Халифалык кулатылганын эскерүү
Мындан 100 жыл мурда кулатылган Халифалык мамлекетин эскерүү дилибизди терең кайгыга батырды. Мусулмандар Халифалык Мамлекетинин көлөкөсүндө көптөгөн кылымдар бою сый-урмат жана азиздикке бөлөнүп жашашты. Бардык тармакты камтып алган, турмуштук проблемаларды көркөм көрүнүштө чечкен жана бардык калктардын жашоосуна о.э. эл аралык абалга жогорку деңгээлде оң таасирин тийгизген мындай саясий түзүм адамзаттын тарыхында болгон эмес.
Буга таң калыштын кереги жок. Себеби, Аллах түшүргөн өкүмдөрдү колдонуу кадыржамдык жана жыргалчылыктын о.э. айланадагы бардык нерселерге береке жаап турушунун кепилдиги болуп эсептелет. Буга адамзат өз жашоосунда күбө болду. А бирок мына 100 жылдан бери мусулмандар – мусулмандар эле эмес, бүтүндөй адамзат – ал кадыржамдык жана жыргалчылыктан куру калды.
Халифалыктын акыркы кездериндеги мусулмандардын пикирий алсыздыгын ыңгайлуу учур деп билген кафир Батыш мусулмандарга каршы пикирий күрөшүн күчөттү. Себеби, Батыштын маддий (материалдык) өнүгүүсүнө азыгырылган көпчүлүк мусулмандар анын “эркиндик”, “азаттык” сыяктуу пикирлери жана түзүмдөрүнөн таасирленип калышкан эле. Негизи мусулмандар арасындагы илим-билим тармагында артта калуунун себеби ижтихадга этибарсыздык себептүү болгон эле. Ижтихаддан алыстаган мусулмандардын зээнин караңгылык каптап алгандыгы себептүү алар Исламды түшүнүүдө ката кетире турган жана Батыш пикирлеринен таасирлене турган болуп калышты. Мисалы, Батыш велосипед ойлоп тапкан бир мезгилде мусулмандар Батыштан келген мөмө-жемиштерди жесе болобу, же жокпу деген нерсени талашып-тартышуу менен убара эле. Бирок өкүнүчтүүсү, Батыштын маддий өнүгүүсү жана өздөрүнүн маддий артта калышынын негизги себебин түшүнүү аларга насип кылбады. Жаштар да билип-билбей Батыштын арамза максаттарына кызмат кылар эле. Бул нерсе ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң, Халифалык мамлекети кулатылышында араб жана түрктөрдөн турган мусулман жаштардын кызматы Британия, Франция, Россия, Греция сыяктуу Исламга душман мамлекеттердин душмандыгынан кем болбоду. Себеби, Ислам душмандары Халифалыкты кулатууда араб жана түрк жаштарынын кызматынан пайдаланышты.
Натыйжада, айлакер Батыш наалаты Мустафа Кемелдин колу менен Халифалык түзүмүн жок кылып, анын ордуна Исламдан бүтүндөй тескери болгон республикалык түзүмдү орнотту. Мунун натыйжасында, Исламий дүйнөнүн бардык мамлекеттериндеги башкаруу түзүмдөрү бүтүндөй өзгөрүп кетти. Усманий мамлекет 50дөн ашуун кичинекей мамлекетчелерге бөлүнүп, кафир мамлекеттердин колониясына айланды. Бир бүтүн Халифалык түзүмүнүн ордуна королдук, султандык, амирлик, автономиялык, республикалык башкаруу жана башка шариятка тескери келген бузуку башкаруу түзүмдөрү өкүмдарлыгын орнотту. Үммөт болсо бөрүлөрдүн үйүрүндө калып кеткен козудай болуп калды. Намыстар тебеленди, байлыктар таланып-тонолду. Мусулмандар карата көз көрүп, кулак укпаган, эсеп жеткис кыргындар уюштурулду жана мындай абал бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Биз Халифалык кулатылган күндү эскерип жатып, ушул күндө көз жаш төгүп, кайгы-муңубузду айтуу үчүн эскербейбиз. Тескерисинче, өткөндөн сабак алып, ал кара күндү тарыхыбыздан өчүрүп таштоо жана Халифалыкты жашоого кайтаруу үчүн үммөттү аракетке чакыруу максатында эскеребиз. Анткени, Аллахтын шарияты жашоодон алыстагандан кийин кайрадан кайтып келишин тастыктоочу бир нече хадистер бар.
