АКШ “Талибан” өкмөтүн таануу шартын билдирди

394
0

АКШ Талибан” өкмөтүн таануу шартын билдирди

АКШ мамлекеттик департаментинин жетекчиси Энтони Блинкен талибдер өкмөтү таанылышы үчүн аткарылышы керек болгон шарттарды билдирди.

Анын айтымында, АКШ “Талибан” менен өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан келип чыгып гана кызматташат.

 “Талибан” эл аралык таануу жана колдоого жетишүү үчүн аракет кылууда. Бул жаатта айтар сөзүбүз мындай: Ар кандай таануу жана колдоого татыктуу болуш керек. Талибдер эркин каттоо укугун камсыздоо, афган калкынын, анын ичинде, аялдардын жана азчылыктардын негизги укуктарын урматтоо, терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттемелерди аткаруу, Афганистанда калууну каалагандарды куугунтук кылбоо о.э. афган калкынын муктаждыктарын жана иш-аракеттерин чагылдыруучу инклюзивдик өкмөт түзүү аркылуу буга жетишүүсү мүмкүн”, – деди Блинкен.

О.э. талибдер “Афганистан АКШ жана анын союздаштарына карата коркунуч туудура турган террорчулар үчүн базага айланышына жол бербестик” милдетин моюнга алгандыгын эскертип өттү.

Анын айтымында, АКШ Афганистан менен кызматташтыктын жаңы баскычын баштап жатат.

 Комментарий: Эми бул куфр “Талибан”ды мээлүүн исламий кыймылга айландырганга чейин “демократиялык баалуулуктар” жана “адам укуктары” сыяктуу шарттарды коё берет. Буга чейин, РФ президентинин Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов да “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесинен чыгаруу шартын билдирген эле.

 Анын айтымында, эгер талибдер “адам укуктарынын негизги принциптерин бузбаса” БУУнун Коопсуздук Кеңеши тийиштүү чечим кабыл алышы мүмкүн. Мына ошондон кийин гана Россия да “Талибан”ды террорчу уюмдар тизмесинин чыгарышы мүмкүн.

 “Алгач Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрү жаңы өкмөт өзүн жакшы кармоого даяр экендигине ишеним пайда кылышы керек. Бардыгында ушундай көз караш пайда болгон соң процедура башталат”, – деген эле Кабулов.

 “Талибан” өзүн жакшы кармашы үчүн алар талап кылып жаткан “демократия”га сөзсүз амал кылышы керек болот…

 Азыр “Талибан” эки айрылыш жолдо турат. Бири, колонизатор кафирлер коюп жаткан шарттарды аткаруу менен 20 жыл бою ушунча курмандыктарды берип жеткен жеңишин жокко чыгаруу жана ушул аркылуу дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле демократиялык мамлекетке айлануу. Экинчиси, кафирлердин бардык шарт жана басымдарына көңүл бурбастан Халифалык долбооруна кошулуп, Ислам тарыхындагы ансорлор жеткен даражага жетүү жана ушул аркылуу дүйнө жана акырет бактысына ээ болуу.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here