Кыргызстанда өкмөттүн курамы өзгөрдү

256
0

Кыргызстанда өкмөттүн курамы өзгөрдү

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштады. Бороновдун ордуна болсо Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов коалициянын жыйынында расмий жарыялады. Боронов өз сөзүндө мурдагы өкмөттүн пландарын улантарын белгиледи.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызын 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. Эгер Бороновдун талапкерлиги колдоо тапса, ал Кыргызстандын 29 жылдык жаңы тарыхында 31-премьер-министр болуп калмакчы.

Өкмөттүн курамынын өзгөрүүсүн айрым эксперттер шайлоо алдындагы бийликтин аракетине байланыштырууда. Анткени, акыркы учурда бийликке карата нааразы пикир коомчулукта күчөп жаткан.

Кыргызстанда өкмөттүн же бийликтин алмашуусу орун алмашуудан башка нерсенин өзгөргөнүн түшүндүрбөйт. Мындай алмашуулардан Орусиянын өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калышы, Батыштын айрым кадрларын бийликке аралаштырышы сыяктуу саясий жараяндарды гана көрө алабыз. А бирок, элдин жашоо деңгээли мурун кандай болсо ошол боюнча, балким мурункудан да төмөндөп бара жатат. Үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарыбыз Кытай жана чет элдик компанияларга ит бекер берилүүдө. Муну менен эле чектелбей, калктын мойнунан алынган салыктардан төлөнүп жаткан карыздардын көлөмү жыл санап өсүүдө. Ал эми мындай абалды өзгөртүү үчүн аракет кылып жаткан мусулмандарга карата куугунтук башында кандай болсо, бүгүн да уланууда. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма “өзгөрүүлөргө” алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, мусулмандардын акы укугун өзүнүн милдети катары билген, Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы, үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган Исламий мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here