Бүгүнкү күндө мусулмандар жашап жаткан вакиъ
Ар кандай вакиънин шаръий өкүмүн билүү – нерсе же иш-аракет болобу айырмасыз – алгач ошол вакиъни өтө терең түшүнүүнү талап кылат. Бул болсо, өкүмдүн манатын аныктап алуу деп айтылат. Андан соң ошол вакиъге тиешелүү шаръий насстарды билүүнү о.э. ушул вакиъге ылайыктуу шаръий өкүмдү истинбат кылуу үчүн ошол насстардын лафздары далалат кылган мадлулаттарды билүүнү талап кылат. Т.а. ошол насстардын лафздары түшүндүрүп жаткан маанилерди жакшылап түшүнүп алууну талап кылат. Ушуга ылайык, Исламий жашоону кайрадан баштоо Тарыйкатына тиешелүү шаръий өкүмдөрдү билүүдөн мурда, учурда мусулмандар жашап жаткан жана биз аны Исламий жашоого алайндырмакчы болгон бүгүнкү жашоону, башкача айтканда, өкүмдүн манатын аныктап алуу зарыл.
Мусулман факихтери калкы исламий турмушта жашаган өлкөнү Дарул ислам деп аташкан. Алардын айтымында, Дарул ислам акыйда жана турмуштук түзүм катары иш жүзүндө колдонулган өлкө. Ал өлкөнүн аянты Мадина сыяктуу кичине болушу же Усманийлер доорундагы сыяктуу чоң болушу маанилүү эмес. Дарул ислам дегени өлкөдө жашоонун бардык тармактарында, ички жана тышкы иштердин бардыгында Ислам өкүмдөрү раъиятка (мамлекет жарандарына) толук колдонулганда гана Ислам иш жүзүндө көрүнөт. Ошондо адамдардын бири-бири менен болгон мамилелери – адамдын Роббисине, өзүнө жана өзүнөн башкаларга болгон мамилесин тартиптештирген Ислам түзүмү менен жүргүзүлөт. Исламды ичкериде да, тышкарыда да т.а. ички жана тышкы саясатта Исламды толук колдонуу болгон бул иш, ошол өлкөнүн коопсуздугу ичкериде да, тышкарыда да мусулмандар колунда болгон учурда гана ишке ашат.
Ички коопсуздук – раъияттагы ар бир адамдын дини, малы-жаны жана аброюнун коопсуздугу мусулмандардын күчү жана Халифа башчылыгындагы күч түзүмдөрү аркылуу кепилдениши дегени. Тышкы коопсуздук болсо, Дарул ислам аймактары жана андагы жарандар мусулмандардын салтанаты жана күчү менен корголушу, башкалардын күчү менен эмес. Эгер мусулмандардын кубаты жана салтанаты болбосо, анда мамлекет ичинде Исламды колдонууну жана аны чет өлкөгө алып чыгууну кандай элестетүү мүмкүн? Ошондуктан, Ислам үммөтү өзүнүн күчү жана салтанаты менен Халифа шайлап, Аллах түшүргөн Китеп жана Сүннөт менен өкүм жүргүзүшү негизинде ага байъат беришет. Мына ушул негизде аны мухасаба кылат. Мамлекет вужудуна жана анын мабдаъсына каршы чыккан козголоңчуларга каршы халифа менен бир сапта туруп согушат. Халифа менен бирге Исламды башка калк жана үммөттөргө жеткиришет. Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам айтат;
(إنما الإمام جنة يقاتل من ورائه و يتقي به)
“Албетте имам-халифа бир калкан сыяктуу, анын артында туруп жихад кылынат жана аны менен коргонулат” (Бухарий жана Муслим риваяты). Усман розияллоху анхудан келген кабарда айтылат; “Албетте Аллах Куръан менен тыйбаган нерсени Султан менен тыят ”.
