Фалестин маселеси исламий өлкөлөрдүн башчыларына таптакыр тиешеси жок

234
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин маселеси исламий өлкөлөрдүн башчыларына таптакыр тиешеси жок

Баскынчы яхудийлер делегациясынын Судан борбору Хартумга келиши, мисирлик офицерлердин баскынчы яхудийлерди зыярат кылышы, андан мурун ливиялык фельдмаршал Халифа Хафтардын самолёту Тель-Авивге конушу… ушул сыяктуу окуялар жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмүн төмөндөкүдөй түшүндүрмө берет: «Баскынчы яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырган режимдер ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташтык региондогу АКШ малайларынын кандай кызматташып жатканын көрсөтөт. Ооба, бул жуундукор мусулман башчылары яхудийлерди кадырлашып, элди бастырууда жана козголоңдорду мууздоодо алардан жардам сурашууда. Алар Батышка кызмат кылып, суверендикти тартып алуучу жана байлыктарды талап кетүүчү колонизаторлук саясаттарын аткаруунун акысына өзүлөрүнүн кулайын деп калган тактыларын сактап калышууда!».

Түшүндүрмөдө дагы мындай делет: «Бул кабарлардан мусулман башчыларынын эң жогорку максаты өз тактыларын жана залим режимдерин сактап калуу болуп, алар Фалестин маселесине алыстан да, жакындан да тиешеси жок экени көрүнүүдө. Бул маселе бүгүнкү күндө баскынчы яхудийлерден коопсуздук жана аскерий жаатта жардам алуу үчүн арзан соода каражатына айланып калды.

Фалестин маселеси, шексиз, Умматтын башка маселелери сыяктуу текке кеткен маселе. Бул текке кетүү мусулман башчылары яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырып, Америка жетектеген Батышка малайлык кылып жатканы үчүн болду. Мусулман калктардын жана Фалестин маселесинин чечими бул режимдерди кулатып, бийликти калыс жана аң-сезимдүү жетекчилердин колуна тапшырылмайынча ишке ашпайт. Бул калыс жана аң-сезимдүү жетекчилер Рошид Халифалыкты тикелешет, Халифалык Исламды колдонуп, Батыш жана анын таасирине чекит коёт, Умматты бириктирип, яхудий баскынчыларды түп тамыры менен кулатат жана мубарек жерди алардын карамүртөздүгүнөн азат кылат».

 Роя гезити, №375, 2022-жыл, 26-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here