Бишкекте “Евробиримдик – Борбор Азия” экономикалык форуму өтөт.

239
0

Бишкекте “Евробиримдик – Борбор Азия” экономикалык форуму өтөт.

 Кабар: 5-ноябрда Бишкекте “Евробиримдик жана Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев маалымат жыйынында билдирди.

Маалымат жыйынына Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жана Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Мухтар Жумалиев катышты.

Форумга Казакстандын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери келет. Европа Биримдигинин атынан уюмдун вице-президенти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жетекчиси жана бизнес өкүлдөрү катышат

Комментарий: Евробиримдик 2019-жылы Борбор Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыгуу жана кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алган. Ал стратегиянын алкагында Евробиримдиктин Борбор Азиядагы мамлекеттер менен саясий, экономикалык, инвестициялык, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрө, суу запасы жана коопсуздук тармактарында о.э. билим берүү тармагында кызматташтыкты күчөтүү пландаштырылган.

 Мына ошол стратегиянын алкагында Евробиримдик региондогу мамлекеттерге негизинен айыл чарбасы, калкты таза суу менен камсыздоо жана билим берүү тармактарына каражат бере баштады. 2019-жылы билим берүү тармагын колдоо үчүн Евробиримдик менен кыргыз өкмөтү ортосунда 35,7 миллион евро өлчөмүндөгү келишимге кол коюлду жана Евробиримдиктин жооптуулары Борбор Азияга тынымсыз сапар кыла башташты.

 Мисалы, 10-октябрда Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстанга келди. Хакала эки күндүк сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков жана омбудсмен Токон Мамытов менен жолугушту. Хакаланын сапарында саясат, демократия, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурулду. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Евробиримдиктин саясий таасири алсыз болгону менен, экономикалык жактан кирип келүү жана таасирин өткөрүү жолундагы аракетин токтото элек. Ошол эле убакта региондогу мамлекеттердин билим берүү тармагына жардам берүү аркылуу өзүнүн сакафий таасирин кеңейтүүгө да умтулуп келет.

 Белгилүү болгондой, Россиянын Борбор Азиядагы саясий, сакафий жана экономикалык таасири алсырап бара жатат. Борбор Азия регионундагы мамлекет башчылардын авторитардык башкаруусу жана чиновниктер коррупцияга белчесинен батып калышы себептүү өлкө байлыктары таланып-тонолууда. Натыйжада Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык кырдаал изден чыгып, мамлекеттик казыналар бошоп калды. Бул мамлекеттер ал тургай жөнөкөй эле бир реформаны ишке ашыруу үчүн да чет мамлекеттердин каржылык колдоосуна муктаж болуп калышты. Россия азыркы экономикалык абалында каржылык жактан жардам бере албайт. Россиядагы бул экономикалык кризистен пайдаланган Батыш өлкөлөрү региондогу мамлекеттерге ар түрдүү гранттарды жана каржылык жардамдарды берип жатышат. Батыш мамлекеттеринин гранттарды берип жатып өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайык келген талаптарды да коюшу табигый көрүнүш. Бул болсо, региондогу мамлекеттер Россиядан алысташына себеп болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here