Фалестин режими баскынчы яхудий вужудунун кылмыштарын колдоп-кубаттоодо

303
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режими баскынчы яхудий вужудунун кылмыштарын колдоп-кубаттоодо

«Арабий 21» веб-сайты хижрий 1442-жылы, 25-Рамазан, миладий 2021-жылы, 7-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Активисттер социалдык тармакта Фалестин администрациясынын коопсуздук күчтөрү «Халил шаарынын борборунда басып алынган Куддустагы Шайх Жаррах калкына тилектештик билдирүү о.э. баскынчы күчтөрдүн Акса мечитинин аянтына бастырып киргендигин четке кагуу» үчүн уюштурулган демонстрацияны күч менен таратып жатканын чагылдырган видеотасманы жарыялашты.

Видеотасмада Фалестин администрациясына караштуу коопсуздук күчтөрү демонстрацияны бастыруу максатында тынч демонстранттарга аёосуз чабуул кылып жатканы көрсөтүлгөн.

О.э. видеотасмада коопсуздук күчтөрү Аллахты акаараттаган сөздөрдү айтып, демонстранттарды кемсинтип жатышканын да угууга болот. Жана бир нече демонстрантты колго алууга урунган коопсуздук күчтөрүнө элдин каршылык кылганы да көрсөтүлгөн.

Сана Шаблий айым Фалестин маалымат каражаттарына айтышынча, анын Рамаллахтагы Тармус Айяда жайгашкан үйүнө Фалестин коопсуздук күчтөрү бастырып киришкен жана Сана айымды бир нече күн мурда үч (израилдик) чабуулдан улам жаракат алган окуя боюнча тергөө кылышкан… Тергөө учурунда, айымдын бул окуядан бүтүндөй кабары жок экендигине карабастан, аны бул окуяга байланыштырууга аракет кылынган. Фалестин коопсуздук күчтөрү бастырып киргенден бир-эки күн өтүп, анын үйүнө яхудий коопсуздук күчтөрү да бастырып киришкен.

Дагы бир интервьюда Сана айым баскынчылар менен тил бириктирип, аларга маалымат берди деп Фалестин режимин айыптады».

 Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here