БУУ глобалдык азык-түлүк таңкыстыгынан эскертти
Учурда дүйнө жүзү боюнча 820 млн адам жетиштүү өлчөмдө тамактанбайт жана пандемия себептүү бул цифра өсүп барат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
Гутерриштин айтымында, дүйнө жүзү пандемия себептүү глобалдык азык-түлүк таңкыстыгына дуушар болду.
“Эгерде тездик менен чара көрүлбөсө, азык-түлүккө байланыштуу глобалдык өзгөчө кырдаал жүз бериши мүмкүн. Бул өзгөчө кырдаал жүз миллиондогон жаш балдар жана чоңдор үчүн узакка созулуучу акыбеттерге алып барышы мүмкүн”, – деген Гутерриш.
БУУнун башкы катчысы билдиргендей, учурда 820 млн адам жетиштүү көлөмдөгү азык-түлүккө ээ эмес жана бул цифра көбөйүшүнө шек-күмөн жок. “Азык-түлүк жеткирүү системаларыбыз зыян тартууда жана коронавирус пандемиясы абалды начарлатууда”, – деп айткан Гутерриш.
БУУ мамлекеттерге азык-түлүк тармагын эң маанилүү тармак деп белгилеп, бул тармакта иштеген адамдарды коргоону сунуштаган. О.э. азык-түлүк продукциялары үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздоо үчүн мамлекеттерге азык-түлүк продукцияларын өндүрүүнү, транспорт жана жергиликтүү базарларды колдоого алууну күчөтүү керектигин сунуштаган.
Мындан тышкары, БУУ калктын аялуу катмарын – жаш балдар, кошбойлуу аялдар жана карылар тамак-ашка муктаж болбостугу үчүн аларды социалдык колдоону кеңейтүү зарыл деп эсептейт.
Комментарий: Бүгүнкү күндө дүйнөдү жүз берип жаткан оор экономикалык абал үчүн капитализм жоопкер экендиги акыйкат. Себеби, миңдеген адамдар оор экономикалык шартта жашап, көпчүлүгү ачарчылыктан өлүп жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө ар бир секундда бирден адам ачкачылыктан өлөт. БУУ, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду капитализмдин негизги куралдары болуп, алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү начар экономикалык абалдан жоопкер. Алар аркылуу бир ууч адамдар дүйнө байлыктарынын негизги бөлүгүнө ээ болуп алып, калган адамдарды ачарчылык жана жакырчылык кысымына дуушар кылышууда. Капитализм дүйнө жүзүнө жакырчылык, оору, согуш жана ачарчылык алып келди. Капиталисттер материалдык пайда табуу максатында ушундай экономикалык кыйынчылык жана ачарчылыктарды жасалма түрдө пайда кылышат. Баарыбыз күбө болуп тургандай, коронавирус пандемиясы дүрбөлөңү артынан жетекчи мамлекеттер дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды карантинге алып, үйлөрүнө камап коюшу, тиричилик булагынан жасалма түрдө тосушу ансыз деле күнүмдүк оокатын күндө таап тирилик кылган, негизинен исламий өлкөлөрдүн жарандарын жана жакыр мамлекеттерди экономикалык кризиске кептеп койду. Эми болсо бардык иштердин башында тураган капиталисттер БУУ аркылуу тим эле ошол адамдардын тагдырына кайгырган болуп, аларды ачарчылык коркунучунан куткармакчы болушууда…
Дүйнөнү капиталисттер зулумунан куткаруунун бирден-бир жолу дүйнө жүзүндө адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүүчү, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө. Себеби, Ислам ар бир адамдын негизги муктаждыгын кандырууга кепил. Ислам дүйнө жүзүндө колдонулуп, дүйнөгө өкүмдарлык кылган убакта жакырчылыкка каршы күрөшүп, жакырчылыкты жойгон. Себеби, Ислам адамды иштөөгө, ырыскы табууга жана ага аракет кылууга үндөйт о.э. туугандарына тиешелүү нафаканы фарз кылган. Зекет жана садакалардан о.э. умумий жана мамлекеттик мүлктөн жакырлар үчүн нафака белгилеген.
Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам:
“Кошунасы ачка болуп туруп, ток абалда таң атырган киши мага ыйман келтирбептир”, -деген.
Абдурахман Адилов