Ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт

390
0

Ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт

Улуттук статистика комитетитинин 2020-жылдагы эсебине ылайык, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бир адамдын жылдык кирешеси 35 миң сомдон аз болсо кедейликте жашайт деген аныктама берилди. Бул дегени айлык кирешеси 3000 сомго жетпеген, күнүмдүк кирешеси болсо  100 сомго жетпеген дегенди түшүндүрөт. Ал эми жакырчылыктын жеткен чегинин суммасы 19 744 сом деп аныкталды. Бул болсо күнүмдүк кирешеси 55 сом дегенди туюнтат. Ушинтип, Кыргызстанда кедейликтин жеткен чегинде жашаган калктын саны 1 миллион 678 миң болду. Алардын 73,7%ы элетте жашагандар.

Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматында Кыргызстанда жакырчылыкта жашаган эл кирешесинин 70%дан ашыгын тамак-аш сатып алууга жумшайт. Эки жылдан бери өкүм сүргөн пандемиялык шарттар бул көйгөйдү дагы да курчутту.

Буга чейин Дүйнөлүк банк 2021-жылы негизинен ири державалардын экономикасында өсүш болоору тууралуу анализин чыгарган. Ага ылайык, АКШнын экономикасы 6,8% өсөт. Кытайдын экономикасын 8,5% өсүш күтүүдө. Бирдиктүү валютаны колдонгон европалык өлкөлөрдө экономика 4,2% жогорулайт. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин учурлары көбөйүп жаткандыктан бул көрсөткүч абдан төмөн.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү капиталисттик түзүм пайдага негизделген жана дүйнө байлыктары 2-дүйнөлүк согуштан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги беш мамлекети (АКШ, Кытай, Англия, Франция, Орусия) ортосунда бөлүшүлгөн. Алар өздөрүнө атаандаш мамлекет өсүп чыкпашы үчүн бүткүл мүмкүнчүлүктөрүн сарптап, согуш-жаңжалдардан, пандемия сыяктуу апааттардан да акча жасашууда. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору жана кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти.

2020-жылдын март айынан тарта, тагырак айтканда пандемия күчүнө кирип баштагандан бери дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Алардын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен. Ал эми 3-дүйнө өлкөлөрү жакырчылык астында эзилип жатат. Алардын кен байлыктарын, сырьелорун жогорудагы капиталисттик мамлекеттер ташып кетип, кайра эле ушул жакыр калктарды өздөрүнүн товарына базар жана арзан жумушчу күч катары колдонуп жатышат.

Демек, ири мамлекеттердин экономикасы мына ушул алсыз өлкөлөрдүн эсебинен көтөрүлүп жатат. Мунун каршысында калктар ачкөз капиталисттердин зулумдугу астында эзилүүдө. Ал эми ири мамлекеттер жана эл аралык уюмдар берип жаткан карыз, кредит жана гранттар мына ушул колонизаторлук саясатты жашыруучу айла амалдар болуп эсептелет. Бул мамлекеттер жакыр өлкөлөргө кредит гранттар негизинен инфраструктура тармагына, маданият тармагына же ирригациялык тармактарды кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерине берилген болот. Бул тармактар канча каражат жумшасаң деле өзүн-өзү актабай турган тармактар болуп эсептелет. Тескерисинче, ал каражаттар мамлекеттерди карызга батырууга о.э. карыз же жардам берген мамлекетке көз каранды кылууга гана кызмат кылат.

Негизи мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү бир гана жол менен т.а. оор өнөржайды өнүктүрүү аркылуу гана ишке ашат. Башкача айтканда, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү – ички ресурстардан өз кызыкчылыгы жолунда туура пайдаланышынан көз каранды. Бул болсо, ички сырьёну кайрадан иштетүү үчүн мамлекет оор өнөржайды өнүктүрүшүн талап кылат. А бирок, оор өнөржайды курал жана станок чыгаруучу жетекчи, өнүккөн мамлекеттер монополия кылып алышкан. О.э. эл аралык мыйзамдар аркылуу “өнүгүп келе жаткан” жана “үчүнчү дүйнө” мамлекеттери оор өнөр-жайын өнүктүрүшүнө тыюу салынган.

Демек, дүйнө мына ушул капитализмдин адилетсиздигинен запкы тартып жатат. Адамзатты мындай зулумдан адамдардын жаратуучусу Аллах тартуулаган Ислам түзүмү гана чыгарат. Анткени, адамдардын акы-укуктарын Аллах Таала гана туура белгилейт жана ал укуктар Анын шарияты менен корголот. Шарият адамга адам деп карайт – ага капитализмдегидей “салык төлөөчү”, “шайлоочу” же “жумушчу күчү” деп карабайт. Ал эми Ислам көз карашында ар бир тирүү жан азиз. Анын тирүү жана бакубат жашашын камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here