“Чечме” булагынын үстүндө Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары ортосунда жаңжал чыкты

406
0

“Чечме” булагынын үстүндө Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары ортосунда жаңжал чыкты

“Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, 31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Кабарда келишинче, жаңжал Кадамжай районуна караштуу жердеги Чечме булагынын суусун талашуудан келип чыккан.

“Азаттыктын” өзбек кызматына сохтук тургундун кабарлашынча, тараптар бири-бирин ташбараңга алышкан.

Атын атагысы келбеген сохтук: “Сохтуктар булактан суу алабыз деп барганда жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптагылар сууну биз алабыз деп туруп алышкан. Жаңжал чыгып, таш атылган. Бир нече адам жаракат алды. 16 киши ооруканага түштү деп айтышты. Бул жолку жаңжал аябай катуу болду”, – деген

Комментарий: Эки өлкөнүн тең органдары бирер жаранын “мен коронавируска ишенбеймин” деген сөзү үчүн, же интернетте ушундай пост жайгаштырганы үчүн камака алып жатышат!

Анан кантип эле кыргыз,  тажик же өзбек  жарандары таш атышып, кээде мылтыктан ок чыгарып жаңжал баштаган провокаторлорду таба алышпайт! Негизи болуп жаткан иштен бардыгы кабардар. Калк эч качан өзүнөн-өзү – жетекчи күч болмоюнча – бири-бирине же залим акимдерге каршы көтөрүлбөйт. Ар дайым ар бир бийликке каршы чыккан митингде жетекчи-лидерлери кармалат. “Эл өзү көтөрүлдү” деген жомокко эч ким ишенбейт. Бирок, улутчулдукка чакырык болуп жатканда өкмөттөр – бир арзыбаган вирусту четке каккан адамга көңүл бургандай – олуттуу көңүл бурбай жатышат! Ар дайым “эки өлкөнүн жарандары бири-бири менен урушуп кетти” деген билдирүү беришет.

Балким улутчулдукка негизделген мындай провокациялар артында өздөрү турган болушу мүмкүн! Эки өлкөдө тең мыйзамдын күчү менен мындай кылмыштарды токтотуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде проблема – аталган мамлекеттердин бул ишке кайдыгерлигинде. Проблема – провокаторлар кандайдыр күчтөр тарабынан коргоого алынып, жазаланбай калышында! Бул болсо, кээ бир саясий күчтөр үчүн белгилүү бир абалдарда, белгилүү бир максаттар жолунда кырдаалдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн пайда кылат.

Саясий күчтөр бийлик үчүн бардык ыплас ыкмаларды ишке салуудан кайра тартышпайт!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here