ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы жаңжал токтошу керек

254
0

ЖККУ: Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы жаңжал токтошу керек

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал боюнча комментарий берди. Анын айтымында, “чек арадагы жаңжал токтотулуп, ал тынч жол менен чечилиши керек”.

 Ал: «ЖККУ чек арадагы жаңжал токтошу керек деп эсептейт, Аны тынч жол менен чечүү зарыл. Жаңжалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө», – деген.

ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдиновдун айтымында, ушул тапта Станислав Зась Душанбеде. Ал кырдаалды эки өлкөнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Рыскелди Мусаев жана Насрулло Махмудзодо менен талкуулаган.

29-апрелде Душанбеде ЖККУнун катчылар кеңешинин жыйыны, 27-апрелде ЖККУнун коргоо министрлеринин кеңеши өткөн.

ЖККУ 1992-жылы 15-майда Ташкент шаарында түзүлгөн. Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан уюмдун курамынан 2012-жылы чыгып кеткен. Уюмдун максаты тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитеттүүлүгүн коргоо болуп эсептелет..

 Комментарий: Кыргыз-тажик чек арасындагы аскерий кагышуулар Душанбеде ЖККУкоопсуздук кеңешинин катчылары жыйын өткөрүп жаткан учурда болду. Окуядан бир күн мурда т.а. 27-апрелде Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга барган.

 Тажик аскерлери ачык эле оор куралдарды колдонуу менен кыргыз айылдарына бастырып кирип, үй-жайлар жана социалдык обьекттерди талкалап жаткан убакта Душанбеде чогулган ЖККУ расмийлери Тажикстан өкмөтүнө каршы бир ооз билдирүү берүүгө батынышпады. Болор иш болуп, жай тургундардын каны төгүлүп, үй-жайлар өрттөнүп болгондон кийин алардын билдирүү жана чакырыктарынын кандай мааниси бар?

 Үч күнгө созулган кандуу окуяда кыргыз тараптан 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жарактан чыккан. 34 адам каза болуп, 178 киши жарадар болду. Ал эми тажик тараптан 90 адам жарадар болуп, 15 адам каза болду.

 Учурдан пайдаланып, Ырайымдуу Аллахтан курман болгон диндеш боордошторубузду Өз рахматына алышын, артында калган жакындарына көркөм сабыр беришин сурайбыз. Жараат алгандар батыраак айыгып кетишин тилейбиз.

 ЖККУ уставында уюмдун максаты “тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө өлкөлөрдүн көр карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгүн жана суверенитеттүүлүгүн коргоо” экендиги жазылып турат. Анан  эмне үчүн бул уюм өзүнүн мүчөсү болгон бир мамлекеттин дагы бир мамлекетке бастырып киришине көз жумуп койду?

 Региондогу экономикасы эң начар, эң жакыр эки республиканын бири-бирине каршы согушуусу, бири экинчисинин аймагына бастырып кирип гранатомёт жана пулемётторду колдонуу менен согушуусу табигый болдубу? Албетте, жок. Эгер Россия Тажикстанга “жашыл” чырак жагып бербесе жана аны ашкере колдоп турбаса тажик өкмөтү мындай кадамга батына албайт болчу. Россия ушул “согуш” аркылуу эл аралык коомчулукка, айрыкча, Афганистандан аскерлерин чыгарып кетүүгө даярдык көрүп жаткан , ошол эле учурда региондо жаңы база үчүн жай издеп жаткан АКШга региондо ким кожоюн экендигин о.э. убакта региондо жаңы согуш чыгарууга кудуреттүү экендигин көрсөтүп коймокчу болду. Өз кезегинде, бул – АКШ менен жакындашууга, ага аскерий база үчүн жер берүүгө ыктап турган региондогу республикаларга да “эскертүү” болду…

 Эй мусулмандар, көрүп турганыбыздай, ар түрдүү уюмдар, союздар же башкалары эч качан биздин  кызыкчылыгыбызга кызмат кылбайт. Ал уюмдар ошол уюмдарды түзгөн колонизатор куфр мамлекеттердин таасирин күчөтүүгө гана кызмат кылат. Чек ара көйгөйлөрү да, талаштуу аймактарды тактоо же алмашуу менен эле чечилип калбайт. Ортобузда талаштуу аймактарды калтырбай чечип алууга колонизаторлор жол беришпейт.

Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн бирден-бир жолу – бул колонизатор кафирлер ортобузга тартып койгон жасалма чек араларды, ушул чек араларды мыйзамдаштырып берген эл аралык мыйзамдарды четке кагуу о.э. ар түрдүү эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчөлүктөн баш тартуу. Ал үчүн болсо, өз акыйдабыздан келип чыккан исламий түзүмдү жашоого алып келүүгө аракет кылышыбыз керек. Мына ошондо эки дүйнө бактысына алып баруучу жолдо аракет кылган болобуз.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here