Кытайда жаңы коронавирустан өлгөндөрдүн саны 80 кишиге жетти

619
0

Кытайда жаңы коронавирустан өлгөндөрдүн саны 80 кишиге жетти

Кытайдын расмийлери жаңы коронавирус тез жайылып, вирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп бара жатканы жөнүндө билдиришүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда ооруну жуктуруп алгандардын саны 2300дөн ашып, 80 адам өлгөн.

Кытайдын саламаттыкты сактоо министри Ма Сяовэй 26-январда мамлекет “критикалык баскычка” кирип жатканын, себеби, “жаңы вирустун жайылуу мүмкүнчүлүгү күчөп жатканы” тууралуу билдирди.

Аталган вирусту жуктуруп алгандар башка мамлекеттерде да катталууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, аталган оорудан өлгөндөр Кытайда гана катталган. Бирок, Таиланд, Австралия, АКШ, Канада жана Францияда бул вирусту жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. АКШ, Франция жана Япония өз жарандарын Кытайдан эвакуациялоого даяр экендигин билдиришкен

Комментарий: Дүйнө жүзү күн өткөн сайын төмөндөп бардууда. Буга капиталисттик башкаруу системасынын негизи болгон материалдык кызыкчылык себеп болууда. Учурда ар бир тармак, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагы да,  жалаң гана материалдык кызыкчылык негизине курулган.

Адамдын саламаттыгы фармацептика тармагы үчүн негизги киреше булагы болуп калды. Дары-дармек жана медициналык жабдыктарды чыгаруучу компаниялардын өнүгүүсү же кризиси адамдар учурап жаткан жаңы же эски оорулардын көлөмүнө же түрүнө байланыштуу болуп калды. Ал компаниялардын кирешеси адамдардын оорусуна байланыштуу болуп калган. Бул болсо, адамзат үчүн аябай кооптуу абал болуп, капиталисттик башкаруу системасы ката негизге курулгандыгын далилдеп турат.

Кытайдагы “коронавирус” деген аталыш менен жайылып жаткан жаңы оору жөнүндө кабарланып жатканда, миллиарддан ашык калкы бар мамлекетте, болгону 80 гана адам өлгөнүн чуу көтөрүп жатышат. Негизи, дүйнөлүк фармацептика компанияларынын сапатсыз дары-дармектери себептүү миңдеген, балким миллиондогон адамдар каза болуп жатат, же болбосо, бир оорудан убактылуу кутулуп, башка жаңы ооруга дуушар болушууда. Себеби, бул компаниялар – адамдын саламаттыгын кепилдөөнү максат кылышкан эмес, тескерисинче, ооруларды киреше булагы кылып белгилеп алышкан.

 Фармацептика компанияларын өз өлкөсүнө киргизип жаткан мамлекет башчылар да өз жарандарынын саламаттыгын сактоодо материалдык кызыкчылыкты гана көздөшөт. Ушундан келип чыгып айтарыбыз, фармацептикалык компаниялар да, аларды башкарып жаткан капиталисттер да, биздин үстүбүздөгү мамлекет башчыларыбыз да жалаң гана материалдык кызыкчылык негизинде иш алып барышат.

Демек, ар бир мамлекет, ири дүйнөлүк компаниялардын кызыкчылыгы же жетекчи мамлекеттердин дүйнөлүк саясаттагы кызыкчылыгы жолунда адамдарды кырып жибере турган вирустарды таратып жибериши мүмкүн! Аларды Аллахтан коркуп, же адамгерчилик себептүү бирер жаман ишке ишке батынбайт деп айта албайбыз! Алар бири-биринен дүйнө талашып жатканда адамдарды курал же олжо катары пайдаланышат. Массалык кыргындар, теракттар, согуштар жана башкалардын бардыгы, эл аралык саясаттын ыплас башкаруу системасынын кесепетинен болууда! Кыскасы, проблема – башкаруу системасы туура эмес негизге курулгандыгында!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here