ХАЛИФАЛЫКТЫ ТИКЕЛӨӨНҮН ТАРАПКЕРИСИҢЕРБИ ЖЕ АГА КАРШЫСЫҢАРБЫ?!

466
8

Хижрий 1435-жылы 19-жумадул-аввал, миладий 2014-жылы 19-апрель күнү Казориф шаарынын коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын төрт мүчөсүн камакка алды: Ибрахим Абдулкадир, Мунаввар Дафъуллах, Усама Абдулазиз жана Илмуддин Мухаммадхасан. Коопсуздук кызматы алардын компьютерин жана видеокамерасын о.э. сурамжылоо барактарын тартып алышып, эки сааттан кийин коё беришкен. Бул Хизб мүчөлөрү базарда сурамжылоо өткөрүп жатышканда камакка алынышкан. Сурамжылоодо мындай суроо берилген: «Сиз Халифалыкты тикелөөнүн тарапкерисизби?» жана «Ооба» же «Жок» деген жооп көрсөтүлгөн. Коопсуздук кызматы Хизб мүчөлөрүнүн колго алынышын бул иш-чарага уруксат берилбеген деп жүйөлөштү.

Бул жигиттер өткөргөн иш-чара бүгүнкү күндөгү эң улуу иш-чара экендигинде шек-күмөн жок. Бул иш-чара Пайгамбарыбыздын минхажы негизинде туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого багытталган. Арийне, Ислам мамлекетисиз Аллах Субханаху ва Тааланын өкүмдөрүн колдонуу мүмкүн эмес, Исламдын Халифалыктан башка мамлекети да болбойт. Ар бир мусулмандан Халифалыкты тикелөөгө аракет кылуу талап кылынат, эгер аракет кылбаса, эч болбогондо анын тарабында туруп, аракет кылып жаткандарга жардам бериши керек. О.э. айрым уламалар бул амалды фарздардын таажысы деп айтышкан.

Казориф шаарындагы коопсуздук кызматынын аракети болсо Аллахтын жолунан тосуу экенинде шек-күмөн жок, Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«Ар көчөдө отуруп алып коркутпагыла, Аллахка ыйман келтирген заттарды Анын жолунан тосуп о.э. ал жолду бузууга аракет кылып олтурбагыла!»                [7:86]

Андан тышкары, Хизбдин бул иш-чарасы үчүн мыйзамдуу түрдө уруксат алуу талап кылынбайт, анткени, бул иш-чара саясий форум же митинг эмес. Республиканын партиялардын иш-аракеттерин тартиптештирүү жөнүндөгү №158 буйругунда: «Саясий партиялар аянттарда жана коомдук жайларда жыйындарды уюштурууга жана өткөрүүгө укуктуу» делген.

Бийликтин сөзү менен аракетинин карама-каршылыгы акыл жүргүзгөн бардык адамдарга ачык-айкын болуп калган акыйкат астында бул түзүм коркуп жатканына жаркын далил.

Судан режими баарынан да калк Хизб тарапкерлери астында биригип жатышканына кыжырданат. Бул болсо Үммөт Исламды жана ага даъват кылып жаткандарды жакшы көрөрүн дагы бир ирет баса белгилейт. Бул даъватчылар Исламды колдонбогон, илманийликке карап багыт алган бул режимдин чыныгы жүзүн ачыктоодо.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын мүчөлөрү, бийлик менен коопсуздук кызматын Аллахтын жолунан тосуу акыбетинен, бул дүйнөдө шерменде болуу, Акыретте болсо анык кыйроого кабылуудан эскертебиз о.э. укуксуз түрдө тартып алган техника жана барактарды коопсуздук кызматынан кайтарып берүүнү талап кылабыз.

Сөзүбүздүн аягында, режимге жана анын куйруктарына силер Халифалыкты тикелөөнүн тарапкерисиңерби же ага каршысыңарбы деп суроо беребиз.

Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү

Телефон: 0912377707 – 0912240143

Электрондук почта: spokman_sd@dbzmail.com

8 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here