Жээнбеков премьер-министрдин отставкага кетүүсүн кабыл алды

305
0

Жээнбеков премьер-министрдин отставкага кетүүсүн кабыл алды

 Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүн кабыл алды. 15-июнда Абылгазиев радио жыштыктар мыйзамсыз сатылышына байланыштуу чуудан улам отставкага кетүү чечимин кабыл алган.

Президенттин маалымат кызматы: “Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков кол койон жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевичтин кызматтан кетүүсү алынды”, – деп кабарлады.

 Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке буга чейин вице-премьердик кызматты аркалап келген Кубатбек Бороновдун талапкердигин көрсөттү.

 Комментарий: Кыргызстан “эгемендүүлүккө” жеткенден бери 29 жылда 31 жолу премьер-министр алмашты. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кубатбек Боронов 32-премьер-министр болду. Ал тургай, кээ бир саясатчылар эки жолудан премьер-министр болууга үлгүрүштү. Кээде президент шалаакылыгын жашыруу үчүн, же болбосо бирер колонизатор мамлекеттин кызыкчылыгы жүзөгө чыгарылгандан кийин – Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүү сыяктуу – премьер-министрди “курмандыкка” чалган болсо, кээде премьер-министрдин өзү Кыргызстанда терең тамыр жайган коррупциялык схемалардын башында тургандыгы ачыкталып, отставкага кеткенден кийин камакка алынды…

 Ар дайым премьер-министр милдетин аткара албагандыкта же коррупцияга жол бергендикте айыпталып жумуштан алынышына карабастан, Кыргызстан экономикасында да, саясий багытында да оң жакка олуттуу өзгөрүү болбоду. Себеби, проблема системада эмес, түзүмдө. Кыргызстанда бардык нерсени материалдык кызыкчылык негизине куруучу капиталисттик түзүм колдонулуп жаткан соң, премьер-министр же өкмөт мүчөлөрү канча жолу алмашканы менен эч качан өзгөрүү же өнүгүү болбойт. Себеби, чиновниктер убактылуу бийлигинен пайдаланып өзүн, үй-бүлөсүн жана жакындарын материалдык жактан камсыздап алуу жөнүндө гана пикирлешет. Алар элдин же Аллахтын алдында жоопкер экендигин сезип да коюшпайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here