ХАЛИФАЛЫК КАНТИП КУЛАТЫЛГАН: УЛУТЧУЛДУК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК

345
0

Халифалык кантип кулатылган: улутчулдук жана мекенчилдик

Ислам таңы аткандан баштап хак менен батыл ортосундагы күрөш токтобой келет, ошондой эле бул күрөш Кыяматка чейин уланат. Бул акыйкатты аң-сезимибизге негиздеп алуубуз зарыл. Куфр эч качан бул күрөштү токтотпогон, бирде жагынып, бирде куулук кылып, бирде кубаттуу болгондо зөөкүрдүк кылып Исламга каршы күрөшүп келген, дагы эле күрөшүүдө.

Пайгамбарыбыз с.а.в. 13 жыл дават алып барган соң, Аллах Таала мусулмандарга мээримин төгүп улуу нусрат берди, ушул күндөн баштап Исламды, мусулмандарды коргогон Ислам мамлекети тикеленди жана Халифалык улуу теңдешсиз лидер мамлекетке айланды. Бирок 12-кылымга келип Ислам мамлекетинин вилаяттары өз алдынча боло баштады, алар ички саясатта маанилүү саналган тармактарда: башкаруу, аскерий, финансылык тармактарда көз карандысыз болуп алышты. Акыбетте Ислам мамлекети «мамлекеттер ортосундагы шериктештикке» окшоп калды.

Албетте Европа мамлекеттери ар кандай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, шарт жаралары менен Ислам мамлекетине сокку берүүгө аракет кылышкан. Ошентип 12-кылымда Европа мамлекеттери ушундай шарт жаралды деген жыйынтыкка келип, мусулмандарга каршы «кресттүүлүк согуштарды» баштады. Ал тургай, алар ийгиликке жетип, Шам, Палестина 100 жылдай алардын баскынчылыгы астында болду. Бул учурда мусулмандар Палестинаны кайтарып алуу аракетин токтотушкан жок. Жихад кылып атышып, кресттүүлөрдү жеңип, Шамдан кууп чыгышты. Бирок кресттүүлөрдүн согуштары бүтөрү менен эле жаңы сыноо келди – монголдордун баскынчылыгы башталды. Монголдор Багдадды кулатып, Шамды басып алды. Бирок тарыхта белгилүү «Айн Жалут» кармашында мусулмандар монголдорду бүтүндөй жеңишти. Ушул окуялардан кийин мусулмандарда дүйнөгө Исламды жеткирүү руху кайра жанданып, жихад артынан жихаддарды кылышты. Ислам мамлекети дүйнөдө мурунку лидерлик даражасына кайтты.

Бул абал 4 кылымдай созулду. 18-кылымга келип Европада өнөр жай ыңкылабы жүз берди. Күчтөрдүн тең салмактуулугу өзгөрдү. Эми мусулмандар улам-улам өз аймактарын европалыктарга тарттыра баштады. Андан кийин Европа Ислам мамлекетин (Усманий Халифалыкты) басып алуу менен гана чектелбестен, мусулмандардын өз ара мамилелериндеги Исламды жок кылууну көздөдү, Исламды диний ырасымдарга гана чектөөнү пландады.

Батыш бул баскынчылыктарды бекемдөө, мусулмандардын биримдигин бузуп бөлүп жаруу, өлкөлөрүн майда ыдыраган күчсүз мамлекетчелерге айлантуу үчүн улутчулдук жана мекенчилдик (эгемендүү болуу) идеяларына өзгөчө көңүл бурду. Мусулмандарды бөлүүдө бул идеялардын таасири өтө чоң. Ошондой эле Батыш бул идеяларды өзгөчө түрктөр жана арабдардын арасында жаюуга аракет кылды. Исламда улутчулдук жана мекенчилдик (бөлүнүү) түшүнүктөрү жок. Ал тургай, Ислам мындай түшүнүктөрдү каралайт, мусулмандардын биримдигин сактоо үчүн андай түшүнүктөргө каршы турууну буйруйт. Ошондуктан улутчулдук жана мекенчилдик сырттан кирип келгенин көрөбүз.

