Ал-Ваъй тобу Нажах университетинде китеп көргөзмөсүн өткөрдү

85
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ал-Ваъй тобу Нажах университетинде китеп көргөзмөсүн өткөрдү

Хизб-ут-Тахрирдин студенттер канаты болгон Ал-Ваъй тобу Фалестиндин Нажах университетинде 2021-жылдын 13-14-октябрь күндөрү китеп көргөзмөсүн өткөрүштү. Көргөзмөгө негизинен «Өнөр жай саясаты», «Таалим негиздери», «Кооптуу түшүнүктөр», «Аял жана үй-бүлө коркунуч астында» деген сыяктуу китептер көрсөтүлдү. Китептерде студенттердин этибарын тарткан пикирлердин бири Батыш аял коомдору жардамында Фалестинде жана мусулман өлкөлөрүндө чакырып жатышкан «теңдик» идеясы болду. «Аял жана үй-бүлө коркунуч астында» деген китепте «Эркек жана аялдын ортосундагы теңдик Ислам таразасында» деген өзүнчө тема бар.

Ал-Ваъй тобу көргөзмөдө катышкандарга китептер, журналдар жана «Аял коопсуз жана тынч жашашы үчүн теңдикке эмес, Исламга муктаж» деген открыткаларды таратты.

Бул топ студенттерге ушуларды баса белгиледи: «Бул «теңдик» идеясы коомубузга жат жана улуу динибиздин өкүмдөрүнө тескери. Ал Батыштын аялдарга зулум кылышынын акыбетинде пайда болгон табигый эмес идея. Исламдын болсо, бул пикирлерге тиешеси жок. Себеби, Ислам өз түзүмүн аялды акы-укук жана бакыт-таалай менен камсыздай турган негизде курган…».

«Теңдик деген идея тышы жалтырак ураан болуп, аны Батыш идеологиясына чакырып жаткандар адамдарды адаштыруу жана теңдик менен адилеттикти аралаштыруу максатында таратышууда. Т.а. теңдик адилеттик дегенди түшүндүрбөйт…».

Көргөзмөгө университеттин көптөгөн студенттери жана мугалимдери келип катышты. Алар ортого салынган пикирлерди колдоп-кубатташты. Ал-Ваъй тобунан бул сыяктуу иш-чараларды көбөйтүүнү, университет мугалимдери арасында Ислам пикирлерин таратууну улантууну талап кылып, Исламга жат ар кандай пикирге нааразы экендиктерин баса белгилешти.

 

Роя гезити, №361, 2021-жыл, 20-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here