Россия Борбор Азиядагы базасынан мусулмандарга каршы пайдаланууда

277
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Россия Борбор Азиядагы базасынан мусулмандарга каршы пайдаланууда

«RT» веб-сайты хижрий 1443-жылы 3-мухаррам, миладий 2021-жылы 11-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Россия коргоо министри Сергей Шойгу: «Москва Талибан кыймылынын кошуна мамлекеттерге жасай турган ар кандай чабуулун алдын алуу үчүн Борбор Азия регионундагы базаларынан пайдаланат», – деп баса белгиледи.

Шойгу шейшемби күнү катышкан бүткүл россиялык жаштар билим берүү форумунда Афганистандагы абалдын өзгөрүшүнө түшүндүрмө берип, жакында Кундуз шаары согушкерлердин колуна өткөнүн маалымдады. Ал: «Биз үчүн маанилүүсү, Өзбекстан менен Тажикстанга чектешкен бул аймактар да Талибандын көзөмөлүнө өттү», – деп кошумчалады.

Коргоо министри баса белгилешинче, Талибан жетекчилери Афганистанга кошуна мамлекеттердин чегараларын бузбоого жана аларга чабуул кылбоого убада берген. Шойгу Россия ар кандай сценарийге даярдык көрүү үчүн региондогу шериктери менен биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүүнү улантарын кошумчалады.

Шойгунун айтымында, Россия Тажикстан жана Кыргызстандагы аскерий базаларынан пайдаланып, түздөн-түз кол салууга учураганда бул эки мамлекеттин чегараларын коргойт».

Роя:

Россия дагы эле эки мусулман өлкөгө: Тажикстан менен Кыргызстанга өкүмдарлык кылып, алардын үстүнөн өз таасирин бекемдөөнү, чегараларын коргоо үчүн ал жерлерде аскерий базаларды курууну улантууда. Бул жагдайга региондогу акимдердин малайлыгы жана саткындыгы себеп. Россия мусулмандардын ойгонушунан, Ислам Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө бийликке келишинен коркууда. Коркуп жаткандыктан мусулмандарга каршы согушууга даяр экендигин ачыктап, базаларын бекемдеп жатат о.э. аскерий машыгууларды өткөрүүдө. Россия мусулмандардын Исламды Афганистандан Борбор Азия мамлекеттерине жаюуга аракет кылуусуна жол бербөө үчүн Талибандан убада алды. Негизи, Россия, Америка жана башка колонизатор кафир мамлекеттер мусулмандар Халифалыкты тикелөөгө кудуреттүү экенин түшүнүшүүдө. О.э. алар эгер мусулмандар бул үчүн катуу аракет кылышса, акимдерди, режимдерди түп-тамыры менен кулатуу аркылуу, бийликти Ислам системасын кабыл алган жана программасын колдоно турган аң-сезимдүү саясий жетекчиликке тапшыруу аркылуу Пайгамбар A башарат кылган мамлекетти тикелей алышын түшүнүп жетишүүдө…

 

Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here