Батыш мусулман өлкөлөрүндө улутчулдук жана мекенчилдик идеяларын жаюуда миссионердик иш-аракеттерге таянды жана Батыш элчиликтери улутчулдукту жана мекенчилдикти жайган, агенттерди даярдаган уу-заар уяга айланды.

Улутчулдук жана мекенчилдик идеяларын арабдар арасында жаюу аракеттери 17-18-кылымдарда башталды. Бул аракеттер негизинен миссионердик уюмдар жана Батыш түптөгөн окуу жайлар, илимий  коомдор аркылуу алып барылды. 1842-жылы АКШ Бейрутта (Шамда) илимий комитет түзөт. Бул комитет улууларга жана өспүрүмдөргө билим берип, ошол эле маалда Батыш маданиятын, идеяларын, улутчулдукту жана мекенчилдикти таңуулаган. Комитеттин 5 жылдык катуу аракетине карабастан, бүткүл Шам боюнча 50 гана адам бул комитетке кирген, алардын көпчүлүгү христиандар болуп, бир да мусулман болбогон. Ошондуктан 1857-жылы жаңы коом түзүлөт. Мурунку ийгиликсиздиктерди эсепке алуу менен, бул коом жаңы жол-жобого ылайык түзүлөт. Тагырак айтканда, бул коомдун мүчөлүгүнө жергиликтүү эл жана арабдар гана кабыл алынуусу шарт кылынат. Көрүнүп тургандай, миссионердик уюмдар жана билим берүүнү маска катары жамынган университеттер мусулмандарды тартууда ийгиликсиз болушкан. Себеби секуляризм, улутчулдук, мекенчилдик – баары мусулмандарга жат болчу. Батыш ушундай уу пикирлерди жаюуда Стамбул, Бейрут, Каир, Дамаск, Жидда шаарларына өзгөчө көңүл бурду. Улам-улам жаңы миссионердик уюмдар түзүлдү, университеттер ачылды. Бул миссионерлер (христиандар!) араб тилин, адабиятын изилдөөгө үгүттөштү. Бул аракеттердин түпкү максаты – мусулмандарды Исламдан улутчулдукка буруу болгон. Ошондой эле бул миссионерлер, окумуштуулар Усманий Халифалык жөнүндө ар кандай жалган-жалааларды таратышты, «Усманий Халифалык шариятты бузуп колдонууда», «Түрктөр Халифалыкты арабдардар күч менен тартып алышкан» деген аталышта макалаларды жарыялап турушту. Мына ушундайча араб улутчулдугуна чакырган пропоганданы христиандар жетектешти. Ислам мамлекети бул уюмдардын, университеттердин ачылышына каршы тура албады, себеби ал маалда күчсүз болчу, жада калса, кээ бир өлкөлөрүн Батыш басып алган эле. Албетте бул уюмдар жана университеттер АКШ, Франция жана Британиянын колдоосу, көрсөтмөсү негизинде ачылды, бул мамлекеттер аларды толук коргошту.

Ошол убакта АКШ, Франция, Британия тарабынан түзүлгөн университеттердин айрымдары бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат, бүгүнкү күнгө чейин мусулман жаштарын уулап келишүүдө. Ал тургай АКШ, Франция, Британия жана башкалардын колдоосу астында бүгүн мусулман өлкөлөрүндө андай уюмдардын, университеттердин жаңы-жаңылары ачылууда. Алар мусулмандардын биримдигине балта чапкан улутчулдук, мекенчилдик, секуляризм пикирлерин жаюунун очогу болуп эсептелет.

Батыш улутчулдук менен уулоодо түрктөрдү да четте калтырышкан жок. Тескерисинче аларга көбүрөөк көңүл бурушту. Себеби Халифалыктын борбору Стамбул болчу, Халифалыктын жетекчилери түрктөр эле.

