Американы жана бүткүл дүйнөнү мусулмандардын каны төгүлүшү, жарылуучу бочкалардын жардамында жарандардын кыргын кылынышы тынчсыздантпайт!

333
0

2012-жылдын август айынан тартып канкор Башардын режими жарылуучу бочкаларды колдоно баштады. Бул өлүм жана ойрондулук куралдары катардагы жарандардын башына жаадырылууда… Бул жарылуучу бочкалар башка бомба жана ракеталарга салыштырмалуу арзан болуп, бийлик күчтөрү террор курал катары колдонушу ыңгайлуу. Бул үчүн ашыкча мээнетке кажет жок, аларды вертолётторго салып, жердеги жарандарга, эркек, аял, балдарды айырмалабай баарын кыргын кылуу үчүн асмандан ыргытуу гана жетиштүү! Отчёттордо айтылышынча, Сирияда болжол менен 6000 жарылуучу бочка колдонулган, мунун акыбетинде 20 миң адам набыт болгон.

Чамасы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул куралдарды колдонууга тыюу салуу жөнүндөгү №2139 резолюциясы ишке ашпай жаткан көрүнөт. Муну расмий басма сөз да ачык айтууда. Асад Сириядагы мусулмандардын канын төгүүнү күчөтүп, бул жарылуучу бочкаларды улам жаңы региондордо да беймарал колдонууда. Хьюман Райтс Вотч уюму бул резолюция чыгарылгандан тартып, 2014-жылы 14-июлга чейин жарылуучу бочкалар жардамында Халебдин өзүндө 650 жолу чабуул кылынганын каттаган. Ошого карабастан, Кошмо Штаттар жана Европа бийликтери айрым жамааттар тарабынан «согуш кылмыштары» жасалганы жөнүндөгү отчётторго абдан кескин мамиледе болуп, ошол эле учурда, малай акимдердин үлкөн көлөмдө жана тынымсыз ишке ашырган, дале ишке ашырып жаткан мына ушундай жырткычтыктарына көз жумууда. Алардын мындай шектүү сүкүтү Иракта да тайпачыл режимди Сириядагы кесиптешинин жолун карманууга үндөөдө. Акыбетте, ал да Ирактын түрдүү жерлеринде, Фаллужадан тартып, Кармада, Тикритте, Байжиде жана Масулда бул бочкаларды кеңири көлөмдө колдонду…

Кошмо Штаттар жана Европа бийликтери Сирия жана Ирактагы малайлары тарабынан ишке ашырылып жаткан кыргындарга ооз ачпай, яхудий мамлекетинин Газадагы ашынган чабуулдарын колдоп-кубаттап өзүнүн эки жүздүүлүгүн көрсөтүүдө. Ушулардын баары бул бийликтердин гумандуулук, инсандын өмүрүн жана намысын урматтоо… сыяктуу сөздөрү бүтүндөй жалган, адаштыруу экенине ачык-айкын далалат кылууда! Бул бийликтерди адам укуктары жана адамдардын малы, жаны кыпындай да тынчсызданбайт. Кээде алар мусулмандарга каршы жасалган чабуулдарды каралап да коюшат. Анткени, мындай каралоо алардын кандайдыр бир кызыкчылыктарына кызмат кылган болот, качан кызыкчылыктарына кызмат кылбай калганда малайлары жана союздаштары ишке ашырып жаткан кыргындарга көз жумушат… Андыктан, исламий өлкөлөргө эгилген мындай канкор режимдер мусулмандарды бөлүү, күч-кубатын кыйратуу, өлкөлөрүн бири-бирине каршы согушка кирген мамлекетчелерге ыдыратуу кызматын өтөйт. Мындан бул колонизатор мамлекеттердин мусулмандардын байлыктарын талап-тоноосун жана өкүмдарлык кылуусун жеңилдетүү, андан да маанилүүсү, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетинин тикеленишине жол бербөө көздөлгөн. Албетте, Халифалык алардын жалган сөздөрүн, айла-амалдарын ачыкка чыгарат, жалганчы тилдерин кесип алат о.э. биз акыйкат, адилет жана адам укуктарынын коргоочуларыбыз деп дүйнөгө жар салган сөздөрүнө чек коёт. Алардын бул аракеттери шерменде ийгиликсиздиктен башка нерсе эмес. Биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, Ислам Үммөтү дүйнөнүн башкаруу тизгинин өз колуна алуу алдында турганына бекем ишенебиз жана бул Аллахка таптакыр кыйын эмес.

«Алар Аллахтын нурун (Исламды) ооздору (пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо,(кафирлер) каалашпаса да, Өз нурун толо (чар тарапка)жаюуну каалайт. Ал (Аллах) Өз Расулун хидаят жана чын дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат»                                                                                  [9:32]

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

Уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here