Өз баасына сатылган күрөө

356
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Өз баасына сатылган күрөө

Суроо:

Ассаламу алейкум рохматуллохи уа баракаатуху.

Мен төмөнкү негизде сатылган нерсе тууралуу сурайын дедим: унаа жарым баасы төлөнүп, калган баасы жеке чек менен төлөнө тургандай болуп сатылып алынса, бирок, сатуучу күмөн жаратып жаткан калган наркын алгычакты унаадан пайдаланууга бербей турган шарт койсо, бул адалбы же арамбы? Аллах ыраазы болсун.  Мухаммад Аль-Каиси.

Жооб:

Сатуучу буюмун карызга саткандан кийин аны күрөөгө алып калуусу жайиз эмес. Анткени, бул «өз баасында сатылган күрөө» бабына түшөт. Бул маселе боюнча факихтердин райы ар түрдүү. Кээ бири шарттардын негизинде аны туура көрсө, кээ бири аны жаиз эмес дешет. Ошондой эле, кээ бирлери бир абалдарын негизинде жаиз дешсе, кээ бирлери жаиз дешпейт… Мен бул жерде басымдуу катары санай турганым – жаиз эмес. Анткени, унаа же үй карызга же бөлүп төлөө шарты менен сатылса, алар сатып алгандын мүлкү болуп саналат жана ал аны толук пайдалануу укугуна ээ болот. Ал аны сатууга, ижаарага берүүгө, анда жашоого, бирөөнү жашатып пайдалануу укугуна ээ болуп, ал анын толук мүлкүнө айланат. Мындай учурда сатуучу карызга сатып алган тарап карызын толук жапкычакты сабыр кылып күтүүсүнө туура келет же саткан буюмун эмес, башка нерсени күрөөгө алып калуусу мүмкүн. Саткан унаасын эмес, анын ордуна кичине алтындын бөлүгүн күрөөгө алып калган сыяктуу, сатуучу алган бул күрөөсүн сатып алуучу карызын толук төлөгөнгө чейин өзүндө кармайт, качан карыз төлөнүп бүткөндө бул күрөөнү ээсине кайтарып берет.

«اشترى رسول الله من يهودي طعاماً بنسيئة فأعطاه درعاً له رهناً» أخرجه مسلم من طريق عائشة رضي الله عنها». «Пайгамбар A бир жөөттөн насыяга азык сатып алды, жөөткө күрөө катары соотту берди» деген сахих хадис келген. (Муслим риваяты, Аиша Iдан риваят кылынган). Карызды төлөө мөөнөтү келип, карыздар тарап аны төлөөдөн баш тартса же төлөй албаса, анда күрөөгө алынган нерсе сатылып, канча карыз болсо, ал алынып калып, калган бөлүгү карыздар адамга кайтарылып берилет. Анткени, хадистин негизинде күрөөгө коюлган нерсе күрөөнүн ээсиники болуп саналат.

«لا يُغلَق الرهن من صاحبه الذي رهنه» رواه الشافعي من طريق سعيد بن المسيِّب». Пайгамбар A айтты: «Күрөө күрөө ээсинен жабылбайт (тосулбайт)». (Саид бин Мусаййиб жолунан Шаафи риваят кылды). Башкача айтканда, карыздан ашыгы карыз ээсине кайтарылып берилет.

Ал эми, сатуучу карызга саткан же бөлүп бөлүп төлөө шарты менен саткан нерсени күрөөгө алып калуусу жайиз эмес. Анткени, бул карызга сатылган же бөлүп-бөлүп (келишимге ылайык, бир жыл же андан аз мөөнөт ичинде) төлөө шарты менен сатылган соода толук соода болуп, сатып алуучу ага толук ээлик кылуу укугуна ээ болот. Эгер, сатуучу карызга саткан же бөлүп-бөлүп төлөө шарты менен саткан  нерсесин күрөөгө алып кала турган болсо, анда, сатып алуучунун укугун бузуп, анын мүлкүнө кол салган болуп саналат. Анткени, карызга же бөлүп-бөлүп төлөө шарты менен жүргүзүлгөн соода толук соода болуп, сатып алуучу ага тоолук ээлик кылуу укугуна ээ болот жана аны каалгандай иштетет. Соода келишими ишке ашкандан кийин сатуучу саткан нерсесин күрөөгө алып калуусу жаиз эмес. Анткени, бул нерсе сатып алуучуну сатып алган нерсесин пайдалануудан тосот.

Бул тууралуу 2015-жылы 24-майда кеңири көлөмдө жооб бергенбиз, ошону кайталап өтөмүн:

«Бул маселе фикхте «өз баасына сатылган күрөө» аталышы менен белгилүү. Башкача айтканда, сатылган нерсе сатып алуучу анын наркын толук төлөп бүтмөйүнчө сатуучунун алдында күрөөгө калат. Пайгамбар A айткан хадистегидей соода болсо, бул маселе жүз бербейт.