Ушуга ылайык, өлкө эки иш аркылуу гана Дарул Ислам болот; биринчиси, ошол өлкө жана андагы калк ички жана тышкы саясатта жашоонун бардык тармактарында Ислам өкүмдөрүнө гана моюн сунушу керек. Экинчиси, ошол өлкө жана андагы калктын ички жана тышкы коопсуздугу мусулмандардын колунда болушу керек. Эгер ушул эки шарттын бири жоголсо, ал Дарул ислам эмес – калкынын баары мусулман болсо да – Дарул куфр болот.
Өлкөнүн бул сыпаты шаръий далилдерден алынган. Аллах Таала айтат;
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا
“Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды”. [24:55]. Ушул аяттагы “алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюу ” сөзү “жер жүзүнө халифа кылуу ” сөзүнө атф кылынган. Бул хосту аммага атф кылуу (умумий айтылган нерсеге кээ бир негизги бөлүктөрдү да кошуп айтуу) бабына кирет. Анткени, ыйман келтирген жана солих амалдарды кылган кишилер жер жүзүндө халифа кылынганда, алар албетте Ислам менен өкүм жүргүзүшөт. Тынчтык жана бейпилдик т.а. коопсуздук бар экендиги, динге мүмкүнчүлүк түзүп берүү т.а. динди колдонуунун бар экендиги мына ушул – жер жүзүндө халифа кылуунун шарттарынан. Мына ушул эки иш – коопсуздуктун бар болушу жана динди толук колдонуу – өлкө Дарул ислам болушу үчүн зарыл болгон шарттардан. Буга “ибн Хишамдын сийратында келген “Васика”дагы кабары далил болот; Анда Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам бир тараптан мусулмандар арасында, экинчи тараптан Мадинанын айланасында жашаган мушриктер жана яхудийлер арасында амр кылган ушул Васикада айтылат;
وأنه ما كان بين أهل هذه الصحيفة من حدث أو اشتجار يخاف فساده
فإن مرده إلى الله وإلى محمد رسول الله (صلى الله عليه وسلم
“Ушбу сахифа ахли арасында хадастын (жаңы иштин) же фасадынан коркула турган ар кандай талашып-тартышыла турган нерсенин кайтар жери Аллах таала жана Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам”. Демек, ал өлкөдө өкүм Исламдыкы гана болот. “Сахифа”да дагы төмөнкүдөй сөздөр келет;
وأن لا تجار قريش ولا من نصرها.
وأن بينهم اي أهل الصحيفة النصر على من دهم يثرب.
“Курайш менен жана аларга жардам бергендер менен соода-сатык кылынбайт. Ушул сахифа калкы арасында Мадинага чабуул кылгандарга каршы өз ара жардам берилет”.
Ясриб-Мадинанын коопсуздугу мусулмандардын жана Ислам өкүмүнө моюн сунгандардын колунда болот. Макхулдан риваят кылынат;
ما قسم رسول الله صلي الله عليه و سلم الغنائم إلا في دار الإسلام
“Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам олжолорду Дарул исламда гана бөлүштүрөт эле”. Ушул риваяттан да белгилүү болгондой, өлкө эки түрдүү болот: дарул ислам жана дарул куфр. Муслим жана Термизий риваят кылган дагы башка хадисте мындай деп келет;
… ثمَّ ادعُهُم إلى التَّحوُّلِ من دارِهم إلى دارِ المُهاجرينَ وأخبِرهُم إن فعلوا ذلِكَ أنَّ لَهم ما للمُهاجرينَ وأنَّ عليهِم ما على المُهاجرينَ وإن أبوا فأخبِرهم أنَّهم يَكونونَ كأعرابِ المسلمينَ يجري عليهم حُكمُ اللَّهِ الَّذي يجري على المؤمنينَ ولا يَكونُ لَهم في الفَيءِ والغنيمةِ شيءٌ إلَّا أن يجاهدوا معَ المسلمينَ…
“…… Андан соң аларды өз өлкөсүнөн мухажирлердин өлкөсүнө өтүүгө чакыргыла жана аларга кабар бергиле, эгер ушундай кылышса, алар үчүн мухажирлер үчүн болгон акы-укуктар о.э. мухажирлердин мойнунда болгон важибаттар болот. Эгер Дарул исламга өтүүдөн баш тартышса, аларга кабар бергиле, алар мусулман аърабийлерге окшогон болот. Аларга момундарга колдонула турган Аллахтын өкүмү колдонулат. Аларга олжолордон эч нерсе берилбейт. Болгону, мусулмандар менен бирге жихад кылышса, аларга да олжодон берилет”. Бул дегени, эгер алар Дарул исламга өтүшпөсө, Дарул исламда мусулмандарга колдонула турган өкүмдөн жана алар камсыздала турган коопсуздуктан куру калышат. Аларга Ислам колдонулбайт. Аларды коргоо үчүн согушка аттанылбайт. Болгону, эгер алар мусулмандар менен келишими болбогон кандайдыр бир коомго каршы мамлекеттен жардам сураса гана мамлекет аларга жардам бериши мүмкүн.
