Коронавирустун жайылышын алдын алуу – Ислам баалуулуктарында баса белгиленген шаръий жоопкерчилик

468
0

Басма сөз баянаты

Коронавирустун жайылышын алдын алуу – Ислам баалуулуктарында баса белгиленген шаръий жоопкерчилик

Коронавирус таралып, ал глобалдык пандемия деп айтылышы артынан Тунис өкмөтү вирустун таралышынын алдын алуу үчүн тезинен иш-чараларды көрө баштады. Өкмөт таалимди токтотту о.э. мечиттерди жаап, жамаат болуп намаз окууга тыюу салды… Бирок, өкмөт кафелерди, эс алуу бактарын жана ресторандарды аср убагына чейин ачык калтырды. Жүргүнчүлөргө тыгын транспорт каражаттары туурасында эч кандай чара көрбөй, адамдардын тагдырын коркунуч астына койду. Акыйкатта болсо, бул жаатта чара көрүү вирустун жайылышын алдын алуу каражаттарынан эң маанилүүсү болуп эсептелет.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын мүчөлөрү, өлкө калкына ушул калыс насаатыбызды жолдойбуз:

  1. Ушул вируска каршы күрөшүүнүн эң маанилүү ыкмасы – инфекцияны алдын алуу, бул жеке гигиена эрежелерин аткаруу, көп кармала турган жайларды дезинфекциялоо, колду жуубай туруп ооз, мурун, көздү кармабоо, кол берип учурашпоо, өппөө, жыйындардан алыс болуу, оорулууларга, оорунун симптомдору байкалган, жөтөлүп жаткан, дене табы көтөрүлгөн адамдарга жакындашпоо сыяктуу иштер аркылуу жүзөгө чыгат. Расулуллах ﷺ бул туурасында мындай деген:

«لاَ تُورِدُوا الْمُمْرِضَ عَلَى الْمُصِحِّ»

«Ооруну соого жакындаштырбагыла». (Бухарий риваяты).

«فِرَّ مِنَ الْمَجْذُومِ فِرَارَكَ مِنَ الْأَسَدِ»

«Пестен арстандан качкандай качкыла».

  • Үйдөн чыкпоо. Кимде-ким зарыл иш менен көчөгө чыкса, ал ооруну өзүнө жана үй-бүлөсүнө жугушун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек. Т.а. үй-бүлөсүнө аралашуудан мурда дезинфекция кылуу жана колду жууп тазалоо сыяктуу бардык зарыл көрсөтмөлөрдү аткарсын. Анткени, бул Расулуллах ﷺдын:

«لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ»

«Зыян көрбөгүлө жана бирөөгө да зыян жеткирбегиле», деген сөзүнө ылайык, киши өз үй-бүлөсүнө жоопкер.

  • Ушул ооруга чалдыккан киши шаръий жоопкерчилик деген этибарда карантинге баш ийиши шарт. Анткени, Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَا سَمِعْتُمْ بِالطَّاعُونِ بِأَرْضٍ فَلاَ تَدْخُلُوهَا، وَإِذَا وَقَعَ بِأَرْضٍ وَأَنْتُمْ بِهَا فَلاَ تَخْرُجُوا مِنْهَا»

«Бирер жерде чума тараганын уксаңар, ал жерге барбагыла, өзүңөр турган жерде чума тараса, ал жерден чыкпагыла». (Бухарий риваяты).

Аиша энебиз Расулуллах ﷺдан чума жөнүндө сурады. Расулуллах ﷺ минтип жооп берди:

«أَنَّهُ كَانَ عَذَابًا يَبْعَثُهُ اللَّهُ عَلَى مَنْ يَشَاءُ، فَجَعَلَهُ اللَّهُ رَحْمَةً لِلْمُؤْمِنِينَ، فَلَيْسَ مِنْ عَبْدٍ يَقَعُ الطَّاعُونُ، فَيَمْكُثُ فِي بَلَدِهِ صَابِرًا، يَعْلَمُ أَنَّهُ لَنْ يُصِيبَهُ إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَهُ، إِلَّا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِ الشَّهِيدِ»

«Ал азап, Аллах аны каалаганына жиберет жана аны момундарга рахмат кылат. Демек, кайсы пенденин өлкөсүндө чума тараса, ал «Аллах бешенеге жазган нерседен башка эч нерсе болбойт» деп өлкөсүнөн чыкпай сабыр кылып отурса, шексиз, бир шейит ала турган ажрга ээ болот». (Бухарий риваяты).

  • Ислам буйруган жогору баалуулуктардын баарына баш ийүү зарыл. Мисалы, ушул чумага каршы күрөшүү үчүн жардам сураганга жардам берүү, алсызды колдоо жана бул жаатта өлкөнүн бардык күчтөрү менен кызматташуу сыяктуу. Себеби, бул нерселер бардык адамдардын жоопкерчилигиндеги иштер болуп, ар бир киши өз ордуна карап аракет кылат.

Расул акрам ﷺ айтат:

«كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، فَالإِمَامُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى أَهْلِ بَيْتِ زَوْجِهَا وَوَلَدِهِ وَهِيَ مَسْؤُولَةٌ عَنْهُمْ، وَعَبْدُ الرَّجُلِ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْهُ، أَلاَ فَكُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өз кол астыңардагыларга жоопкерсиңер. Адамдарга баш болгон имам – жетекчи жана ал өз кол астындагыларга жоопкер. Эркек киши – өз үйүнө жана үй-бүлөсүнө жетекчи о.э. ал өз кол астындагыларга жоопкер. Аял – эринин үйүнө жана балдарына жетекчи о.э. ал аларга жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнунун малына жетекчи жана ал ага жоопкер. Билип койгула, ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өзүңөрдүн кол астыңардагыларга жоопкерсиңер».

  • Ислам Умматы мындай пандемияларга же эпидемияларга туш келгенде, Аллахка таваккул кылып, Аллахка байланып, себептерди карманып, Аллахка таянып, Аллахтан магфират сурап, Аллахтын казасына моюн сунууну талап кылган акыйдавий түшүнүктөрдү карманып аларга каршы күрөшкөн.

Бүгүн ушул эпидемияга туш келген адамзат чыныгы камкордук кылган, инсаний баалуулукту пайдадан үстөм койгон мамлекетке муктаж болуп турат. Шек-күмөнсүз, ал – Халифалык мамлекети, ал дүйнөгө нур жана рахмат алып келет о.э. ооруларга материалдык зыян, же пайда, же болбосо кызыкчылык үчүн атаандашуу деп эмес, инсаний проблема деп карап, адамдардын проблемаларын жайгаруу жана оорунун жайылышын алдын алуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайт.

Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here