардык экспертиза да мамлекеттин жоопкерчилигинде. Ушул текшерүүлөр лабораториялар менен камсыздалышы керек. Кечигүү натыйжасында пайда боло турган ар кандай коркунучтун алдын алуу үчүн коркунуч болгон жайда ыкчам анализ жасоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү диагностика каражаттарын иштеп чыгуу үчүн лабораториялык изилдөөлөр колдоого алынышы керек. Жакшы жабдылган аймактык лабораториялар тынымсыз диагностикалык талдоолорду жүргүзүшү керек. Ушул лабораториялар массалык эпидемиялар ыктымалына каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган жабдыктар менен жабдылышы керек. Ал жабдыктар калктын муктаждыктарын кандыруу үчүн изилдөө жараяндары сезиле турган деңгээлде күчөшүнө жардам берет.

  Халифа техникалык эксперт комитеттеринин сунуштары негизинде аба, суу, азык-түлүк жана ветеринария коопсуздугу стандарттарын кабыл алат. Мухтасибдин атынан аракет кылуучу инспекторлор бул  эрежелерди ишке ашырууга мажбурлашат. Алар мыйзам бузгандарга каршы чара көрүү ыйгарым-укугуна ээ болушат. Мисалы, бузулган же жасалма тамак саткандыгы ашкере болгон ресторандар менен дүкөндөрдү жаап коюшат. Эгер кайдыгерлик кылып, же атайылап тамакты бузуп коюшкан болсо, андай ресторан жана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ээлерине каршы жаза чараларды колдонушу мүмкүн. Оңдоо кыйын болгон жайларда, мисалы өнөржай өндүрүшүндө болгону сыяктуу, инспекторлор бузулуулар туурасында отчётторду сунушташы керек. Андан соң, бул маселе завод ээси менен биргеликте каралат. Тийиштүү жогорку билимге ээ болгон инспекторлор атайын стандарт иш тартип-эрежелерине ылайык мониторинг кылуу жана үлгү алуу боюнча окутулат. Мамлекет ар дайым ушул коркунучтарды түшүнүү жана оңдоого каратылган изилдөөлөр менен бир катарда жүрүшү керек.  Борбордук лабораторияларды фундаменталдык изилдөөлөр менен камсыздашы керек. Ошону менен бирге, аймактык лабораторияларды да үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушу шарт.

7 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here