Америка шайх Айман Завахарийге кол салууда, исламий өлкөлөрдүн рувайбизалары болсо, айрымдары сүкүт кылышса, айрымдары алкышташууда!

139
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка шайх Айман Завахарийге кол салууда, исламий өлкөлөрдүн рувайбизалары болсо, айрымдары сүкүт кылышса, айрымдары алкышташууда!

Саудия тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүгө ылайык, «АКШ президенти Жо Байдендин Ал-Каида жетекчиси Айман Завахарий бутага алынып, өлтүрүлдү» деген кабарды Сауд Арабия алкыштаганы маалым кылынды. Билдирүүдө (Аллах рахматына алсын) Завахарий «АКШ, Сауд Арабия жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде жийиркеничтүү операцияларды пландаштырган террорчу жетекчилердин бири» деп аталат. Бул арада Америка менен Талибан кыймылы Завахарий маселесинде бири-бирин айыпташты. АКШ мамлекет катчысы Энтони Блинкен өз билдирүүсүндө: «Талибан өз милдеттерин аткарууна каалабайт жатканына же аткара албай жатканына карабастан, биз афган калкын үлкөн гуманитардык жардамдар менен колдоону о.э. адам укуктарын, айрыкча аялдардын укуктарын коргоону улантабыз», – деди. Өз кезегинде, Талибан да АКШнын чабуулун каралоо менен жооп кайтарып, өзүнүн маалымат катчысы Забихуллах Мужахиддин билдирүүсү аркылуу чабуулду «эл аралык нормаларды бузуу» деп атады.

Роя:

Катар борбору Дохада АКШ менен Талибан кыймылы ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, бул колонизатор мамлекет «ал үчүн кооп-коркунуч туудурган бирер нерсени тапса Афганистандын ичинде чабуул уюштурууга акылуу». О.э. бул келишимде «Талибан Афганистандын АКШ кызыкчылыгына коркунуч салган очок болушуна жол бербестиги» айтылган. Этибарлуусу, бул кол салуулар адатта АКШ шайлоолору учурунда ишке ашырылып, мындан президент же анын партиясынын шайлоодо добушун көбөйтүүнү көздөйт. Эл аралык тартиптин жетекчиси болгон Америка эл аралык мыйзамдарды тебелеп, мамлекеттердин суверенитетин бузууда о.э. бомбалоодо жана кыргындарды жасоодо… Аны жоопкердикке тартуучу да, токтотуучу да жок. Өкүнүчтүүсү, бүткүл мусулман өлкөлөрү колонизатор кафир Батыштын короосуна айланып калды, алардын арасында бир да көз карандысыз мамлекет жок. Бул өлкөлөрүбүздүн армияларындагы калыс офицерлерге жана аскерлерге берчү сурообуз ушул: мындай стратегиялык бузулууну оңдоого, саткын жана малайлардын тактысын кулатып, Ислам Умматын өз бийлигине кайтара турган о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетиндеги Ислам башкаруусун тикелөөгө бел байлай турган акылдуу эр жүрөк инсан барбы?!

 

Роя гезити, №403, 2022жыл, 10-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here