Расулуллах A Пайгамбарлыктан кийин рошид Халифалык болушун, андан кийин адилетсиз падышалык болушун жана андан кийин залим жана зордукчул падышалык болушун кабарлаган,
«ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
Расулуллах A рошид Халифалык кайтып келишин башарат кылып: «Андан соң Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», – деген.
О.э. Муслим сахихинде Савбандан Расулуллах Aдын мындай дегенин риваят кылат:
إِنَّ اللهَ زَوَى لِيَ الْأَرْضَ فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا، وَإِنَّ أُمَّتِيْ سَيَبْلُغُ مُلْكُهَا مَا زُوِيَ لِيْ مِنْهَا
«Аллах мага жердин бардык тарабын жыйып көрсөттү. Мен анын күн чыгышынан күн батышына чейин бардык жерлерин көрдүм. Үммөтүмдүн өкүмдарлыгы жердин мага көрсөтүлгөн жерине чейин жетип барат».
Ибн Хиббан Сахихинде мындай дегенин риваят кылат:
لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ – يَعْنِي الإِسْلاَمُ – مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ وَلاَ يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلاَ وَبَرٍ إِلاَّ أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ عِزًّا يُعِزُّ اللَّهُ بِهِ الْإِسْلَامَ وَذُلاًّ يُذِلُّ اللَّهُ بِهِ الكُفْرَ
«Бул иш күн жана түн жеткен жерге чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйүн калтырбастан, ага бул динди азиздин азиздиги жана кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат, ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат».
Исламдын жер бетиндеги ар бир үйгө кирип барышы жөнүндө кабар берген бул хадистер – дүйнө калкы Исламды кабыл алышы же кабыл албашына карабастан – шарият өкүмдөрү дүйнө жүзүндө колдонулушун түшүндүрөт. Шарият өкүмдөрү Халифалык мамлекети бар болсо гана колдонулат.
Исламдын жашоого кайтып келиши жөнүндө кабарлаган мындай хадистер бир топ. А бирок, Халифалык мамлекетинин кайрадан тикелениши күтүп отура турган жана кол чаап тосуп ала иш эмес. Бул иш үммөттөн өзүнө жараша мээнетти талап кылат. Мындай мамлекетти алгачкы жолу тикелеген Расулуллах Aкандай азап тарткандыгы өзүңүздөргө белгилүү. Ал заттын карманган жолу биз үчүн тарыйкат.
Инша Аллах, Рошид Халифалык мамлекети жашоого кайтып келери анык. Учурда – Аллахка алкыш мактоолор болсун – Үммөттүн арасынан чыккан калыс мусулмандардын аракеттери себептүү Үммөт кайрадан ойгоно баштады. Бул адамдар Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө жана Үммөттүн азиздигин калыбына келтирүү үчүн Расулуллах Aдын жолу менен жүрүп, дүйнөлүк масштабда иш алып барууда. Батыштын түрдүү айла-амалдары аркылуу унутулган “Халифалык”, “шариятты колдонуу” сыяктуу сөздөр бүгүнкү күндө үммөттүн оозунан түшпөй калды. Башкача айтканда, бул маселе акыркы күндөрдө исламий ойгонуу талап кылып жаткан жалпы талапка айланып калды.
Ушундай болгон соң, биз Халифалык кулатылышынын 100 жылдыгын кайгыруу менен эскерип, ар бир мусулманды бул эскерүү алдында бир аз токтоп, пикирлеп көрүүгө чакырабыз. Себеби, Шаръий өкүмдөрдү жашоого кайтаруу маселеси жеке адамдарга же бирер жамаатка чектелген маселе эмес. Тескерисинче, бул нерсе бардык мусулмандардын милдети. Аллахтын динине жардам берүүгө киришкен жана бул улуу фарзды өтөө жолунда иш алып барып жаткандар менен биргеликте аракет кылуунун убагы келди. Себеби, ушул аркылуу Аллахтын алдына барганда жүзүбүз жарык болсун.
لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ
«Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын!»[37:61]
Киямуддин Шариф