Демек, өлкө өзүнүн заты жана калкынын этибары менен исламий деп сыпатталбайт. Т.а. өлкө сыпатталышы үчүн анын өкүм жүргүзүү түзүмү жана коопсуздугу этибарга алынат. Себеби, бул эки негиз: өкүм жана коопсуздук Исламды турмуштук түзүм катары калыптандырат. Бул абал исламий фатхтарда жүз берген. Фатх кылынган шаар жана анын калкы Ислам өкүмүнө жана мусулмандардын коопсуздугуна моюн сунушунун өзү алардын өлкөсү – алар өз диниде калышса да – Дарул исламдын бир бөлүгүнө айлангандыгына ишара кылат. Буга тескери көрүнүштө, эгер кафирлер Дарул исламдан бирер шаарды басып алышса, мейли калкы мусулман бойдон калып, айрым Ислам өкүмдөрүн бекем карманышса да, бул өлкөлөрдөгү өкүм жана коопсуздук мусулмандардын жетекчилигинен кетип, кафирлердин колуна өткөнү үчүн алардын өлкөсү дарул куфрга айланат.
Өлкөнүн мына ушул шаръий сыпатына ылайык, бүгүнкү күндө бардык мусулман өлкөлөрдүн вакиъси дарул куфр болот. Себеби, бул өлкөлөрдөгү коопсуздук чет өлкөлүк күчтөргө көз каранды. О.э. бул өлкөлөр Ислам менен өкүм жүргүзүшпөйт. “Биз эгемендүүбүз”, “Бизде кээ бир Ислам өкүмдөрү колдонулат”, “Мамлекетибиздин дини Ислам” же “мыйзамчылыгыбыздын негизги булагы Ислам”, – деген сөздөрдүн эч кандай этибары жок. Этибар коопсуздук жана турмуштун бардык тармактарында Исламды өкүмдар кылууда. Качан Ислам акыйдасы мамлекеттеги бардык пикирлер, түшүнүктөр жана түзүмдөр үчүн жападан-жалгыз негиз болгондо гана мамлекет исламий болот. Ошондо мамлекеттеги бардык нерсе –ички саясатта болобу, же тышкы саясатта болобу айырмасыз – Ислам акыйдасынан келип чыгат же Ислам акыйдасы негизине курулат. Ошондуктан Дарул исламда мамлекет башчы Ислам акыйдасынан келип чыкпаган т.а. Куръан жана Сүннөттөн же Куръан жана Хадис жолдоп койгон кыяс жана сахабалар ижмасынан алынган шаръий далилге негизделбеген бир дагы өкүмдү табанний кылышы же аткарышы мүмкүн эмес. Себеби, Ислам мамлекети Ислам алып келген түшүнүктөр, өлчөөлөр жана канааттануулар топтомун аткаруучу орган болуп эсептелет. Ислам мамлекетиндеги бардык нерсе – ал аким жана раъийят иштерин тартиптештирүүчү түшүнүктөрдөн болобу, адал-арам, чырайлуу-куник, жакшы-жаман сыяктуу өлчөөлөр, же мусулмандар канааттанып жаткан акыйда маселелери болобу айырмасыз –
булардын бардыгы Ислам акыйдасынан келип чыгат же Ислам акыйдасы негизине курулат. Аллах таала айтат;
وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ
وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ
“(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун!” [5:49].
