2014-ж. 27-апрель күнү “ozodlik radiosi” таркаткан кабарга ылайык, Кыргызстандын Ош областына караштуу Карасуу шаарында Өзбекстандын атайын кызматынын кызматкери деп күмөн кылынган адам колго түшүрүлгөн. Колго түшүрүү маалында каршылык көрсөткөнү жана бир нече милиция кызматкерлерин жарадар кылгандыгы жөнүндө кабарлар таркаган. Тинтүү жүргүзүлгөндө, анын жанынан бир нече ок атуучу куралдар жана бир нече паспорттор табылганы жөнүндө кабарлар таркаган. Бул тууралуу ушул убакытка чейин расмий мекемелер тарабынан эч кандай билдирүүлөр берилген эмес.
Социалдык тармактарда таркап жаткан маалыматтарга ылайык, мындан бир апта мурда алардын шаар бойлоп мусулмандар арасында улутчулдукка чакыруучу пикирлерди таркатып жатышканы жана Рашад кары менен дагы бир катар мусулмандар жөнүндө кабарларды чогултууга аракет кылып жатышканы тууралуу жазылган. Мындан тышкары алар, Рашад карыны өлтүрүү планы да бар экендиги тууралуу Рашад карыга жакын адамдарга ачык айтышкан жана ушул ишине жардам берүүчүлөргө 2000 доллар бериши жөнүндө да сөз таркатышкан. О.э. колго түшкөн адам менен дагы бир кишинин сүрөттөрүн “однокласник” баракчаларына жайгаштырып коюшкан эле. Ошондон кийин Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери аракет кылууга мажбур болушту. Маалыматтарга ылайык шектүү адам, мас абалында Карасуу райондук ИИБнин алдында жаӊжал чыгарып, дээрлик өзү колго түшүп бергенге чейин, аны колго түшүрүүгө батына алышпаган. Шериги азыркыга чейин табылган жок.
Бул Кыргызстанда жүргөн миӊдеген тыӊчылардын бири. Анын башкалардан айырмасы, ал ашкере иш алып барды жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өзүн тапшырды. Өзбек ФСБсынын максаты, өз тыӊчысын ашкере таштап берип, андан кийин камырдан кыл сууругандай алып чыгып кетүү менен Кыргызстан мамлекетин ачык коркутуу. О.э. Кыргызстандагы жарандар, айрыкча өзбек улуту алдында өзүнүн таасир күчүн көтөрүү менен бир катарда, кыргыз улутунун рухун түшүрүүгө аракет кылууда. Ушул иштер менен бир катарда Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келип жаткан кабарларга ылайык, өзбек режиминин тыңчылары кээ бир байлыгы бар жана соодагер өзбектерди кыргыздардын коргоосунан чыгууга чакырып, өз коргоосун сунуштаганы айтылууда. О.э. “Өзбекстан Кыргызстандагы өзбек улутунун тагдырына кайдыгер эмес” деген маанидеги агитациялык сөздөр кеӊири жайылып барууда.
Буларды т.а. расмий жана расмий эмес мамилелерди көрүп чыгып жыйынтык чыгаруу мүмкүн болгондой, Өзбекстан Кыргызстанга кошуна жана эгемендүү бир мамлекет катары карабай жатат. Тескерисинче, жору-кузгун тарпка карагандай т.а. Россия жана АКШ сыяктуу көз менен карай баштады. Алар Кыргызстанга кудум бир нече күчтөр ортосундагы күч сынашуу майданы сыяктуу карай башташты. Кудум Украина менен Крым АКШ, Россия жана Евро биримдиктин ортосунда калганы сыяктуу.
Өзбек тыӊчысынын аракеттери; Ош областына Газпромдон келиши 100 пайызга кепилденген газды токтотуп коюшу; Жалал-Абад менен чектеш жерде аскерий машыгууларды өткөрүшү жөнүндө ал тургай кабар берип да койбогондугу; – булардын бардыгы Өзбек режиминин артында АКШ тургандыгына далалат кылат. Демек, кыргыз мамлекети бул тыңчыны да, кудум Рашад карынын атасы шейит Рафик карыны өлтүргөн адамды коргогондой коргоого мажбур болот. Эскертип өтөбүз, Рафик карыны өлтүргөндөр өзбек режиминин аскерлери болчу. Ошол убактагы өзбек режими менен кызматташтыкта алып барылган операциянын жетекчиси болгон Жаныш Бакиев болуп өткөн адам өлтүрүүнү моюнга алууга кыргыз күч структураларын мажбурлаган болчу. Бул Өзбекстан менен мамилелерди бузуудан коркуп, кырдаалга ылайык иш кылуунун натыйжасы болчу. Азыркы кырдаалда да, алысты көрө албай турган, саясий жөндөмдөрү өз кызыкчылыктары айланасында гана айлана турган саясатчылар дагы кайрадан өзбек режими алдында алсыздык кылышы мүмкүн. Бирок, качанкыга чейи! Улутчулдук уруктары себилип жатканын көрүп-билип туруп, анын алдын алышы мүмкүн болгон Рашад кары жана ушул сыяктуу исламий жетекчилерди коргоонун ордуна аларды өз абалына таштап коюп, тескерисинче карасанатай күчтөргө мусулмандарды камоо жана акаараттоо менен жол ачып беришсе! Бул чыккынчылык эмеспи!
Кыргызстанда бир нече пикирий кубаттар ортосунда күрөш башталышы күтүлөт. Мусулмандар тарабынан исламий пикирий жетекчилик кубаты, өзбек коопсуздук кызматтары тарабынан башкарылуучу улутчулдук негизиндеги пикирий жетекчилик жана Батыштын куралы болгон демоктатияга негизделген эркиндиктерди коргоо багытындагы кубаттар. Исламий пикирий жетекчилик, улуттук пикирлерди сындыруучу жападан-жалгыз кубат экендиги белгилүү. Ошондуктан, Өзбекстан Рашад кары сыяктуу исламий жетекчилердин жана Хизбут-Тахрир сыяктуу исламий хизбдердин жок болушуна кызыкдар. Бул кубаттар алардын жийиркеничтүү пландарын ишке ашырууда өтө чоӊ тосук болушу анык. Бирок, Кыргыз мамлекетчилиги мунун тескерисине кызыкдар болушу керек. Эгерде элинин кызыкчылыгын, анын биримдигин жана бейпилдигин ойлогон болсо.
Абдураззак: