Маалымат каражаттарындагы кабарларга ылайык, 2014-жылдын 1-октябрынан баштап калк үчүн 1 куб метр жаратылыш газынын тарифи болжол менен 12 сом 95 тыйынга барабар болот.
“Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердин Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын натыйжасы боюнча, Кыргызстан жана Казакстан чегарасында жаратылыш газынын баасын 1,4 арзандатуу т.а. 1000 куб метр үчүн 224 доллардан 165 долларга арзандатуу чечими кабыл алынган.
“Газпром Кыргызстан” тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн натыйжасы боюнча, республиканын калкы үчүн жаратылыш газынын баасын 2014-жылдын 1-октябрынан баштап бир куб метр үчүн болжол менен 12 сом 95 тыйынга барабар болот. Учурда газдын баасы бир куб метр үчүн 16 сом 35 тыйынга барабар. Бир куб метр 21%га же 3,4 сомго арзандайт.
Туркистон: Кыргызстандын түштүгүндө жашаган жарандар таӊ калышууда. Жок газдын баасын бекер кылып койсоӊ да эмне өзгөрмөк эле?
Кымбат болсо да келип турган эле, эмнеге токтоду? Ким айыптуу? Качан келет? Бул сыяктуу суроолор, мезгилдин өтүшү менен акырындап жоголуп барууда. Газпром айыптуубу же өкмөтпү? Миллер да, Атамбаев да бул тууралуу ооз ачпады. Бирок, Атамбаев теманы башка тарапка буруп, биз башка мамлекеттерге баш ийбейбиз деп айыпты Өзбекстан бийлигине бурмакчы болду. Эгерде Кыргызстандын колундагы документтер туура болсо эмне үчүн Өзбекстан газды жаап коюуга батынууда. Документтер туура эмес болсо, ким буга кайдыгер болду. Россия тарап атайын өзбектерди ишке салып газды жаап койгон болсо, азыр анын бардык шарттарына дээрлик ыраазы болдук, кол койдук бирок эмне үчүн газды ачуу туурасында дагы деле сөз болбой жатат. Кандай болгондо да кыргыз өкмөтү айыптуу.