بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Яхудий вужудун шайтандын васвасасына салып коё турган рошид командачы барбы?!
Жума күнү асрда кылмышкер яхудий вужудунун армиясы Газа секторуна аба чабуулдарын жасады, натыйжада ондогон инсандар шахид болду, жүзөдөгөнү жараат алышты… Яхудий вужудунун армиясы Газа секторунда согуштук операция өткөрүүнү жарыялап, бир нече объекттилерди жана Фалестиндеги Исламий Жихад кыймылына караштуу жетекчилерди бутага алды. Буга жооп катары, Фалестиндин согушкер жамааттары Газа секторунан баскынчылардын кварталдарына бир нече ракеталарды атышты.
Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарак Фалестиндин маалымат бөлүмү бул окуя жөнүндө өзүнүн веб-сайтында мындай түшүндүрмө берди: «Бул кылмыштуу чабуул бир канча ортомчу режимдер, негизинен Мисир режими аркылуу яхудий вужуду менен тынчтык орнотууга жана кескиндикти басаңдатууга иш-аракеттер жасалып жатканда уюштурулду. Муну жасоо менен баскынчы вужуд бул режимдерди жана ортомчуларды сокур тыйынчалык кадырлабастыгын… аларга ыплас кызыкчылыгы жана коопсуздугу үчүн гана көңүл буруп жатканын билдирүүдө. Башка жактан болсо, согушкер мужахид жамааттар өз тажрыйбаларынан өткөргөн абалда, бул ортомчуларга эч качан ишенүү мүмкүн эместигин, анткени алар яхудий вужуду менен душмандыкта жана кылмышта шерик экенин аңдап түшүнүүлөрү зарыл. О.э. мужахиддер Фалестин маселеси Уммат маселеси экенин аңдашы жана бул нерсе алардын кайрылууларында жана Умматка карай иш-аракеттеринде өз тастыгын табышы керек…
Ислам Умматына келсек, Уммат бул мубарак жерди коргоого жоопкер. Фалестинге жана анын калкына нусрат берүүгө аракетсиздик Умматтын мойнунда. Демек, Ислам Умматы ушуну аңдашы керек, Уммат бул мубарак жерди азат кылууга, яхудий вужудун ойрон кылып, изин да калтырбай жок кылууга катъий чечим кылмайынча яхудий вужудунун мубарак Фалестинге жана Акса мечитине каршы кылмыштары жана зомбулуктары токтобойт. Бул болсо, оболу Умматтын мойнуна минип алган жана Фалестин маселесинде тил бириктирип жаткан мусулман режимдерин кулатып, исламий армияларды Фалестин тарапка сапарбар кылуу аркылуу ишке ашат. Анткени, бир нече саатта эле нусратка жетишип, согушту бир жактуу чечүү мүмкүнчүлүгүн берген кубат жана потенциалдар ушул исламий армиялардын гана колунда. Демек, ушул армиялардагы офицерлер жана аскерлер чын дилден чечим кылып, калыс ниет кылышы жана Фалестинге азат кылуучулар жана фатихтерден болуп кириши керек.
Роя гезити, №403, 2022–жыл, 10–август.