Орусия ЕАЭБ өлкөлөрү экспорттогон товарларды артка кайтарууда

270
0

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрү экспорттогон товарларды артка кайтарууда

Орусия фитосанитардык шылтоолор менен Казакстан жана Кыргызстан экспорттогон өсүмдүк жана жер жемиштерди чек арадан артка кайтарууда. Маселен, 30-июлда 125 тонна дарбыз жана коон азыктары чек арадан өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Россельхознадзор билдирди.

Буга чейин дагы Казакстандан келе жаткан 57 тонна капуста, слива, мейиз жана жаңгактар артка кайтарылса, Кыргызстандан 22 тонна фасоль өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле Армениядан келе жаткан 19,1 тонна өрүк токтотулган.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Негизи, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу мамлекетке эч кандай пайда алып келбестиги ошол кезде эле анык болчу. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорт (Кытайдан товар алып башка өлкөлөргө сатуу) дээрлик токтоп калды, Дордой жана Кара-Суу базарлары чоң зыянга учурады. Мамлекет ишенген негизги тармак – тигүүчүлүк тармагы өндүргөн товарларын ЕАЭБдеги базарларга алып чыгууда проблемаларга дуушар болду. Казакстан менен Россия “фитосанитария талаптарына жооп бербейт” деген шылтоо менен Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына чектөөлөрдү байма-бай киргизип келет.

Ал эми, Кыргызстанга кирип келе жаткан Россия жана Казакстандын товарларына эч кандай чектөө болбоду. Адатта экономикасын сактап калгысы келген өлкө ири ишканаларын ички базарда тышкы атаандаштардан коргоо үчүн импорттук товарларды алып кирүүгө ар тараптуу тоскоолдуктарды пайда кылат. Мындай кызыкчылык, уюмдагы Орусия үчүн гана иштеп жатат. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, уюмга мүчө өлкөлөрдүн баары дээрлик жыл сайын тескери сальдо менен чыгууда, тагыраагы, экспорт импортко караганда аз. Бир гана Орусияда экспорттун көлөмү өсүп жатат.

Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын Орусияга карата экономикалык көз карандылыгын да күчөтүп алууда. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө. Эми буларга кошумча оң рулдуу унаалардын тетиктерин киргизүүгө тыюу салуу менен автоунааларды Орусиядан гана ташууга шарт жаратылганы жатат. Бул өз кезегинде өлкөнүн Орусияга көз карандылыгын арттырып, салык жана башка пайдалардын ага гана түшүп турушуна алып келет. Демек, бул мыйзам ишке кирсе бир гана Россиянын саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын камсыздайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here