قال رسول الله  في الحديث الذي أخرجه البخاري عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: «رَحِمَ اللَّهُ رَجُلاً سَمْحاً إِذَا بَاعَ، وَإِذَا اشْتَرَى، وَإِذَا اقْتَضَى». Жаабир бин Абдиллаахи G айтты: Пайгамбар A айтты: «Сатканда, сатып алганда жана талап кылганда жеңилдик кылган  адамды Аллах ырайымына алды». (Бухари риваяты). Бирок, кээ бир учурда эки тарап товарды биринчи алуу же анын наркын биринчи төлөө жаатында пикир келишпестиктерге барат. Сатуучу соода келишими аяктагандан кийин сатылган товарды анын баасы төлөнгүчөктү өзүндө кармап (күрөөгө алып) турууну туура көрөт. Анын натыйжасында, жогоруда айтылган маселе келип чыгат. Бул маселе жаатында факихтер ар түрдүү пикирде. Алардын кээ бирлери шарттардын негизинде муну жаиз дешет, кээ бирлери жаиз дешпейт, дагы кээ бирлери бир абалда жаиз дешип, башка абалда жаиз эмес дешет…

Бул маселени үйрөнүп чыккандан кийинки менин басымдуу пикирим төмөнкү негизде:

  1. Сатыла турган товар өлчөнүп, же таразага тартыла турган, же ченеле турган нерсе болушу… Мисалы: күрүч сатуу, же пахта сатуу, же кездеме сатуу сыяктуу…
  2. Сатыла турган товар өлчөнбөй же таразага тартылбай турган нерсе болуусу… Мисалы: унаа, же үй, же мал жаныбарларды сатуу сыяктуу…

Экинчиден, сатыла турган нерсенин наркы:

  1. Товар наккалай сатылуусу: башкача айтканда, товар накталай он миңге сатылып алынып, анын акчасы ошол учурда берилүүсү…
  2. Товардын насыяга сатылуусу: башкача айтканда, товар он миңге сатылып алынып, акчасы кийинчерек берилүүсү…
  3. Товардын баасынын бир аз бөлүгү берилип, калган баасы кийинкиге калтырылуусу, мисалы: товар он миңге сатылып, биринчи үч миң берилип, кийин бир ай, же алты ай, же бир жылдан кийин калган акчалары берилгени сыяктуу, же ай-айга бөлүп төлөө сыяктуу.

Үчүнчүдөн: жогоруда айтылып өткөн маселелер боюнча шарий өкүмдөр да ар түрдүү:

Биринчи абал: сатыла турган товар ченелип өлчөнбөй, таразага тартылбай турган нерсе болуусу, мисалы: үй, же унаа, же мал жаныбарларды сатуу…

  1. Товардын накталай акчага сатылуусу. Башкача айтканда, унаа жүз миң накталай акчага сатылуусу. Накталай акчага сатылгандыгы соода келишиминде так көрсөтүлүшү керек.

Бул абалда сатуучу товарды акча берилгичекти өзүндө кармап туруусу жаиз. Тактап айтканда, накталай акчасы төлөнгүчөктү товарды өзүндө күрөө катары кармап турат. Буга далил Тирмизи Абу Имаамадан риваят кылган хадис, бул хадисти «хасан хадис» деген.

أخرجه الترمذي وقال عنه “حديث حسن” عن أبي أمامة قَالَ: سَمِعْتُ النَّبِيَّ  يَقُولُ فِي الخُطْبَةِ عَامَ حَجَّةِ الوَدَاعِ: «العَارِيَةُ مُؤَدَّاةٌ، وَالزَّعِيمُ غَارِمٌ، وَالدَّيْنُ مَقْضِيٌّ. Айтты: Пайгамбар A коштошуу ажылыгында минтип айтканын уктум: «Суралып алынган нерсе кайтарылышы керек. Кепилдике алуучу – милдеттүү. Карыз төлөнүшү шарт». Муну далил кылуунун жолу сатып алуучу товарды сатып алганда акчасын бере элекке чейин карызга сатып алган абалдагыдай болот. Хадистеги «карыз төлөнүшү шарт» дегендеги маани товарды накталай акчага сатып алгандан кийин биринчи кезекте карыз төлөнүшү керектигин билдирип жатат. Башкача айтканда, товар накталай акчага сатылып алынгандан кийин анын акчасын биринчи кезекте берүү шартын билдирет. Касааний «Бадааиги санааиг» китебинде хадиске түшүндүрмө берип мындай дейт: «Пайгамбар A «карыз төлөнүшү шарт» деген  сөзү аркылуу жалпы түрдө карыздын төлөнүшү шарт экендигин билдирип жатат. Эгер, накталай акчага сатылып алынган товарды алууда акчасы кечиктирилсе, бул карыз төлөнүшү шарт деген насска тескери келет».

