Ал-Ваъй тобу Фалестин университеттеринде «CEDAW» декларациясына каршы студенттердин аң-сезимин жогорулатуу кампаниясын алып барууда

400
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ал-Ваъй тобу Фалестин университеттеринде «CEDAW» декларациясына каршы студенттердин аң-сезимин жогорулатуу кампаниясын алып барууда

Ал-Ваъй тобу Куддус, Нажах, Халил жана Бир Зайт университеттеринде бир катар иш-чараларды өткөрдү. Фалестин режиминин «CEDAW» декларациясын колдонуусуна, нике куруу курагын 18 жашка жогорулатуусуна каршы Хизб-ут-Тахрир алып барган кампания алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар:
– Хизб-ут-Тахрир–Фалестин чыгарган «Фалестина режими аялдарды жана үй-бүлөлөрдү бузуу үчүн Ислам душмандарынын программаларын ишке ашырмакчы» деп аталган баракча таратты. Иш-чарада студенттер талкууларда, диалогдордо, режимдин мындай кылмышын жек көрүүлөрүн билдирүүдө өтө активдүү болушту.
– Нажах университетинде китептер көргөзмөсү өткөрүлдү. Бул иш-чара аялдар уюмуна жана «CEDAW» декларациясына арналды. Иш-чараны студенттер жакшы кабылдашты. Ал-Ваъй тобунун жаштары ушул декларация колдонулушу акыбетинде жүзөгө келе турган анын терс көрүнүштөрүн, мисалы, үй-бүлөлөрдүн бузулушу, жаш муундун чет мамлекеттер жана алардын жергиликтүү малайлары тарабынан саботаж кылынышы сыяктуу акыбеттерди ачыктап беришти.

Роя гезити, №260, 2019-жыл, 13-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here