ЖАЛАЛ-АБАДДА ДИНИЙ КИТЕПТЕРДИ ЖАНА ДИНИЙ БУЮМДАРДЫ САТУУЧУ ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

354
0

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабар бергендей, Кыргызстан президентинин дин иштерин тартипке салуу туурасындагы тапшырмасын ишке ашыруу максатында, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан диний адабият жана буюмдар менен соода кылып жаткан дүкөндөрдө текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалымат кызматынын билдиришинче, текшерүү маалында соода дүкөндөрүнүн мыйзамдуулугу, каттоодон өткөндүгү о.э. ал жерде сатылып жаткан адабий китептер менен буюмдардын абалы текшерилет.

Жогорудагы текшерүүлөрдү ишке ашыруу үчүн атайын комиссия түзүлүп, диний мазмундагы буюмдар тартипке келтирилет жана ошону менен бирге бүгүнкү күнгө чейин каттоодон өтпөгөн дүкөндөр катоого алынат, – деп кабарлады маалымат кызматы.

Туркистон:

2014-жыл, 3-февраль күнү болуп өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында президент Атамбаев: Чала молдо дин бузар дегендей, айрым мусулмандар Ислам дини менен Араб, Бангладеш, Пакистан маданиятын чалкештирип, элибиздин маданиятын бузуп жатат. Байыркы кыргыз элине чоочун маданият, үрп-адаттарды сунуштап жатышат. Көчөлөрүбүздө сакалдарын өстүрүп, чалбар кийгендер көбөйүп кетти”, – деген эле.

Президенттин ошол сөздөрүнөн кийин түштүк борбор болуп эсептелген Ош шаары, Ноокат району жана Кызыл-Кыя шаарларында мусулмандардын сакалына каршы расмий эмес күрөш башталып кеткен жана милиция кызматкерлерине мусулмандар акчасын тоноп алуу үчүн жаӊы шылтоо пайда болгон эле.

Эми болсо диний китеп жана буюмдар менен соода кылуучу дүкөндөргө кезек келген окшойт. Диний буюмдар менен соода кылуучу дүкөндөрдө эмне текшерилиши  мүмкүн? Табигый түрдө муслималар авраттарын жашыруусу үчүн керек болгон хижаб, жоолук жана башка нерселердин кайдан алып келингендиги жана бул нерселер “улуттук үрп-адаттарыбызга” канчалык туура келиши текшерилет. Эгерде бул соода орундары өкмөттүн максатына туура келбесе, “мыйзамдуу” эмес деген шылтоо менен жаап коюлат. Ушундай жол аркылуу расмий бийлик аялдардын хижабы жана жоолугуна каршы күрөштү баштоо үчүн биринчи кадамды таштап жаткан болушу мүмкүн.

Өзбекстан бийлиги динге же элге каршы бирер ишти кылмакчы болсо, алгач муну бирер областта сынап көрүп, эгерде эл тарабынан эч кандай каршылыкка же нааразылыкка учурабаса, кийинчерээк бул ишти бүтүндөй республика бойлоп кеӊири көлөмдө ишке ашырганы сыяктуу эле, Кыргызстан бийлиги да элдин реакциясын текшерип көрмөкчү болуп жаткан окшойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here