Ушуга негизделип, сатуучу сатып алуучу акчаны бергичекти товарды өзүндө кармап туруусу жаиз. Анткени, соода келишими карызга эмес, накталай акчага келишилген соода келишими болуп саналат.

  1. Товардын насыяга сатылуусу. Мисалы: унаа он миңге сатылып, анын акчасы бир жылдан кийин берилүүсү. Бул абалда сатуучу товардын акчасы төлөнгүчөктү аны өзүндө кармап туруусу жаиз эмес. Анткени, соода келишими сатуучунун макулдугу менен насыя негизинде ишке ашкан. Ошондуктан, сатуучу товарды насыяга саткандыгы үчүн товардын акчасын алып бүтүү кепилдиги катары аны өзүндө кармап туруусу жаиз эмес. Сатуучу товарды өзүндө кармоо менен өз укугун жоготот. Ошондуктан, сатуучу товарды өзүндө кармабайт, балким, сатып алуучуга өткөрүп берет.
  2. Товардын баасынын бир аз бөлүгү берилип, калган бөлүгү кийинкиге калтырылуусу, мисалы: товар он миңге сатылып, биринчи үч миң берилип, кийин бир ай, же алты ай, же бир жылдан кийин калган акчалары берилгени сыяктуу, же ай-айга бөлүп төлөө сыяктуу.

Бул абалда сатуучу соода келишимине ылайык, товардын баасынын биринчи бөлүгү берилгичекти аны өзүндө кармап туруусу жаиз. Андан кийин товардын калган акчаларын алуу максатында товарды өзүндө кармап туруусу жаиз эмес. Анын баянын жогорку 1 жана 2-абзацта айтып өттүк.

Корутундулап айтканда, сатуучу товарды накталай акчага саткан учурда акчасын алгычакты товарды өзүндө кармап туруусу жаиз. Башкача айтканда, соода келишиминде көрсөтүлгөндөй, товар накталай акчага сатылган учурда  сатуучу сатып алуучу товардын акчасын төлөгүчөктү товарды өзүндө күрөө катары кармап турушу мүмкүн.

Ошондой эле, сатуучу товардын жарым бөлүгү берилип, жарым бөлүгү кийинкиге калтырылган соода келишими учурунда келишимге ылайык, товардын жарым баасын алгычакты товарды өзүндө кармап тура алат. Андан кийин товарды сатып алуучуга өткөрүп берет. Сатуучу товардын калган акчаларын да алуу максактында товарды өзүндө кармап туруусу жаиз болбойт.

Бул жерде сатып алуучу товарды колго ала электен мурда аны кантип күрөөгө койо алат деп айтылбайт. Башкача айтканда, ага ээлик кыла электен мурда. Анткени, күрөөгө койула турган нерсе бир гана аны сата ала тургандай болсо гана күрөөгө койууга жарамдуу болот. Сатылып алынып жаткан товар бир гана аны толук түрдө сатып алгандан кийин гана күрөөгө койууга жарамдуу болот. Буга далил Байхаки риваятындагы Пайгамбар Aдын хадиси. Ибн Аббас G айтты: قال رسول الله  لعتاب بن أسيد: «إني قد بعثتك إلى أهل الله، وأهل مكة، فانههم عن بيع ما لم يقبضوا». Пайгамбар A Атааб бин Асиид Gга  айтты: «Мен сени Мекке элине амир кылып жөнөтүп жатам, аларды ээлик кыла элек нерселерин сатуудан тыйгын».

عن حَكِيم بْنِ حِزَامٍ قَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنِّي أَبِيعُ بُيُوعاً كَثِيرَةً، فَمَا يَحِلُّ لِي مِنْهَا مِمَّا يَحْرُمُ عَلَيَّ؟ فَقَالَ: «لَا تَبِيعَنَّ مَا لَمْ تَقْبِضْ». Табароний Хаким бин Хизаамдан риваят кылат, айтты: «Я Расулуллах, мен көптөгөн нерселерди сатам, алардын кайсынысы мага адал жана кайсынысы арам?». Айтты: «Ээлик кыла элек нерсеңди сатпа». Бул хадистерде ээлик кыла элек нерсени сатуудан тыйуу ачык түрдө айтылды. Анан кантип аны күрөөгө коюу мүмкүн болот?

