Саудия-Эмираттар мамилеcи

265
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Саудия-Эмираттар мамилеcи

Устаз Хасан Хамдан

Фарс Булуңу региону узак убакыт, айрыкча, Усманий Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин англистердин баскынчылыгы жана саясий таасири астында калды. Британия региондон чыгууга мажбур болгондо ал жерде, өзгөчө, нефть жана газ сыяктуу чоң байлыктары бар, уруучулук жана мазхабпарастык чыр-чатактары болуп турган о.э. деңиз порттору жайгашкан аймактарга чегара жана демаркацияга тиешелүү үлкөн проблемаларды калтырып кетти. Т.а. Британия каалаган убакта бул проблемаларды козгой алат. Алардын катарында, Кувейт менен Ирак ортосунда, Саудия менен Эмираттар ортосунда, Катар менен Бахрейн ортосунда, Саудия менен көптөгөн кошуна мамлекеттер ортосунда бул проблемларды козгошу мүмкүн.

Бул колонизатор мамлекет адатта ушундай проблемаларды атайылап калтырып, зарыл болгондо андан өзүнүн саясий жана аскерий аралашуусуна шылтоо катары пайдаланат. Британия бул проблемаларды өзүнүн аралашуусун актоо үчүн козгойт. Мындай абалды Шайба нефть-газ кенинде, Бураймий оазисинде жана Саудия-Эмираттар ортосундагы көптөгөн маселелерде ачык-айкын көрүүгө болот. Мисалы, Бураймий оазиси же Шайба кенинде жүз берген окуялар Британия менен АКШ компанияларынын ортосундагы келишпестиктен улам келип чыккан. Бирок, Фарс булуңундагы мындай проблемалар көп абалдарда коомчулукка көрсөтүлбөгөн о.э. аскерий мүнөзгө ээ болбогон. Тарыхтагы айрым абалдарда гана ушундай түс алган. Мисалы, Саудия 1974-жылы Эмираттарды моюнга албады, качан гана ал койгон шарттарды кабыл алганда моюнга алды. Бу иштин себеби жана проблемалардын үлкөн даражада өнүкпөгөндүгү үчүн бул мамлекетчелердин тизгини бир тарапка т.а. Британияга байланганына барып такалат. Проблемалар канчалык татаалдашпасын, кайрыла турган жай бирөө эле.

Бирок, Саудияда жаңы доор башталгандан кийин көз карандылыкта өзгөрүү жүз берди. Бул өзгөрүү реалдуу кызыкчылыктар жана үлкөн стратегиялардагы карама-каршылыктын артынан келип чыкты. Бул карама-каршылыктар себептүү проблемалар ашкере болду, анткени анын бети ачылды жана аскерий коркунучтар бар экендиги көрүндү, мисалы, Катар менен Саудия ортосунда болгондой. Саудиядагы жаңы доор Американын саясатына ылайык, эски колонизатордун таасирине тескери түрдө регионго жетекчилик кылуу доору болду.

Соңку кездерде Эмираттар менен Саудия ортосунда кризис пайда болду жана ал экономикалык кризис катары айтылууда. Бирок, түпкүлүгүндө ал экономикалык кризистен чоңураак. Ал тургай, чыр-чатактын бир тарабы нефть болсо да, бирок, маселе ал гана эмес. О.э. Яман нефтинин таасирдүү жайларынын бири болсо да, маселе Яман да эмес. Балким, эки мамлекеттин ортосундагы бул проблемалардын жана кризистердин түпкү маани-маңызы – саясий кризис. Т.а. региондо эски колонизатор менен жаңысынын ортосундагы күрөштүн натыйжасында жүзөгө келген кризис. Кыскача айтканда, Америка Фарс Булуңу мамлекеттери жаңы лидерге т.а. Саудияга моюн сунууларын каалап жатат. Америка Булуңда башкы ролду Саудияга тапшырды. Бүткүл Булуң мамлекеттери Саудиянын этегин кармашы керек. Бул жагдай Саудия лидерлиги жаатында бул мамлекеттерге эч кандай роль берилбешин талап кылат. Башкача айтканда, баары Америка каалаган иштерде Саудияга баш ийиши шарт. Бул болсо, Британия таптакыр ыраазы болбогон нерсе, айрыкча, көпчүлүк мамлекеттер Британияга көз каранды болгондуктан. Мында бул мамлекеттер Саудиядан күчсүз болушунун же Британия эл аралык деңгээлде күчсүздөнүп калганынын айырмасы жок.

