Лозанна келишими
Халифалык мамлекети кулатылышына себепкер болгон Лозанна келишимине кол коюлганына миладий эсеп менен 98 жыл болду. 1923-жылы Союздаш күчтөр жана Анкара өкмөтү тарабынан кол коюлган Лозанна келишими боюнча Усманий мамлекеттин жерлери улутчулдук, мекенчилдик, тайпачылык жана мазхабчылык негизинде бөлүп ташталды.
Биринчи дүйнөлүк согуш Европа мамлекеттеринин жеңиши менен аяктады. Согушта жеңилип, эң көп зыян тарткан Халифалык мамлекети болду. Себеби, ал көптөгөн жерлеринен айрылды. Халифалык мамлекетинин жоготуулары жерлер менен эле чектелип калбады. Согушка жумшалган аскерий чыгымдар себептүү мамлекеттин экономикасы да оор абалда калды. Мындай абалдан пайдаланган англистер башында турган союздаш күчтөр Халифалык мамлекетин жок кылууга киришти. Себеби, Халифалык мамлекети бүгүн жеңилгени менен, эртең тикеленип, дагы кайрадан бутка турушу жана жоготкон жерлерин кайтарып алышы мүмкүн экендигин алар жакшы билишет болчу. Крестүүлөр жана монголдор баскынынан кийин мусулмандар кайрадан бутка туруп, душманын кууп жибергени бул акыйкатты тастыктап турат эле.
Англистер ыңгайлуу учурду колдон чыгарбай, мусулмандарды дининен биротоло алыстатуу жана Ислам мамлекетин чачыранды кылып, дүйнө жүзүнөн шыпырып салуу пландарын ишке ашыра баштады. Алардын максаты, мусулмандар бутка тура албай алсыз бойдон калып кетишин кепилдөө болчу. Ошондуктан, стамбулда Халифалык мамлекети бар болушуна карабастан, Союздаш күчтөр 1923-жылы 24-июлда Мустафа Кемел башында турган Анкара өкмөтүн мамлекет ордуна коюп, аны менен Лозанна келишимин түзүүгө киришти. Бул болсо, Халифалык мамлекетине берилген акыркы сокку болду. Себеби, андагы негизги беренелер Халифалык башкаруусун жок кылуу негизинде түзүлгөн эле.
Бул келишим түзүлүп жаткан убакта Англия жана Франциянын көптөгөн расмий адамдары Түркияга тынымсыз каттап, улуттук межлистин өкүлдөрү менен бир-бирден жолугушуп жатты. Алар Мустафа Кемелге жана анын табакташтарына, Лозанна келишиминде көрсөтүлгөн Халифалыкты жок кылуу шарты ишке ашкандан кийин, Анкара өкмөтүн колдоп-кубаттоо боюнча убада беришти. Ошондон кийин Исмет Инөнү жана анын достору өкмөт мүчөлөрү менен кеңешпей туруп, Анкара өкмөтүнүн атынан Лозаннага сапар тартты жана Лозанна шаарында Анкара өкмөтүнүн атынан келишимге кол койду. Келишим боюнча Түркиянын географиялык аймактары о.э. белгилүү бир саясий чөйрөсү белгиленди.
Алгач, Лозанна келишимининин эркин соода келишимине ылайык, кысыктарды көзөмөлдөө Усманийлерден алынып, Европа мамлекеттери кысыктардан эркин өтүшү мүмкүндүгү, чет тилде окутуучу мектептер жана азчылыктардын укуктары кайры мусулмандар пайдасына чечилиши, исламий мамлекеттерде миссионердик ишмердүлүккө мыйзамдуу түс берилиши жөнүндөгү беренелер жарыяланды. А бирок, Халифалык мамлекетин жок кылууга каратылган “Халифалык бүтүндөй жок кылынат”, “Халифа жана анын үй-бүлөсү чет өлкөгө сүргүн кылынат”, “Халифанын мал-дүйнөсү конфискация кылынат”, “Мамлекет илманий (шариятка негизделбеген) мамлекет деп жарыяланат”, деген 4 берене жашыруун калды. Себеби, буга межлис мүчөлөрү да каршы эле. Ошондуктан, ал межлис күч менен таратылып, анын ордуна 1923-жылы 2-августта бардык нерсени эч кандай шартсыз кабыл ала турган улуттук межлис түзүлдү. 1923-жылы 28-августта Лозанна келишими тастыкталып, күчүнө кирди.
Лозанна конференциясында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу дароо эле башталды. Алгач Халифалыкты жок кылууга каршы чыккандардын алдын алуу максатында “Мекенге кыянат мыйзамына” “Халифалыкты жокко чыгаруу чечимин өзгөртмөкчү болуу же аны каралоо мекенге кыянат болуп эсептелет” деген сүйлөм кошумчаланды. Англистер тарабынан камсыздалган курал-жарак жана таасир менен бардык оппоненнтердин үнү өчүрүлүп, каршы аракеттер бастырылды.
Ошентип, 1924-жылы 3-мартта Халифалык жок кылынды. Эртеси күнү халифа жана анын үй-бүлөсү сүргүнгө айдалып, халифанын бардык мүлкү конфискацияланды. Натыйжада, мусулмандардын Ислам жана Куръан менен байланышы үзүлдү. Дин мамлекеттен ажыратылып, шарият мыйзамдары жокко чыгарылды. 1924-жылы 6-августта британиялык чиновник Лорд Курзон жүктөлгөн “милдетти” аткарган Түркия Улуу Улуттук Межлиси жана Исмет Инөнүгө мактоолорду жаадырды.
Халифалык мамлекети кулатылып, республика жарыяланган соң, өз динин бекем кармаган мусулмандар дарга асылды, азан түрк тилинде айтыла турган болду, мусулмандардын Кериман Халис сыяктуу кыздары жарым жылаңач сулуулук конкурсуна катыша турган болду, жакырчылык, динсиздик күчөдү. Кыскасы, ошол күндөн бери Үммөттүн башынан кордук кете элек.
Кечээ Лозаннада акыйкатты жашырып, Ислам жана мусулмандарга кыянат кылынган болсо, бүгүн Женевада, Сочиде, Астанада акыйкатты жашыруу менен Ислам жана мусулмандарга кыянат кылынууда. Кечээ Лозанна келишимине кол коюу менен каарманга айлангандардын кыянаты ачылып, бүгүн кыянатчыга айланышты. Бүгүн куфр менен кыянаттык келишимдерге кол коюп, каарман болгондордун кыянаты да эртең эле ашкере болот. Бирок, муну көрүү үчүн албетте ошол күндү күтүшүбүз керекпи? Тарыхтагы окуяларга назар салуунун өзү жетиштүү эмеспи?
Расулуллох саллаллоху алайхи ва саллам:
اتَّقُوا فِرَاسَةَ الْمُؤْمِنِ ، فَإِنَّهُ يَنْظُرُ بِنُورِ اللَّهِ
«Момундун парасатынан этият болгула! Себеби, ал Аллахтын нуру менен карайт!” – деген. [Тирмизи риваяты]
Киямуддин Шариф