Аллах таала дагы айтат:
وَمَن يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَن يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ
“Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда (анын «дини» Аллах алдында) эч качан кабыл кылынбайт жана ал ахиретте зыян көрүүчүлөрдөн (болот)” [3:85]. Төмөнкү аятта:
وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ
“ Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер ” [5: 44]. Дагы башка аяттарда:
…فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
“… анда, алар залимдер”, [5: 45]:
…فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ
“… анда, алар фасыктар”, – деп жатат. [5. 47].
Демек, жетекчилик Дарул исламда элдики же парламенттеги көпчүлүк коалицияныкы, акылдыкы же вазъий (адамзат ойлоп тапкан) түзүмдүкү эмес – эл аралык болобу, жергиликтүү болобу, адамдар ыраазы болобу же нааразы болобу айырмасыз –шарияттыкы гана болот. Ал мамлекетте моюн сунуу шариятка гана болот. Ырасында, аким мына ушул исламий шариятты аткарып жаткан соң раъияттын ага кулак салып моюн сунушу важиб болот. Антпесе, раъият ага кулак салбайт жана моюн сунбайт.
Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам айтат;
السمع والطاعة على المرء المسلم فيما أحب وكره، ما لم يؤمر بمعصية، فإذا أُمِر بمعصية فلا سمع ولا طاعة
“Мусулман киши өзү жакшы көргөн нерседе да, жаман көргөн нерседе да – эгер маъсиятка (күнөө ишке) буюрулбаса – кулак салышы жана итаат кылышы важиб болот. Эгер маъсиятка буюрулса, анда кулак салуу да жок, итаат кылуу да жок йўк”. Бухарий жана Муслим риваяты.
Ар кандай өлкөдөгү жашоо ошол өлкөдөн көз каранды. Ошондуктан, дарул куфрдагы жашоо – кээ бир адамдар Ислам өкүмдөрүн бекем кармаган болсо да – кайры исламий жашоо болуп эсептелет. Себеби, исламий жашоо – бул адамдар өздөрүнө, Роббисине, жана башка адамдарга болгон мамилесин Ислам түзүмү менен тартиптештирген жашоо.
Мындай жашоону жүзөгө чыгаруу Дарул исламда гана ишке ашат. Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламий жашоону кайрадан баштоого аракет кылып жаткан даъватчылар мусулмандар жашап жаткан бүгүнкү вакиъ дарул куфр экендигин, алар жашап жаткан жашоо исламий жашоо эместигин, мындай болбогондо исламий жашоону кайрадан баштоого даъват кылуу да, ал үчүн аракет кылуу да аларга важиб болбостугун түшүнүп жетиши керек.
Демек, биз бүгүнкү күндө жашап жаткан вакиъ – жашоонун деңгээли сыпатынан да, мамлекеттүүлүк жагынан да Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам жана сахабалар Меккеде жашаган жана Мусъаб ибн Умайр(р.а) Мадинада тапкан вакиъден шаръий сыпатта таптакыр айырмаланбайт. Себеби, Мекке хижратка чейин – ал жерде Расулуллох соллаллаху алайхи ва саллам жана сахабалар болсо да – дарул куфр эле. Медина да Расулуллох соллаллаху алайхи васаллам хижрат кылганга чейин – Меккеге караганда ал жерде мусулмандар көп болсо да – дарул куфр эле. Себеби, бул эки шаарда өлкө дарул ислам болушу үчүн зарыл болгон эки сыпат – Ислам өкүмү жана мусулмандардын коопсуздугу жок эле. (уландысы бар).