Рохинжа мусулмандары бутпарастардын кылмыштары менен Шайха Хасинанын зулуму ортосунда

162
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Рохинжа мусулмандары бутпарастардын кылмыштары менен Шайха Хасинанын зулуму ортосунда

Шайха Хасина Бангладештеги лагерлерде рохинжа качкын мусулмандары балдарынын мектептерин жапты. О.э. Көкбазар регионундагы лагерде мусулмандарга караштуу 3000ден ашуун дүкөндү бузду. Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул кылмышкер режим рохинжа мусулмандарынын бири-бирине таянуусуна жол бербей жатат, тескерисинче, тирүү калуу үчүн аларды чет элдик жардамдарга көз каранды болууга мажбурлоодо.

Негизи, рохинжа кризиси бенгал өкмөтүнө чоң финансылык пайда алып келди. Себеби, ал эл аралык гуманитардые жардамдарды жана гранттарды алды. Бул капиталист илманий башчылар канча көп кризистер болсо, ошончо көп акча табышууда. Батыш мамлекеттери рохинжа гуманитар кризисин каралашат… бирок, мунун эч бир мааниси жок. Тескерисинче, алар мусулман качкындарынын муктаждыгынан өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышууда. Калган мамлекеттер болсо, кризистин уланышына тымызын уруксат беришүүдө, себеби, кризистер алардын иштерине аралашууга шылтоо болот. Андай болбогондо, батышчыл Хасина өкмөтү сапар учурунда рохинжа мусулмандарынын коопчуздугун жана тиричилик мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоону талап кылган БУУ өкүлү Том Эндрюс келиши менен алардын тиричилик жана таалим мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууга батынмак эмес!».

Билдирүүдө Бангладеш мусулмандарына кайрылуу жасалды: «Эй Бангладештеги мусулмандар! Илманий башкаруу түзүмүнөн жана саясий чөйрөдөн кутулбасак, рохинжа мусулмандарынын азап-кыйынчылыктарын токтото албайбыз. Демек, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмүн тикелөө үчүн олуттуу аракет кылып жаткандарга кошулгула. Адамзатты илманий тогуттардан куткарууга Халифалык мамлекети гана кудуреттүү».

 Роя гезити, №375, 2022-жыл, 26-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here