Коронакризис менен Рамад жылы (каатчылык): капитализмдин ийгиликсиздиги жана Исламдын жарактуулугу
Бүгүн өнүккөн болобу, өнүкпөгөн болобу, капиталисттик илманий мамлекеттердин айыбы ачылы… алар саламаттыкты сактоо маселесинде өтө алсыз экендиги, экономикага көрсөткөн жардамдары ийгиликсиз экени ачыкталды. Исламий мамлекеттеги экономикалык саясатта Ислам эмнелерди талап кылганын үйрөнүп чыксак, мамлекет өз жарандарынын негизги муктаждыктарын камсыздоого кепил болоруна күбө болобуз. Мамлекет адамдардын кыла турган иш менен алектенбесе да, бирок адамдар кудуретсиз болушса алардын иши менен шексиз алектенет. Мисалы, бүгүнкү күндө коронавирус себептүү киргизилген карантин көпчүлүк адамдарды тиричилик кылып өздөрүн камсыздоосуна кудуретсиз кылды, бул учурда мамлекет бардык зарыл чараларды көрүп, алардын негизги муктаждыктарын толук камсыздайт. О.э. Ислам мамлекети жугуштуу оору пайда болгон убакта шарият өкүмдөрүнө ылайык саламаттыкты сактоо чараларын алып барып, ар бир адамдын медициналык кароодон өтүшүн жана дарыланышын өз мойнуна алат.
Исламий мамлекеттин бул саясаты – шарият өкүмдөрү бегилеген өзгөргүс саясат. Бул саясат бүгүн пикирий жана саясий сунуш болсо да, бирко, башыбыздан өткөрүп жаткан капитализм караңгылыгынан айырмалуу түрдө, тарыхта ал жаркыраган вакиълик болгон.
Умар ибн Хаттаб розияллаху анхунун заманында катуу каатчылык болду. Рамад жылы деп аталган ушул кургакчылыкта эгиндар жана өсүмдүктөр куурады. Ошондо Мадинадагы Умар розияллаху анхунун алдына айланадан адамдар келди. Алар мамлекте жооптуу деп билишкени үчүн келишти. Имам-халифа – башкаруучу, алар үчүн жоопкер, алар мамлекеттин перзенттери, алар мамлекет залим эмес деп эсептешкени үчүн келишти. Алар көпчүлүк болгон. Ар күнү Мадинада он миңдеген адамга тамак жасалып, мунун баарын Умар розияллаху анху кылдат көзөмөлдөп турган. Умар розияллаху анху вилаяттарды бул ишке сапарбар кылды жана ал жердеги валийлер бардык зарыл азык-түлүктү керегинче, керегинен да ашык жөнөтүп турушту. Акыры кризис жоюлду жана адамдар үйлөрүнө кайтып жатышканда колдорунда жетиштүү нерселерди алып кетишти. Булардын баары шарият өкүмдөрү талап кылган иштердин амалий колдонулушу болуп, бул адамдар кудуретсиз болуп калганда алардын муктаждыктарын камсыздоого да, экономикалык кризис убагында керектүү ресурстарды бөлүүгө да мамлекет жоопкер деген талап. Чума илдети жайылганда карантин киргизүү да – шарият өкүмдөрү талап кылгандай – эпидемиялык чаралардын бири болгон. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Ислам мамлекети (Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети) адамзаттын жыргал жашоосу үчүн зарыл о.э. шарият нусутарында көрсөтүлгөн шаръий вазыйпа.
Роя гезти, №280, 2020-жыл, 1-апрель.