Кыргызстанда газ дагы кымбаттады
Кыргызстанда жаратылыш газынын улуттук валюта менен эсептеген баасы жогорулады. «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, февраль айында бир куб метр газ өткөн айга салыштырмалуу 0,21 сомго кымбаттап, 18,06 тыйынды түздү.
Газдын баасы дүйнөлүк базарда арзандап жатат. Маселен, Россиянын Европага экспорт кылып жаткан газ баасынын миң кубометри 80 долларга түшкөн. А бирок, Россия Кыргызстанга сатып жаткан газдын жана нефть продукцияларынын баасын түшүрбөдү. Тескерисинче, кымбаттады!
Буга чейин Кыргызстан Россиянын “Газпром” компаниясына өлкөдөгү газ тармагын 1 долларга сатып жиберген. Бул тарыхый кыянат – саткын бийлик өз креслосун элдин кызыкчылыгынан жогору коюшунун натыйжасында жүз берген. Россия болсо Өзбекстан газын арзан алып, кайра бизге дүйнөлүк баадан бир нече эсе кымбат сатуу менен бизди да тоноп жатат.
Жыйынтыктап айтканда, Россия калган колонизаторлор сыяктуу эле өтө ачкөз жана жырткыч “өнөктөш”. Ал Кыргызстанда үч жолу революция уюштурууга түздөн-түз же кыйыр түрдө аралашты. Эки жолу улуттар аралык согуш чыгарды. Миӊдеген адамдар өлдү.
Булардын каршысында, бийлик өз жарандары үчүн газдын баасын арзандатууну суранууга гана жарайт. Анын баасын көзөмөлдөй албайт. Демек, биз газдын баасын дүйнөлүк баа боюнча өзгөрүп туруучу кылып арзандатып беришин өкмөттөн талап кылышыбыз керек! Ал эле эмес, үммөттүн мүлкү болгон табигый газ, мунай жана кендерди элге кайтарып бере турган Исламий мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу шарт!
Мумтаз Маверанахрий