Диръа азат адамдардан жардам суроодо

280
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Диръа азат адамдардан жардам суроодо

Хиврандан хижрат кылып, Идлибдин түндүк-батышындагы Кафри Тахрим шаарында жайгашкан мухажирлер жума намазынан кийин Диръа калкы үчүн жардам сурап демонстрация өткөрүштү. Демонстранттар тил бириктирүүчүлөр каалашпаса да, козголоңубуз жалыны өчпөйт, деп баса белгилешти. О.э. Хизб-ут-Тахрир жана анын тарапкерлери да жума намазынан кийин Түндүк Идлибдеги Талли Карамат шаарчасында «Диръа азат адамдардан жардам суроодо» деп аталган демонстрация өткөрдү. Демонстрациядагы плакаттардын биринде «Хивран режимдин каракчыларына гана сокку болгон жок, анын эң катуу соккусу өлкөнүн түндүгүндө козголоңчуларды кишендеген америкачыл топторго да тийди» деп айтылат. Бейшемби күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү жана тарапкерлери уюштурган «Диръанын оту жүзү кара малайларды албетте өрттөйт» деген демонстрация Батыш Идлибдин Сахара айылында өткөрүлдү. Демонстрацияда согушкер топтордогу жүзүкара жана шерменде жетекчилерди кулатуу о.э. фронтторду ачуу менен Диръага жардам берилери баса белгиленди. Ошол эле учурда, социалдык тармакта Идлиб калкынын сүрөттөрү менен бирге бейшемби таңынан бери режимдин күчтөрүнүн чабуулдарына туш болуп жаткан Диръа райондорунун калкынын сүрөттөрү кеңири таратылды. Айрым сүрөттөрдө Диръанын түштүгүндөгү райондордо режимдин күчтөрүнүн постторун жергиликтүү согушкерлер басып алганына байланыштууу жолоочуларга шириндик таратып жатышкан кишилер да чагылдырылган. Белгилүү болгондой, режимдин күчтөрү Түштүк Диръадагы райондорду замбиректерден бомбалашынын акыбетинде 15 катардагы жаран шейит болду. Ошол убакта Диръаны толук көзөмөлгө алуу максатында чабуул кылган Асад күчтөрү каршылык кыймылынын кайраттуу каршылыгына тушугуп, ал жерден чыгып кетүүгө мажбур болду. «Sham News Network» маалымат тармагынын жума күндөгү кабарына ылайык, бүткүл Диръа бойлоп адаттан тыш тынчтык өкүм сүрдү, маал-маалы менен түрдүү райондордо атышуулар болуп турду. Башка бир кабарларда жаңы сүйлөшүүлөр жараянын баштоо үчүн келишим түзүлгөнү айтылды. Ахрари Хивран тобу маалымдашынча, Диръа Борбордук комиссиясы режим менен сүйлөшүү алып баруу о.э. Диръа жана анын райондорунун атынан сүйлөө максатында бир уюм болуп бириккен. О.э. бул комиссия сүйлөшүүлөргө киришүүдөн мурда согуштук чабуулдарды токтотууну шарт кылган. Ал эми, Жарандык Коргонуу БУУдан жана Коопсуздук Кеңешинен Диръада болуп жаткан окуяларга карата бир позицияда болууну талап кылды.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Абдулхамид Абдулхамид Фейсбуктагы расмий баракчасында Диръа жана бүткүл Хиврандагы эр жүрөк козголоңчуларга насаат жолдоп, мындай деди: «Эй, эр жүрөк козголоңчулар, этият болгула, бул сүйлөшүүлөр капканына түшүп калбагыла! Бул Диръа Борбордук комиссиясы артыңардан бычак саймакчы. Унутпагыла, канкор режим күч менен ала албаган нерсесин сүйлөшүүлөр аркылуу алмакчы. Демек, мындай комиссияга эшикти жаап, бекем кулпулап таштагыла. Эсиңерде болсун, режим менен сүйлөшүү үчүн кандай комиссия жөнөтпөгүлө, анын соккусу режимдин замбирек жана танктарынын соккусунан катуу болот. Кыскасы, элестетип көргүлө, козголоңдордун нусратка жетишинин алгачкы кадамдары кылмышкер канкор режим менен сүйлөшүү алып баруу менен да, ара жолдо токтоп калуу менен да болбойт».

Мунун тушунда, «Шаркул Авсат» гезитинин жума күнкү санында: «Сирия өкмөтүнүн күчтөрү өлкөнүн түштүгүндө күтүлбөгөн «катуу согушка» кабылды», – деп жазды. Гезит өкүнүч билдирип тараткан кабарда: «Согушкер топтор 2018-жылы Россия жетекчилигинде келишүү келишимине кол коюшканына карабастан, Диръа дагы эле бардык согушкерлер чыгып кетпеген жалгыз регион болуп калууда», – делет.

 Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here