Фарс булуңу мамлекеттери Британиянын региондогу кызыкчылыгы жана таасири үчүн чоң ролду аткарышат эле. Мисалы, Катар белгилүү бир ролду аткарган, Эмираттар, Кувейт… да башка милдеттерди аткарышкан. Алардын ортосунда айрым маселелерде бирдей кызматташтык бар эле. Ал убакта Саудия англистердин таасири астында болгон. Оман да белгилүү бир ролду аткарган. Бирок, учурда бул мамлекеттер үчүн жаңы доор башталды, баары Саудияга жана жаңы таасирге моюн сунушу, ал каалаган ишти аткарышы шарт кылынууда. Саудия чечүүчү ролду, региондун лидерлик ролун ойношу, башка мамлекеттер болсо аткаруучу ролду ойношу керек болууда. Мында Америкадан башка эч бир мамлекеттин кызыкчылыгы болбойт, Америка макулдук берген даражада гана болушу мүмкүн. Ким Саудиянын лидерлигине жана жаңы ролуна ыраазы болбосо, ал Катар тушуккан реалду коркунучка жана басымга учуроого даярдана берсин. Бул нерсе Саудия менен Эмираттар ортосунда гана болбойт, балким, айланып турат… Биринчи Катар болду, кийин Эмираттар болууда, эми Кувейт болот жана абалдын курчушу күтүлүүдө. Абал бир аз турукташса да, бирок, баарына кабар жиберилди, баарына мүмкүнчүлүк-убакыт берилди.

Американын саясатын жана Саудиянын ролун үйрөнүү үчүн ушуларга токтолобуз:

Фарс булуңунда ири каражат бар, нефть жана газдын натыйжасында ал жердеги мамлекеттердин колуна чоң акча түшкөн жана аларды өтө бай мамлекеттерге айланткан. Бул акчалар мурун Британияга кызмат кылат эле. Башкача айтканда, эгер мамлекет Британияга көз каранды болсо, Британиянын кызыкчылыгына, Америкага көз каранды болсо, Американын кызыкчылыгына кызмат кылат. Катардын колундагы байлыктар да Британиянын же британиялыктардын региондогу кызыкчылыктарына кызмат кылганына күмөн жок. Эмираттар да ушундай. Ошондуктан, Америка Катардын колуна агып келгендей, Эмираттардын колуна агып келип жаткан өтө чоң кирешени колго алууну о.э. Британия тарабынан эксплуатация кылынышын токтотууну көздөп жатат. Демек, маселе көрүнүшү экономикалык болуп көрүнсө да, экономикалык эмес, саясий. Колго алуу жараяны бир нече формаларга ээ болду, алардын катарында, коронавирус себептүү аба каттамын токтотуу о.э. Эмираттарга кудум Эфиопия жана Вьетнамга кылынгандай мамиле жасалышы. Менин оюмда, коронавирус шылтоо гана болду. Анткени, аба каттамынын токтотулушу чоң экономикалык акыбеттерге алып келип, Эмиратар өтө чоң каражат жоготот. Албетте, Саудия да мындан зыян көрөт, бирок, эки мамлекет көргөн зыянда Эмираттардыкы өтө көп. Дагы бир нерсе, Саудия региондогу компанияларга өз штаб-квартираларын Риядга көчүрүүгө тымызын буйрук берип, макул болбогон компанияларды Саудия сунуштап жаткан артыкчылыктардан куру калышы менен коркутту. Арийне, ири компаниялар кооптуу чечимге туш келишүүдө, акыбет болсо белгилүү. Бул кудум Американын башка компанияларга Иран менен мамиле кылбоону буйруп, антпесе АКШ базарын колдон чыгарасыңар деп коркутканына окшойт. Белгилүү болгондой, албетте компаниялар Эмираттардын чакан базарын деп, Саудиянын ири базарын курман кылышпайт. Бул жагдай Эмираттарга үлкөн коркунуч экени ачык-айкын көрүнүп турат. Себеби, бул жагдайдын экономикалык жана финансылык акыбеттери бар, бул нерсе Эмираттардын Булуң регионундагы маанилүү соода борбору делген таасирине сокку берет.

Шек-күмөнсүз, Эмираттардын иш-чаралары Американын кызыкчылыктарына ачыктан-ачык тескери. Эмираттар коалициянын эрежесине ылайык Америка менен союздаш катары мамиле кылып жаткан болсо да, бул тышкы көрүнүш, түпкүлүгүндө, Эмираттар – Британиянын көзү менен кулагы, Британия каалаган иштерди жасайт.

Демек, бүгүнкү күндөгү бул кризис бир аз басаңдаса да же массалык маалымат каражаттарында ал жөнүндө азыраак айтылып жаткан болсо да, бирок, келечекте андан да чоңураак кризистер болушун жана токтобошун эскертүүдө. Бул кризистер ушул эки абалда гана токтошу мүмкүн: колонизаторлордун бири экинчисинин үстүнөн өз кызыкчылыгына жетишет же Аллах Ислам Умматына ниъматын тартуулайт. Бул, Умматтын өз ролун жана даражасын кайра ээлеши, колонизаторлукту жана малайларды жок кылуу ниъматы. Бул Аллахка жеңил.

 

Роя гезити, №351, 2021-жыл, 11-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here