Ташиев: чек арадагы кырдаал боюнча маалымат болгон

253
0

Ташиев: чек арадагы кырдаал боюнча маалымат болгон

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаганы тууралуу алдын ала маалымат болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Кагылышуу болот деп эч ким билген эмес жана аны билүү мүмкүн дагы эмес эле. Бирок кайсы бир деңгээлде чек арадагы абалдын курчуп жатканы бизге белгилүү болчу. Ошого карата биз тийиштүү чараларды көргөнбүз. Ошол чаралардын кайсы бир деңгээлде пайдасы тийди”,- деди Ташиев.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 34 кыргызстандык набыт болуп, 178 киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге жетти. Ал эми, тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрү каапыр колонизаторлор тарабынан түрдүү кир оюндар жүргүзүлө турган майданга айланып калды. Мындан да жаманы кан төгүү менен коштолгон мындай ыплас иштер жергиликтүү малай акимдердин коштоосунда болуп жатат. Мунун артында Орусиянын ифтарлыкка бири-бирин чакырып жаткан бир тууган элди касташкан душманга айлантуу, Батыштын базаларын аймакта курулушуна, анын таасири кирип келишине каршы туруу максаттары жатат.

Түпкүлүгүндө, Орусиянын мындай ишке батынуусуна мусулмандарда саясий аң-сезимдин төмөндүгү, каапыр колонизаторлордун биздин үстүбүздө жүргүзүп жаткан кир саясатты түшүнбөй калуу себеп болууда. Эгер биз мындай ыплас иштер Орусия тарабынан болуп жатканын түшүнүп, анын провакациялык аракеттерин ачып таштоо менен бирге мусулмандардын бир дене сыяктуу өкүмүн аткарганыбызда албетте алар мындай ишке батына албайт эле. Айрыкча, мусулмандардын калканы болгон халифалык мамлекетинин жоктугу ага өзгөчө дем берип жатат. Андыктан, биз бул кордуктан кутулуу үчүн бүткүл үммөттү бириктирип, жасалма чек араларды ачып таштап, бүткүл мусулмандардын акы-укугун коргоп бере турган мына ушул мамлекетти тикелөөгө шашылалы! Мына ушул максатка жетүүдө жаманатчынын жаманатты кылуусуна, малай акимдердин зулумдугуна, каапыр колонизаторлордун айла-амалдарына алаксып калбайлы! Айрыкча, эл аралык Бириккен Улуттар Уюму болобу, аймактык Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму болобу булардын баары мусулмандардын үстүндө өкүмдарлыкты сактап калуу жана каапырлардын кызыкчылыктарын коргоо негизине курулгандыктан, алардан жардам сурап кайрылуу чоң ката. Алардан жардам сурап кайрылуу карышкырга кой кайтартууга барабар!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here