Батыштын аракеттеринин натыйжасында Батыш маданиятына суктанган түрк жаштарынын катмары пайда болду. Бул жаштардын бир тобу Парижде негиз салынган «Жаш Түркия» (же «Биримдик жана Өнүгүү») коомун түздү. Оболу бул коом жашыруун эле. Коомдун бөлүмдөрү Париж, Берлин, Салоники, Стамбул шаарларында болгон. Коом «Ал-Анбаъ» деген гезит чыгарчу, бул гезиттер Европа почта каналдары аркылуу жашыруун Стамбулга жеткирилип, таратылып турган. Бул коомдо мурунку министрлер, өлкөнү реформалоого үндөгөн мурунку жогорку кызматтагы адамдар да болгон. Коом жашыруун жыйындарды өткөрүп, өз мүчөлөрүн революциялык мүнөздө даярдаган. Бул «Жаш Түркия» коомунун мүчөлөрү Ислам учурдагы заманга туура келбейт жана түрк улутчулдугун коргоо биринчи маселе деп эсептешкен, ошондой эле Түркияны башка мусулман өлкөлөрүнөн, ал эми түрктү башка мусулмандардан жогору коюшкан.

Ошентип 1908-жылы төңкөрүш жасалып, бийликке ушул коом келди. Коомдун мүчөлөрү өкмөт кызматтарына Батышка мухаббат койгон адамдарды алып келишти. Бул жаштар реалдуулукту да, Исламды да түшүнбөгөн, жалаң гана Батыштын жалган идеяларына суктанган жаштар эле. Алар Батыштын айтканын айткандай сокурларча аткарышты. Эми Батыш алардын колу менен каалаган нерсесин ишке ашыруусуна шарт жаралды. Ошондуктан «жаштар бийликке келсин» деген ураандар көбүн эсе Батышка суктанган адамдардын бийликке келүүсүн түшүндүрөт.

Бийликти алган бул топ Исламга тескери, улутчулдук мүнөздөгү иш-аракеттерди жасашты. Бул иш-аракеттер Усманий Халифалыкта жашаган элдердин биримдигине эмес, ажырымына алып келди. Маселен алар армия ичинде улутчул саясат алып барышты, аскерий арабдарды Стамбулга сапарбар кылууга тыюу салышты. Вакф министри араб болчу, ал кызматынан алынып, ордуна түрк коюлду. Ички жана тышкы иштер министрлигине түрк улутундагыларды дайындоо аракеттери башталды. Араб журттарындагы жетекчиликке араб тилин билбеген түрк улутундагы адамдар жөнөтүлгөн, мындай аракеттердин артынан түрк тили мамлекеттик тил деп жарыяланды. Араб тили мамлекеттик иштерден четтетилиши ушундай бир даражага жетти дейсиң, Усманий Мамлекеттин Вашингтондогу элчиси иш кагаздарды түрк тилинен башка тилде жүргүзүүгө тыюу салды. Негизи, ал кезде Америкада Усманий Мамлекеттин жарым миллионго жакын жараны болгон, алардын эч бири түрк тилин билишпеген.

 

«Жаш Түркия» коомунун улутчулдук негиздеги мындай иш-аракеттери Усманий Мамлекеттеги башка жарандарды улутчулдукту карманууга түрттү. Ал тургай, башка улуттар улутчулдук негизинде өздөрүнүн коомдорун жана уюмдарын түзө башташты. Ошентип улутчулдук, мекенчилдик идеялары мусулмандарды Исламдан кыйла алыстатып жиберди. Мусулмандардын ортосундагы мамиле Исламга эмес, улутчулдукка негизделип калды. Усманий Халифалыкта жашаган калктар улутчулдукту жана мекенчилдикти (эгемендүүлүктү) карманып, Халифалыктан бөлүнүп, эгемен болуу аракеттерин күчөтүштү. Кийинчерээк бул идеялар Халифалыкты кулаткан кылым кылмышкери Мустафа Кемелди колдогон адамдардын пайда болуусуна шарт жаратты.

 

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here