Андай делбейт, себеби, бул эки хадисте таразага тартылып, ченелип өлчөнүп сатыла турган нерселер тууралуу гана айтылды. Ал эми, сатыла турган нерсе унаа, үй, мал жаныбарлар болсо, аны колго ала электен мурда сатуу жаиз. Анын далили, Бухаари Ибн Умар Gдан риваят кылат:

عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا، قَالَ: كُنَّا مَعَ النَّبِيِّ فِي سَفَرٍ، فَكُنْتُ عَلَى بَكْرٍ صَعْبٍ لِعُمَرَ، فَكَانَ يَغْلِبُنِي، فَيَتَقَدَّمُ أَمَامَ القَوْمِ، فَيَزْجُرُهُ عُمَرُ وَيَرُدُّهُ، ثُمَّ يَتَقَدَّمُ، فَيَزْجُرُهُ عُمَرُ وَيَرُدُّهُ، فَقَالَ النَّبِيُّ لِعُمَرَ: «بِعْنِيهِ»، قَالَ: هُوَ لَكَ يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: «بِعْنِيهِ» فَبَاعَهُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ فَقَالَ النَّبِيُّ : «هُوَ لَكَ يَا عَبْدَ اللَّهِ بْنَ عُمَرَ، تَصْنَعُ بِهِ مَا شِئْتَ. Айтты: «Биз Пайгамбар A менен бирге сапарда болдук, мен Умардын озоо төөсүн минген элем, ал мага баш бербей, улам элдин алдына оозуп кетип жатты, аны Умар ооздуктап, улам кайра артка кайтарып жатты. Пайгамбар A Умарга айтты: «Аны мага  сат». Айтты: «Ал сеники, Я Расулуллах». Айтты: «Аны  мага  сат». Аны Пайгамбар Aга  сатты. Пайгамбар A айтты: «Я Абдуллах бин Умар, ал сеники, аны эмне кылсаң өзүң билесиң».

Бул хадисте сатылып алынган нерсе колго алына электен мурда тартуу кылынгандыгы ачык айтылды. Ошондуктан, бул хадис сатылып алынган нерсе колго алына электен мурда ага ээлик кылуу угуна далалат кылып жатат. Ошондой эле, аны сатууга да далалат кылды. Анткени, сатуучу ага ээлик кылуу укугунан ажырады.

Ошондуктан, сатылып алынган нерсени колго алына электен мурда сатуу мүмкүн болгондой, аны күрөөгө койуу да мүмкүн болот. Бирок, бул нерсе таразага тартылып, ченелип өлчөнбөй турган нерселерде гана болот. Мисалы: унаа, үй, мал жаныбарлары сыяктуу нерселерде. Соода келишими накталай акчага келишилген учурда же товардын баасынын бир аз бөлүгүн берип, калган бөлүгү кийин бериле турган негизде соода келишими болсо, анда, накталай акчаны алгычакты же товардын баасынын биринчи бир аз бөлүгүн алгычакты сатуучу товарды күрөө катары өзүндө кармап туруусу жаиз.

Экинчи абал: сатыла турган нерсе таразага тартылып, ченелип өлчөнө турган нерсе болуусу, мисалы: күрүч, же пахта, же кездемелер сыяктуу. Бул абалда сатыла турган товар накталай акчага, же насыяга, же бөлүп-бөлүп төлөө шарты менен сатылган болсо, аны сатуучу өзүндө кармап туруусу жаиз эмес.

Эгер, насыяга сатылган болсо, биз жогоруда айтып өткөндөй, товарды өзүндө кармап тууруусу жаиз эмес.

Эгер, накталай акчага сатылган болсо, сатуучу товарды өзүндө кармап туруусу жаиз болбойт. Башкача айтканда, күрөө катары кармап туруусу болбойт. Анткени, таразага тартылып, ченелип өлчөнө турган нерселерде, жогоруда айтылып өткөн Пайгамбар Aдын хадисине ылайык, колго ала электен мурда күрөөгө алуу жаиз эмес. Сатуучу бул жерде товарын накталай акчага сатууда эки нерсенин бирин ыктыяр кыла алат.

Сатуучу товарын сатып алуучуга накталай акчага сатат жана ага товарын берет. Сатып алуучу анын акчасын ошол учурда берүүсү же кийинчерек берүүсүнүн айырмасы жок, товарды күрөө катары өзүндө сактабай сатып алуучуга берип, акчасын сабыр кылып күтөт. Же товарын сатпай койот. Башкача айтканда, сатуучу товарын күрөөгө алып калуу жагдайына кептелбестен эле аны сатпай койуу ыктыярында.

Ушуга негизделип, сатыла турган товар таразага тартылып, ченелип өлчөнө турган нерсе болуп, соода келишими накталай акчага же насыя негизинде ишке аша турган болсо, бул учурда сатуучу товардын акчасын алуу максатында товарды өзүндө күрөө катары кармап туруусу жаиз эмес.

Менин басымдуу катары сананган пикирим ушул. Аллах билүүчү жана  өкүмдар.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                        22-жумаадил-ахир, 1441-х.

16-февраль, 2020-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here