Касташкан душманыбыз болгон Америка жана кафир Батыш бизге эч качан жакшылык кылбайт

201
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Касташкан душманыбыз болгон Америка жана кафир Батыш бизге эч качан жакшылык кылбайт

«Аль-Жазира нет» хижрий 1442-жылы 24-Рамазан, миладий 2021-жылы 6-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Кече бейшемби күнү Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сирия режими 2011-жылдан бери өз калкына каршы кеминде 50 ирет химиялык курал колдонгонун маалымдады.

Бул сөздөрдү АКШнын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Ричард Миллс Коопсуздук Кеңешинин Сириядагы химиялык куралдар боюнча өткөрүлгөн кезектеги виртуалдык жыйынында айтты.

Миллс жыйында: «Вашингтон Сирия режиминин жырткыч кылмыштары жана бул кылмыштардын айрымдары аскерий кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар даражасына жеткени, алардын катарында чыр-чатак башталгандан бери бул режим кеминде 50 ирет химиялык куралдар менен чабуул кыганы туурасында маалыматка ээ», – деди.

Кошмо Штаттар бул маалыматтарга таянып, президент Башар Асаддын колунда зарин газынан пайдалануу үчүн жетиштүү өлчөмдө химиялык заттар бар экенин баса белгилөөдө».

Роя:

Америка жана колонизатор кафир Батыш мусулмандарга жырткычтыктан башка нерсе алып келбеген, алып келбейт дагы. Алар жакшылык алып келерин канчалык айтышпасын, алардын малайы болгон Сирия режиминен жана аны колдогон режимдерден Сирия калкына каршы согушту токтотууну талап кылышпасын, булардын баары жалган. Себеби, түпкүлүгүндө, Сирия калкына каршы эл аралык жактан тыюу салынган куралдардын бардык түрлөрүнөн пайдаланууга о.э. элин кыргын кылууга жана качкынга айлантууга жашыл жарык жандырып бергендер ушул Америка жана колонизатор кафир мамлекеттер болот. Исламга каршы «суук» согуш АКШ демократтары колдоно турган кезектеги баскычка негиз болушу мүмкүн жана бул республикачылардын ачык-айкын согушунан да кооптуу. Бул нерсе Саудия, Иран, Түркия, Мисир сыяктуу регион мамлекеттеринин ортосунда болуп жаткан мамилелерди нормалдаштырууга жана жарашууга ылайык келет. Ал эми, Эрдаган режими менен Асад режиминин ортосунда күтүлүп жаткан жыйынтык жарашуу Сириядагы мубарек козголоңду жок кылуу планындагы негизги бөлүм бүткөндөн кийин жарыяланат. Шек-күмөнсүз, козголоңго каршы айла-амал кылып жаткандардын айла-амалы жана тил бириктирүүсү ага таптакыр зыян жеткирбейт, тескерисинче, Аллах Таала козголоң үчүн нусрат жана жеңиш дарбазаларын ачып берет.

 

Роя гезити, №338, 2021-жыл, 12-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here